Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Бакыт

Туулган жылы: 1986-жыл 3-январь

Кесиби: жок

Иштеген жери: айдоочу болуп иштейт

Жердиги: Баткен облусу Кадамжай району

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, урушчаак эмес, таарынчаак эмес, токтоо, сабырдуу, ден соолуктуу

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 20 28 12

– Башымдан бир нике өттү. Аялым менен үч жыл жашадым. Тилекке каршы, балалуу боло албадык. Ажырашуубузга негизинен аялымдын көп ооруй бергени себеп болду окшойт. Башка да шылтоолор болуп отуруп, айтор, эки айрылыш жолго түшүп тындык. Убакыт учуп жалгыз бой жашап жүргөнүмө алты жыл болуп кетти. Эми кайрадан турмуш куруп, бактымды сыноого бел байладым. Мага мүмкүн болсо биздин эле баткендик, алыс дегенде оштук кыз-келиндер чалыңыздар. Жашы 30 жаштан 35 жашка чейин болушу керек. Баласы болсо багууга каршы эмесмин. Тартынбай чала бериңиздер.

 

 

Ильфат

Туулган жылы: 1989-жыл 15-июнь

Кесиби: жок

Иштеген жери: сыр кылат

Жердиги: Казакстан Республикасы Талды-Коргон району

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, акылдуу, өз алдынча, максаттуу, билимдүү, кесипкөй

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0779 67 26 07

Мен татар улутунанмын. Боюм 175 см, салмагым 65 кг. Мага өз алдынчалуулукка жетишкен аялзаты керек. Таанышуудагы жалгыз максатым - туруктуу мамиле менен турмуш куруу. Өзүм тууралуу жеке таанышууда кенен маалымат берем.

 

 

Юрий

Туулган жылы: 1982-жыл 24-октябрь

Кесиби: маркшейдер

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Таш-Көмүр шаары

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, сыйчыл, ыймандуу, иштерман, тың, чечкиндүү, кеңешчи

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 43 56 24; 0773 83 82 03

– Мен турмуш куруу максатында көптөгөн кыздар менен таанышып көрдүм. Бирок көпчүлүгү эркектин материалдык абалына карап мамиле кылышат экен. Мен үчүн бул дайыма жагымсыз. Мага болсо андай эмес, тескерисинче, эч нерседен көз каранды эмес аял керек. Өзүнүн үй-жайы эле эмес, бизнеси болсо да жакшы болмок. Мен аны колдоп, акча кошуп ишин кеңейтүүгө чын дилден жардам бермекмин. Бир жактуу эркектин чөнтөгүн карап отурган үй-бүлө курууну каалабайм. Анан да көпчүлүгү күйөөсү башкарышы керек деп ойлошот. Мен үчүн ишти аялы башкарып кетсе да болот, таң калбайм. Ал турсун ушундай тың айымды жолуктурсам бактылуу болот элем. Мага кайсы жерден, кайсы улуттан болбосун ислам динин тутунган 25 жаштан 35 жашка чейинки айымдар байланышыңыздар. Баласы болсо багып алам, кааласа өз фамилиямды берүүгө да макулмун. Мен мусулманмын. Мага чалган сулуулар орус тилин канчалык жакшы билсе, ошончолук жакшы болот.

 

 

Чынар

Туулган жылы: 1989-жыл 12-июль

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен облусу Лейлек району

Кандай мырзалар жагат? Ыйманы бекем, чынчыл, туруктуу, мамилечил, иштерман, камкор

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0777 35 65 52

Башымдан бир турмуш өткөн. Жолдошум экөөбүз жашап кетүүгө аракет кылганыбыз менен ойлогондой бактылуу боло албадык. Эртеңки күндөрдөн үмүт кылып жүргөн кезимде, ал адам мени катуу таарынтып койду. Артымды карабай кетип калууга аргасыз болдум. Бир уулдун энесимин. Баламды таштап күйөөгө кетүү оюмда жок. Уулум ар дайым мени менен болот. Андыктан мага баламды өгөйлөбөй турган мээримдүү, кең пейил жолдош керек. 28 жаштан 32 жашка чейинки биздин облустун мырзалары чалыңыздар. Башымда бала турган соң бул жагдайды ар дайым туура түшүнөм, баласы болсо уулума бир тууган кылып багып алам.

 

Мырза

Туулган жылы: 1987-жыл 19-май

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Баткен облусу Баткен району

Кандай айымдар жагат? Жөнөкөй, акылдуу, токтоо, мээримдүү, камкор, тың, таза

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0772 40 00 40

Менин бир балам бар. Анын энеси менен эки жыл мурун ажырашып кеткем. Эркек бала атасынын колунда болушу керек деген жыйынтыкка келип, баламды колума алганыма эки ай болду. Эми ага жакшы апа издеп жатам. Баламды бооруна тартып карап алчу аялзатына гана үйлөнөм. Бирок ал аялдын баласы болушун каалабайм. Баланы атасы караш керек деген көз караштамын. Эми мага биздин жердин 20-25 жаштардагы келиндери чалыңыздар. Жеке таанышууда дагы кенен сүйлөшүп, эмне жагат, эмне жакпайт тактап алабыз.