Гүлбарчын: «Күйөөңөрдүн экинчи аял алуусуна эч качан жол бербегиле»

Экинчи аял – эч ким жактырбаган аял. Аялдын үстүнө келген аял үчүн көп нерсе түшүнүктүү, чыдоого мүмкүн абалда болсо керек. Ал эми күйөөсү өзүнөн башка аял менен катар жашарын билүү биринчи аял үчүн абдан оор. Койнунда жаткан жалгыз адамын башка менен бөлүшүү аялдын жашын соолутуп, жаштыгын курутат. Мунун турмуштагы мисалы бүгүнкү каарманыбыз Гүлбарчын болуп отурат. Анын сулуулугу, күлкүсү, кубанычы кызганычка тепселип калган.

 

«Ата-энем кудалап турмушка узатышты»

– Түштүк жергесинин кызымын. Кесиптик лицейде ашпозчулук кесип боюнча билим алгам. Окууну бүтүп бүтө элегимде ата-энем өзүлөрүнүн көңүлүнө туура келген адамдар менен кудалашып коюшуптур. 18 жашымда алардын ыраазычылыгы үчүн бейтааныш адамга турмушка чыгып кеттим. Ата-энемдин катуу тартибинде чоңойгон жаным сүйүшмөк турсун, балдар менен шаракташып ойноп-күлүп көргөн жан эмесмин. Күйөөм менден 5 жаш улуу эле. Никеден кийин аны жакындан таанып билдим. Көз ачып көргөн эркегим ушул болгон соң көңүлүмдү берип, бой салып сүйүп кеттим. Менин түшүнүгүмдө аял деген бала төрөп, тамак жасап, үйдү иреттүү кармап жашоосу керек эле. Мен анын баарын аткардым, катары менен үч бала төрөп бердим. Үстүбүздө үйүбүз, астыбызда ашыбыз болуп Кудайга шүгүр, жакшы жашоодо жашадык. Жолдошум үч баласы менен үйдө отурган мени эч нерседен кем кылбай багуу үчүн жанталашып иштечү.

 

«Күйөөм дагы аял алгысы келди»

– Эмнегедир күйөөм башынан эле: «Экинчи аял алсам кандай дейсиң?» - деп сурай берчү. Мен анын сөзүн дайыма тамаша катары кабыл алчумун. Ал мени кызгансын деп эле ушинте берет деп ойлочумун. Ошондуктан олуттуу кабыл албай: «Алсаң ала бер», - деп күлүп койчумун. Анан кээде эмнегедир аны кызганбасымды билсин деп да ошентчүмүн. Бир күнү күйөөм эски тааныш кызы турмушунан ажырашып кеткенин айтып келди. Ал кыз начар жерге туш болуп, күйөөсү кызыл камчы чыгып кордук көрүп, чыдабай калганда бир уулу менен ажырашып келиптир. Байкуштун төркүнү да жок экен. Күйөөм ага боору ооруп жардам бере баштады. Негизи үй-бүлөбүз менен соопчулук иштерди жасап, жардам берүүдөн качпайбыз. Күйөөм айтып берген анын аянычтуу тагдыры мени да ойлондуруп, боорум ооруду. Ошентип күндөр өтө берди. Мен үчүн катардагы бир күнү күйөөм күтүүсүздөн: «Мен аны экинчи аял кылып алсам кандай дейсиңер, соопко калайын», - деген оюн ортого койду. Кайнатамдар: «Аялың макул болсо, биз каршы эмеспиз», - дешти.

 

«Күндөш күтүүгө аргасыз болдум»

– Менде башында кызганыч деле болгон эмес дебедимби, ошондуктан күйөөмдүн бул сунушун оор деле кабыл алган жокмун. Башынан тигил кызды аяп карап алгангабы анын тагдырын эле ойлоп жаттым акылсыз жаным. Андыктан каршы болбой макулдугумду бердим. Бирок мен макулдугумду бербесем деле күйөөм кааласа дагы аял алууга укуктуу да. Мени сыйлап гана уруксат сурап койгонун билип турдум. Эх, ошол кезде терең ойлонбоптурмун. Менин бир ооз каршы кеп айтпай макул болгонум кийин өз азабыма айланарын билсем кана. Күйөөм мага аябай ыраазычылыгын айтып, тойду эрте эле белгилей салды. Анан барып куда түшүп, тигини баласы менен кайнатамдардын алдына алып келди. Мен кайнилеримдин бири аял алып келгендей эле жакшы тосуп алып, оокатымды кылып жүрдүм. Ал турсун кайненемдер ага жолукту мага салдырышты. Жүзү жарык, ыймандуу аял экен. Бир ойлогонум ушул болду.

 

«Кызганычтын кыйноосу эми башталды»

– Элге той берип, той таркагандан кийин үч баламды алып үйгө келдим. Кызыктын баары ошондо башталды. Ар бир аялда кызганыч деген сезим болот экен. Андан арылуу мүмкүн эместей. Үйгө келип гана күйөөмдүн экинчи аялы менен калганын анык түшүндүм окшойт. Жүрөгүм кысылып, жаным жай таппай тынчым кете баштады. Заматта ачуулануудан башым чыңалып, калчылдап чыктым. Ыйладым. Бирок эми баары кеч эле. Ошол күндөн баштап күйөөм эки күн ал аялында болсо, эки күн менин үйүмдө болот. Ал кеткен күндөн баштап «тиги аялынын үйүндө эмне кылып жатты экен, ага кандай сүйлөп, кандай мамиле кылат? Мени эркелеткендей эркелетип, мага айткан сөздөрүн ага да айтабы? Күйөөм кимибизди көбүрөөк жакшы көрөт?» деген ойлор менен алышып баштайм. Анан баягы абал кайталана берет, кайталана берет. Көзүмдүн жашын тыя албай ыйлайм. Күйөөм жок күндөрү үйдүн ичи суз тартып тунжурап калат. Төшөккө балдарым менен жатсам да, үшүп уктай албай кыйналып чыгам. Күйөөм экинчи аялында болгон эки күн мен үчүн эки кылымдай өтөт. Балдарымды уктатып коюп, түнү менен ыйлап чыгам.

 

«Бактысыз тагдырыма баш ийип калдым»

– Күйөөм келгенде эч нерсе болбогондой, баары жайында деген түр көрсөтөм. Анткени ал мен таарынып капа болгондой деле эч нерсе кылбайт. Дайыма экөөбүзгө тең карап, бирдей мамиле кылат. Менин жашым 25те, тигил аялы 27де. Бирок күйөөм көп нерсени менден сурап, мени менен кеңешип турат. Конокко барганда да көбүнчө мени алып барат. Мен байбичесимин да, ошондуктан сыйласа керек деп кубанып калам. Экинчи аялы менен мамилем абдан жакшы, кайындарымдыкына барганда абысындай сүйлөшүп, тең жарышып иш кылып, бири-бирибизге сый мамиледебиз. Сырттан караган адамдарга баары жакшыдай көрүнөр, алар менин бактысыз тагдырыма аргасыздан гана баш ийип, араң жан жашап жүргөнүмдү кайдан билишсин.

 

«Мендеги ооруну эч кимге каалабайм»

– Акыркы күндөрү аябай арыктап, сөөгүм эле калды. Кайсы бир жерим деле тынчымды алып оорубайт. Бирок кебетем оорукчан адамдыкынан жаман болуп баратат. Билем, бул кызганыч деген оорунунун жыйынтыгы. Жакындарым: “Эмнең ооруп жатат?” - деп тынчсызданышат. Унчукпай кутулам. Кызганычтын оорусу экенин алар түшүнүшпөсө деле керек. Айрымдар: «Күйөөңө экинчи аялы кызык болупсени таштап кетет», - дешет. Жок, мен ишенем, күйөөм мени эч качан таштабайт, менин да аны менен ажырашып кетейин деген оюм жок. Бир гана кызганычтын азабын тартканым болбосо, менде башкасынын баары жакшы. Бул кызганыч деген оорудан качан, кантип кутулам билбейм. Эми күйөөм эч качан жалгыз гана меники болбосун эстегенде жарага туз сепкендей ичим ачышат. Күйөөсү күн сайын койнунда жатып, маңдайында олтурган аял – бул эң бактылуу аял деп билем. Күйөөсү экинчи аял алган адам болсо мага окшоп өмүр бою арманда жашап калат экен. А мен меникиндей азаптуу ооруну эч кимге каалабайт элем. Азыркы мен көрүп жаткан күндү, сезип жаткан кыйынчылыкты эч бир аял сезбесин, билбесин. Күйөөңөрдүн экинчи аял алуусуна эч качан жол бербегиле, айымдар. Жашоодо мындан өткөн кордук жок экен.

 

Динара ЧОКОЕВА