Замандын кирешелүү кесиптери

Мурда мектепти аяктаган кыздар сот, адвокат, экономисттик кесипке ээ болом деп кыялданышса, азыр мезгилдин талабына ылайык сулуулук жаатындагы кесиптерге суроо-талап жогору экен. Анткени ал кирешелүү да кесип болуп саналат. Муну кесипкөй кыздар өздөрү тастыкташат.

 

Айнура Өмүралиева, чач боюнча стилист: «Адамда шык болбосо, канча окуганы менен пайда чыкпайт»

Иш тажрыйбасы: 12 жыл

Иштеген жери: @mamastylist_ студиясынын жетекчиси

Бир айда тапкан кирешеси: 2 - 2,5 миң доллар

– Ата-энем программисттик кесипке окутушкан. Өзүм чач жасалгалоого абдан кызыккандыгымдан окуу менен катар өзүм эле чач кыркуу, жасалгалоо боюнча курска барып үйрөнүп алдым. Окугандан кийин андан бетер талантым ачыла берди. Улам билимимди тереңдетип, Алматыга чейин ар кандай семинарларга барып олтуруп чач боюнча стилист болуп чыга келдим. Азыр деле чет жерден келген стилисттердин, чач тарачтардын семинарларына барып турам. Башында чач тарачта иштеп баштаган болсом, кийин салондордо, учурда өзүмдүн студиямда иштейм. Өзүм кыздарды окутуп, команда топтоп алгам. Бул жумушту өздөштүрүү үчүн окуу эле эмес, адамдын шыгы болушу керек. Канча кыздарды окутуп жүрөм, адамда шык болбосо пайда чыкпайт. Ал эми шыктуулары бат эле өздөштүрүп, дароо эле жумуштарды таап алып жатышат. Эгерде чач кыркуу, жасалгалоо, боёо - баарын үйрөтсөм, үч жарым ай окуу үчүн 350 доллар алам. Бул жумуштун кыйынчылыгы - эртеден кечке туруп иштейсиң, бутуң варикоз оорусуна чалдыгат. Ар кандай кардарлар бар, алардын чачын боёгондо жакса экен деп сарсанаа болосуң. Ал эми ыраазы болуп кеткендерди көрүп ырахаттануу менен иштейм. Чач боёо көп убакытты алат, ал эми кыркуу, жасалгалоо боюнча рекордум – бир күндө 22 киши кабыл алгам. Азыр балдарыма көп көңүл буруп, жумушка шашпай барып 5-6 кардарды тейлеп келем. Менин кардарларым бири- биринен угуп келишет. Канча жылдан бери мен кайда болсом, ошол жакка издеп келген ишенимдүү кардарларым бар. Андан сырткары Инстаграм аркылуу келип жатышат.

 

 

Эльвира Бейшеналиева: маникюр боюнча чебер: «Кызым чоңойсо, өзүм студия ачсам деген кыялым бар»

Иш тажрыйбасы: 3 жыл

Иштеген жери: үйү

Бир айда тапкан кирешеси: 30-35 миң сом

– Мага окуучулук кезимден эле тырмак жасалгалаган абдан жакчу. Интернеттен көрүп үйрөнүп алып эле өзүмдүн, апамдын, курбуларымдын тырмактарын жасап берчүмүн. Мектепти аяктаганымдан кийин ата-энем Бишкек финансы-экономикалык техникумунан, кийин Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан билим алдырышты. Бухгалтердик кесипке ээ болгонум менен, ал өзүмө такыр жаккан жок. Бир жолу салонго тырмагымды жасатканы барып калып, кардарлар көп экенин байкап калдым. Анан эмерек саткан салонго ишке кирип айлыгымды чогултуп, маникюр жасоону тереңинен үйрөнүү үчүн Замира Молдошеванын окуу борборунан билим алдым. Эки айда окуумду бүтүрүп «Люкс» сулуулук салонуна ишке кирдим. Бир жыл иштеген соң турмушка чыккам. Учурда кичине кызым бар болгондуктан үйдөн эле иштейм. Эми кызым чоңойсо, өзүм студия ачсам деген кыялым бар. Мага кардарлар Инстаграм баракчасы аркылуу жана бири-биринен көрүп келишет. Күнүнө 5 кишиге чейин кабыл алам. Менин да кыздарды окутсам деген оюм бар, студия ачсам ишке ашырам го.

 

 

Раушана Алмазова, лэшмейкер: «Кирпик улаган адамдын нерви бекем болушу керек»

Иш тажрыйбасы: 2 жыл

Иштеген жери: @madison_lab сулуулук салонунун мастери

Бир айда тапкан кирешеси: 35 миңдин тегереги

– Башында маникюр боюнча билим алгам. Ата-энем Орусияда болчу, мен да ал жакка барып бир салондо иштеп жүрүп, ал салондун жардамы менен кирпик чаптоо боюнча курска окудум. Эл аралык чебер деген диплом алып, ошондон баштап кыздарга кирпик улай баштадым. Кирпик улаган адамдын нерви бекем болушу керек. Ар бир кирпикке бирден улангандыктан сабырдуулук, чыдамдуулук талап кылынат. Күндүн экинчи жарымында кадимкидей далың уюп, нерв чыдабай, колдоруң калтырай баштайт. Көзгө абдан эле зыяндуу. Мен учурда күнүнө 5ке чейин кардар тейлейм. Кирпик улатууну каалаган кыздар абдан көп болгондуктан, лэшмейкер үчүн кардар арбын. Лэшмейкер жумуш издегенде анын диплому же сертификатына көңүл бурулбайт. Анын ордуна жасаган эмгектерине, бир адамдын кирпигин канча убакытта улап бүткөнүнө карайт. Негизи үч саатка чейин улап бүтүш керек, бүгүнкү күндө мен 1 жарым саатта улайм. Учурда өзүм студентмин, экономика жаатында билим алам. Окууга барып эркин иш тартибинде иштеп, айына ушунча акча табам. Тынбай иштесем мындан да эки эсе тапмак болсом керек. Кээде каалаган кыздарды окутуп коём, бир ай окуйт 10 миң сом төлөйт.

 

 

Ырыс Бекжанова, татуаж жасоо боюнча адис: «Татуажга суроо-талап дайым жогору»

Иш тажрыйбасы: 8 жыл

Иштеген жери: «Миледи» сулуулук салонунун мастери

Бир айда тапкан кирешеси: 80-100 миң сом

– Мен да элден калбай Юридикалык академияга тапшырып, аталган кесип боюнча билим алып эки ай иштедим. Өзүм сулуулук жаатына кызыкчумун. Мектептен эле кыздардын кашын терип, чачтарын жасап колум эптүү болчу. Он эки жыл мурун жаңыдан татуаж жасалып баштаган учурда Алматыга барып кашыма татуаж жасаткам. Мага кашым эле эмес, ал жумуш да жагып, ошол эле өзүмдүн кашымды жасаган адамдын колунан окудум. Мен кашты туура чийип бат эле өздөштүрүп кеткендигимден 1 ай гана окуу жетиштүү болду. Ошондон бери иштеп келе жатам. Атам башында: «Ар кимдин кашы-башын кармалабай, өз кесибиң менен иште», - деп каршы болгон, бара-бара унчукпай калды. Учурда өзүмдүн студиямды ачып алгам. Өзүмдү эч кандай жарнама кылбайм, кардарлар бири-биринен угуп эле келе беришет. Бир учурда мен да Инстраграмдан баракча ачкам. Бирок эмгектеримдин сүрөтүн ар ким көчүрүп алып, өзүнүкү кылып көрсөтө беришкендиктен баарын өчүрүп салгам. Учурда кашка, оозго, көзгө татуаж жасайм. Мыкты жасаш үчүн боёкторду, аппараттарды да ошончолук көп акча коротуп алып туруу керек. Жакында жаңы аппарат сатып алдым, баасы 600 долларды чапчыды. Мурдагы аппараттар канды ичине жутуп алгандыктан, кардарлардын бири-бирине ар кандай оорунун жугуп калуу коркунучу бар эле. Бул аппарат канды сыртка чыгарып тазалап тургандыктан коркунучу жок. Татуажга кайсы учур болбосун суроо-талап абдан көп. Бирок бул жумуш көздү алат, жумуштан кийин көзүм тунарып чыгат. Ошондой эле бир жерде олтуруп иштегендиктен ашыкча салмакты пайда кылат. Күнүнө 5-6 кардарга чейин кабыл алам. Кыздарды окутуп да сертификат берем. Эгерде каш, көз, ооз - үчөөнү тең окуй турган болсо 25 миң сом, кашты эле окуса 15 миң сом болот.

 

 

Кундуз Маматова, визажист: «Кирешелүү жумушубуздун ошого жараша түйшүгү бар»

Иш тажрыйбасы: 3 жыл

Иштеген жери: @kunduz¬_makeup студиясынын жетекчиси

Бир айда тапкан кирешеси: миң доллардан өйдө

– Өзүм Политехникалык институттан инженер - конструктордук кесипке ээ болгом. Окуумду аяктап, кафедрада калып бир жыл иштедим. Андан кийин турмушка чыгып, катар-катар балалуу болуп үйдө олтурдум. Өзүмдүн кесибим боюнча иштеген учурумда айлык акы абдан эле аз эле. Анан да ээ болгон кесибим мени өзүнө тарта алган жок. Андыктан кийин өзүмдү башка чөйрөдөн издегим келди. Бала кезимден кийим тигүүгө кызыккан жаным дизайнер болгум келип Замира Молдошеванын окуу борборуна бардым. Ал жерден дизайнерликке эмес, визажисттикке кызыгып окуп кеттим. Кайненем да чач тарач болгондуктан “мүмкүн чогуу иштеп кетебизби?” деген да ой келди. Ал жерде үч ай билим алдым. Эң акыркы экзамен болгондо Замира Молдошева мени жактырып «Люкс» сулуулук салонуна алып кетти. Менин талантымдын ачылышына эже чоң салым кошту десем болот. «Люкс» салонунда бир жыл иштеп, андан соң өз алдымча кеттим. Учурда студия ачып алгам. Эгерде мастердин иши мыкты болсо, ишти каалаган жерден таба алат. Аны кардарлар өзү эле издеп келе беришет экен. Мага Инстаграм баракчасы аркылуу келишет. Кардарлар Кудайга шүгүр арбын, күн сайын эс алуусуз иштейм. Мыкты макияж үчүн мыкты фирмалардын косметикалары керектелет, алар кымбат турат. Баарын жаңылоо үчүн 30 миң сомдой коротом да, андан кийин түгөнгөндөрүн алып толуктап турам. Биздин жумуш кирешелүү болгону менен ошого жараша түйшүгү бар. Үйлөнүү тою боло турган селкилерди таң атпай боёнтуш керек болгондо 5-6ларда туруп келем. Кечке тикеден тик туруп, бир жакка кыйшыйып алып иштейсиң. Андыктан белиң, бөйрөк, бутуң ооруп калат. Кежир кардарлар болуп калат, аларга өзү каалагандай жасап берүүгө туура келет. Айтор, кечинде буттарым шишип, абдан чарчап үйгө кайтам. Биздин жумуш тойлордун сезону болгон күз мезгили, Жаңы жылдын алдында, жазгы майрамдарда абдан жакшы болот.

 

Динара ЧОКОЕВА