Үй-бүлөлүк чыр-чатактын да өз эрежелери болот

1. – Урушка ылайыктуу убакытты жана жайды тандап алыңыз. Эч качан балдардын, тууган-уруктун, башка адамдардын көзүнчө урушпаңыздар. Бир гана экөөңүздөргө тиешелүү маселелерди башкалардын билишинин кажети жок.

– Жатар алдында урушуу сунушталбайт. Бул нерсе уйкунун бузулушуна, толук кандуу эмес эс алууга алып келет.

– Көпчүлүк учурда уруш кечки убакта чыгат. Анткени бул учурда түгөйлөрдүн экөө тең чарчап, күнү бою жыйналган чыңалуудан улам сиркелери суу көтөрбөй турган маал болот. Мындай учурда “кечки акылдан таңкы акыл” деп чыр-чатакты эртеңкиге калтырууга аракет кылыңыз. А эртең менен ал маселе актуалдуулугун жоготуп, урушууга негиз жок болуп калат.

– Эгер түгөйүңүздүн туулган күнү же кандайдыр бир кубанычтуу күн болсо, мүмкүн болушунча уруштан алыс болуңуз. Анткени мындай учурда адам карама-каршылыкты эки эсе курч кабыл алат.

2. Канчалык күнөөлүү болгон күндө да түгөйүңүздү сыйлаңыз. Таарыныч, кызганыч, жек көрүү сизди муунтуп турган мүнөттө да бир нече убакыт мурун эле ал сиздин эң сүйүктүү, эң кымбат адамыңыз болгонун эсиңизден чыгарбаңыз.

3. Эч качан жеңишке жетишүүгө аракет кылбаңыз. Уруш учурунда кимдики туура, ким күнөөлүү экендигин эмес, түшүнбөстүк эмнеден келип чыккандыгын талкуулаңыздар.

4. Урушуп жатканыңыздарда түгөйүңүздүн жаман экендиги жөнүндө эмес, ошол учурдагы өзүңүздүн сезимиңиз жөнүндө айтыңыз. Мисалы, “сен калпычысың, акмаксың” эмес, “сен менден болгон ишти жашырганың үчүн мен өзүмдү ашыкча сезип турам”.

5. Өткөн таарынычтарды эч качан козгобоңуздар. “Билесиңби, сен он жыл мурун мени минткенсиң” деген сыяктуу сөздөр таптакыр ашыкча. Өткөн нерсени кайра калыбына келтирүүгө болбойт, ал эми учурда болуп жаткан көрүнүштү туура багытка буруу боло турган нерсе.

6. Yйдөн чыгып кетүүдөн качыңыз. Эшикти тарс жаап чыгып кетүү менен карама-каршылыктан кутула албайсыз, тескерисинче, баарын татаалдаштырып аласыз.

7. Унчукпай коюуга болбойт. Бул эң бир кыжырды келтирүүчү нерсе. Унчукпай коюу менен маселени чече албайсыз, тескерисинче, анын чечилишин кечеңдетесиз. Суткалап сүйлөбөй коюуңуз менен сиздин майда-чүйдө кемчилигиңизге чейин эстеп алганга түгөйүңүзгө шарт түзүп бересиз.

 

Айназик РАИМКУЛОВА