«Аlan» фотомозаика студиясынын директору Ляззат: «Унаабызды сатып, студия ачканбыз»

Учурда көпчүлүк жаштар арасында сүрөттөрдөн куралган мозаика белекке берүү салтка айланып бараткандай. Аны ким, кантип жасайт деген кызыгуу сизде да жаралбай койбосо керек. Дал ушул кооздукту тартуулаган фотомозаика студиясынын директору Ляззатты суроолоруңуздарга жооп алып берүү максатында кепке тарттык.

– Ляззат, алгач студиянын жаралуу тарыхына кайрылсак?

– Фотомозаика менен иштөө идеясы жолдошум Азатка таандык. Ал интернет булактарынан фотомозаиканы көрүп кызыгып калыптыр, дароо эле мага көрсөттү. Экөөбүзгө тең жаккандыктан, алгач өзүбүздүн мозаикабызды жасап көрүүнү туура көрдүк. Аны көргөн жакындарыбыз жаккандыгын айтышып, аларга да белек катары жасап бердик. Алардан: «Оригиналдуу белек болуптур, үйгө коюп койсо үйдүн көркүн ачкыдай», - деген жылуу пикирлерди уктук. Анан жолдошум экөөбүз кеңешип, анын айдап жүргөн унаасын саттык да, ижарага бөлмө алып студия ачып алдык. 21-апрелде студия эки жашка толот. Бул студия бизге акжолтой болсун деген ниет менен аталышын тун балабыз Аландын атынан койдук.

– Эң биринчи кардарыңыздар эсиңиздеби?

– Албетте. Студия ачылып, жолдошум экөөбүз кардар жок бири-бирибизди карап отурганда бир кыз келген. Ал биздин эң биринчи кардарыбыз, буйрутмабыз болуп, өзүнчө толкундануу менен бир күндө жасаганбыз. Эртеси кардарга жакканын көрүп кубанып, бул биздин андан аркы өнүгүүбүзгө чоң стимул болгон. Студиябыздын бир жылдыгында ошол биринчи кардарыбызды таап, анын фотомозаикасын жасап белекке бергенбиз. Азыр Кудайга шүгүр, буйрутма бергендердин саны көп. Ош шаарында суроо-талап көп болгондуктан, ал жакка да филиалыбызды ачтык.

– Фотомозаиканы бир эле күндө жасоого болобу? Жасалуу процессине токтоло кетсеңиз?

– Негизи эки күндүк убакыт кетет. Эгерде шашылыш буйрутма болсо, түнгө чейин калып бүтүрүп беребиз. Бирок кардар 2-3 күн мурда буйрутма берсе, бизге жакшы болот эле. Себеби бул жеке буйрутма болгондуктан, ар бирине өзүнчө сүйүү, чыгармачылык талап кылынып, бири экинчисине окшошпойт. Жасалуу процессине кайрыла турган болсок, сүрөт чогултуп, алардын бардыгын фотомонтаждан өткөрүп, кайра иштеп чыгабыз. Анын ичинен эң сапаттуусун башкы сүрөт катары тандап алабыз. Кээ бир кардарлар сүрөттөрдү чоңураак кылуубузду суранышат. Бирок майда сүрөттөр мозаикаңыздын көркүн ачат демекчимин. Андан соң басып чыгарууга жиберилет. Көп убакытка чейин сакталуусу үчүн кездемеге чыгарылат. Чыккан фотомозаиканы таякчалардын жардамы менен тарттырып, рамкага салып беребиз. Андан сырткары жасалууда дизайнерлердин өзүнчө купуялуулугу дагы бар.

– Баасы да аткарган жумушуна жараша болуш керек?

– Биздин кардарыбыздын көбүн жаштар, анын арасында студенттер түзгөндүктөн, баасын алардын чөнтөгүнө жараша кылдык. Мисалы, стандарттуу болуп эсептелинген 50х70 өлчөмүндөгү фотомозаиканын баасы 1900 сом. Чоңойгон сайын баасы ошого жараша кымбаттап кете берет.

– Бир фотомозаикага канча сүрөт камтылат?

– 100дөн 150гө чейин. Ал эми чоң өлчөмдөгүсүнө 300гө жакын. Жогоруда айтып өткөндөй, сүрөт канчалык көп болсо, мозаика ошончолук көрктүү болот. Эгерде сизде окшош сүрөттөр болуп калса, кыжалат болбой эле койсо болот. Себеби дизайнер сүрөттөрдү керектүү орундарга коюп, өңүнө чыгара алат.

– Командаңызда канча адам эмгектенет?

– Биздин команданы төрт адам, башкача айтканда, жалаң бир туугандардан түзүлгөн топ түзөт. Алардын бул жаатта билими, тажрыйбасы бар. “Бир баш жакшы, эки баш андан дагы жакшы” дегендей, алар да өз ойлорун, идеяларын айтып олтуруп фотомозаика түзүүгө чоң салым кошушат.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы