Кыргыз Эл акыны Нинакан ЖҮНДҮБАЕВАнын кызы Алымкан МАНСУРОВА: “Ата-энебиз бизди балдар үйүндөгү тартип менен тарбиялашты”

Быйыл кыргыз Эл акыны Нинакан Жүндүбаеванын туулгандыгына 100 жыл толуп олтурат. Ал 1917-жылы күз айында Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Үкөк айлында туулган. Таланттуу акындын 19 китеби жарык көрүп, көптөгөн ырларына обондор чыккан. Азыркы күнгө чейин элдин сүймөнчүгүнө айланган көптөгөн ырлар: Канымгүл Досмамбетова обон чыгарган “Кызыл өрүк”, Каныкей Эралиева ырдаган “Атама ант”, Эрмек Мойдуновдун аткаруусундагы “Эсте энелер” аттуу ырлардын сөзү Нинакан Жүндүбаеванын калемине таандык. Анда сөз акындын жеке тагдыры жөнүндө болмокчу. Биз эженин мекен алдындагы таза эмгегине таазим этүү менен өмүр жолун, чыгармачылыгын кызы Алымкан эженин айтуусунда учкай эскердик...

– Алымкан эже, кепти башынан баштайлы. Акын эжебиздин ата-энеси кандай адамдар болгон?

– Апамдын өз атасынын аты Жаныбек болуптур. Бирок атасы өмүрдөн эрте кетип, ал энесинин курсагында калат. Анан ай-күнү жетип төрөлгөндө өзгөчө төрөлүптүр, апам тону менен түшүптүр. Жаныбектин бир тууган агасынын аялы Акылай апа күмүш шакеги менен тонду жарып кызыл эт кызды колуна алып, абысынына берсе ал албай: “Мен бул кызды бакпайм, бул кара жолтой кыз, атасын жутуп алды”, - деп жээриптир. Ал ушунчалык кичинекей төрөлгөндүктөн Акылай апа тебетейге салып бир ай багыптыр. А таенем болсо төркүнүнө кетип калыптыр... Ошентип апам ымыркай кезинде эле тагдырдын таш боордугуна кабылып, атасынын бир тууган иниси Жүндүбайга кыз болуп калат. Алардын балдары токтобой, баласыз болушат. Эч нерседен капарсыз Жүндүбайды “ата”, анын аялы Алымды “апа” деп чоңоёт экен. Ал мезгилде Улуу Октябрь революциясы жеңип, советтик бийлик өз дооронун баштап аткан мезгил да. Апам ошол тарыхый учур менен тагдырлаш болуп атпайбы!

– Демек, ошол тарыхый мезгил апанын да тагдырына таасирин тийгизди да?

– Албетте. Апам жети жашка чыкканда Аалы Кулубеков элди кыдырып мектеп жашындагы балдарды каттап, “балдарды окуткула, сабатсыздыкты жойгула” деген чакырыктар менен жергиликтүү калкка үгүт иштерин жүргүзө баштайт. Баягы үгүтчүлөр Жүндүбайдыкына келатышканда Алым апа короодо ойноп аткан кызын үйгө киргизип, жуурканга ороп: “Сен үн чыгарбай, кыймылдабай жатып тур”, -деп жүккө жыйып коюптур. Аңгыча үгүтчүлөр кирип келишет: “Жеңе, кызыңызды окуталы, кат-сабаты жоюлсун, мына башка заман келди”, -дешет. Алардын сүйлөгөнүн угуп жаткан апам аябай мектепке баргысы келиптир. “Кызыңыз кайда?”- деп сурашат. Алым апа: “Ай, ал кызды өзүнүн энеси алып кеткен”, -деп жооп бериптир. “Кандайча өз энем? Ал ким? А апам меники эмеспи?” деген суроолор кичинекей кыздын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салып, бактылуу балалыгы заматта башка нукка бурулат да, атайын эле жөтөлүп, кыймылдап жиберет. Анан Аалы агай: “Ой, жеңе, кыз биякта турбайбы? Бул кылганыңыз уят”, -деп Алым апаны уяткарышат экен. Жүндүбай ата өзү тамыр кармаган молдо болгондуктан, анын да түшүнүгү башкача болгон да. Дегеле эл ошол мезгилде караңгы эмес беле. Анан Аалы агай эч нерсеге карабай, апамды мектепке киргизет. Ошентип апам окуп калат. Кочкордо бир аз окуган соң аны өзүнүн каалоосу менен Нарын шаарындагы балдар үйүнө жиберишет. Ал жактан 7-классты бүтөт. Ошол балдар үйү апамды тарбиялап чыгарат. Жүндүбай ата менен Алым апа кызын издеп барбай коюшат. Апам каникулдарда мектептин директору Мария Кондратьеванын үйүндө калчу экен. Анын балдары менен ойноп, чогуу тамактанып, чогуу уктап, айтор, директор апамды өз баласындай көрчү экен. Карасаң, адамдын тагдыры кандай кызык. Апамдын азан чакырылып коюлган аты Минакан экен. Анан Мариянын балдары: “Эй, мина деген сөз жаман, мина жарылса адамдар өлөт, кел сенин атыңды Нинакан деп атайбыз”,-дешип, апамдын аты Нинакан болуп калыптыр. 7-классты бүткөндө мугалимдердин курсун окуйт, ал мектепти да, мугалимдер курсун да эң жакшы баалар менен аяктайт. Коммунисттик идеяларга сугарылып чоңоёт. Ошентип бир кездеги тырнактай кыз мугалим болуп туулган жерине кайтат. Атасы менен апасына келет.

– Алар кандай кабыл алышат?

– Чынында мен ошол учурду билбейм, себеби апам бизге айткан эмес. Бирок жүрөгүндө бир чоң арманы катылып жатчу. Ушунчалык көтөрүмдүү, ушунчалык сабырдуу болчу. Балким, аны тагдыры ушундай кылгандыр... Же балким, бизди таята-таенебизди жаман көрүп калышпасын дегендир. Дегеле мен апамдын атасы Жүндүбай эмес, Жаныбек экенин апам каза болордо билдим. Өзү айтып берди. Аны да айтпай ичинде кетмектир, ал аргасыздан айтып берди. .. Ошондо мен апамдын тагдырын угуп аябай ыйлагам.

– Атаңыз менен кантип таанышкан экен?

– Атам Мансур дагы жетим болуп, балдар үйүндө чоңоёт. Мектепте кыйын окуйт. Алар жаштайынан партияга кызмат кылышты, үзөңгүлөш жүрүп үйлөнүшөт. 4 баланы багып чоңойтушту. Биз баарыбыз билимдүү болдук. “Билим-силердин байлыгыңар”, -дешчү. Экөө тең айлык алган сайын бирден китеп сатып келишчү. Үйүбүздө аябай көп китептер тизилип турчу. Ар бирибизге атам китеп окутчу, биз ар бирибиз 20 барактан окуп кайра айтып берчүбүз. “Эмне ойлосоңор, оюңарды ачык айткыла ,айталбай ичиңерде калып арманга айланбасын”, - деп турушар эле. Айтор, бизди балдар үйүндөгү тартип менен тарбиялашты. Күндө жатарда бети-колу, бутту жууп жатчубуз, азыркыга чейин ошол адат сакталып калды. Мен да пенсия алган сайын сөзсүз китеп сатып аламын. Атам апамдын чыгармачылык менеништөөсүнө шарт түзүп берчү. “Балдарым, акырын олтургула, апаңардын бөлмөсүнө кирбегиле, иштеп алсын. Анын чымындары келип калыптыр”, - деп турчу. Атам Кочкорго биринчи картошка, алма алып келип, элге жайылткан экен. Ушул убакка чейин Мансурдун алмалары деп айтылып жүрөт. Ал ушунчалык мыкты иштеп “Ленин” колхозун бир жылда миллионер колхоз кылыптыр. Жаш кезинде япон согушуна кетип, андан ары Улуу Ата Мекендик согушка катышып артиллериянын командири болуптур. Бир ирет Будапешт алдындагы согушта немистин 14 танкасын талкалап, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланат. Өмүрү өткөнчө 9-Майда достору, замандаштары биздин үйгө чогулушуп майрамды белгилешчү. Кыскасы, алар бизге бардык жагынан үлгү боло алышты.Алар аябай бактылуу жашашты, биз ата-энебиз менен сыймыктанабыз. Бизди эмгекти сүйүүгө тарбиялашты. Бекеринен апам:

“Эмгек менен өмүр тапкан,

Тоо-талаанын кызымын.

Эмгек менен көрүп келем,

Алп дүйнөнүн кызыгын”, - деп жазган жок да.

– Нинакан Жүндүбаеванын кыргыз маданиятына кошкон салымы тоодой десек жарашат. Ал бир гана акын эмес, драматург, мамлекеттик ишмер да болгон эмеспи. Кантип баарына жетишчү эле?

– Үйдө апамдын жардамчылары бар болчу. Андан сырткары атам аябай колдочу, балдарынын ар биринин аткара турган иштери бар болчу. Күндүзү элдин иши менен болуп партиялык, депутаттык ишмердигине убакыт бөлсө, түнкүсүн чыгармачылыгы менен алектенчү. Бир топ драмалары театрларда коюлду. Азыркы Нарын театрынын уюштурулуп ачылышына апамдын салымы чоң.

– Эже, апаңыздын ырларын ырдаган белгилүү ырчылар менен байланышыңыз барбы?

– Кичине кезимде Канымгүл эже үйгө келип, комуз менен “Кызыл өрүктү” ырдап бергени эсимде. Апам ошондо аябай сүйүнгөн. Каныкей Эралиеваны өткөндө бир тойдон көрдүм. Бирок жанына барып “мен Жүндүбаеванын кызы болом” деп айта албадым. Себеби биздин ата-энебиз антип тарбиялаган эмес да. Анан калса биз апамдын чыгармачылыгына кийлигишчү эмеспиз.

– Сиз жогоруда айтып кетпедиңизби, ата-энебиз бизди эмгекти сүйүүгө тарбиялады деп, ошондо бир туугандарыңыз, өзүңүз кайсы кесиптин ээси болдуңар?

– Улуу эжем Калийкан киномеханик болуп 40 жылдан ашуун иштеди. Ал Кыргыз ССРинин маданиятынын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган, азыр ардактуу эс алууда. Өзүм болсо Политехникалык институттун тамак-аш өнөр жайынын инженер-механиги кесибине ээ болгом. Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагына эмгек сиңирген ишмермин. 30 жашымда тамеки фабрикасынын директору болуп дайындалып, 17 жыл иштедим. Андан кийин ушул тармакты тейлеген министрликте кызматкер болуп иштедим. Учурда персоналдык пенсионермин. Иним Чолпон Политехтиникалык институтунун курулуш факультетин аяктап, өмүр бою курулуш тармагында иштеди. Азыр атабыздын үйүндө айылда турат. Ал союз мезгилинде Кочкор районундагы маданият сарайын мөөнөтүнөн эрте куруп бүтүргөндүгү үчүн “Лада 8” автоунаасы менен сыйланган. Кичүү сиңдим Гүлшат Кыргыз улуттук консеваториясын бүтүп, өмүр бою музыка теориясынан сабак берип жүрдү. Каракол шаарында, Кочкор, Жумгал райондорунда музыкалык мектептерде директор болуп иштеген. Кийинчерээк консерваторияда кафедранын доценти болуп иштеген. Кыргыздын унутулуп калган музыкалык аспаптарын изилдеп жүргөн. Бирок кандидаттык диссертациясын жактай албай калды. Себеби өмүрдөн эрте кетип, баарыбызды арманга салды.

– Апанын жолун жолдоп чыгармачылык менен алектенген неберелери барбы?

– Калийкан эжемдин кызы Махабаттын таланты бар. Бирок азырынча чыгармачылыкка көңүл бурбай жүрөт. Өз алдынча ыр жазып, сүйлөгөндө кооз, уйкаштырып, ыр менен сүйлөйт. Атайын долбоор жазып, атамдардын айылына бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт курду. Ушу кыздан үмүтүбүз чоң.“Аккан арыктан суу агат” эмеспи, балким, апамды тартып акын болоттур....

– Эже, чынында апанын мекен алдында кылган кызматын чоң сөз кылууга арзыйт эмеспи. Ал тарыхый инсан. Мына 100 жылдык мааракесин утурлап турабыз, мамлекеттик деңгээлде өткөнү турат. Камылгаңыз кандай?

– Даярдык жакшы. “Турар” басмаканасынан “Я женщина” деген ат менен ырлар жыйнагы чыгып атат. Көзү тирүү кезинде өзү мурда китепке чыкпаган чыгармаларын топтоп, бир папкага салып, сыртына ак баракты чаптап “Я женщина” деп жазып коюптур. Ошондон улам ошол китепти чыгардык. Апамдын мааракесине бир тугандарым, балдарыбыз, небере-чөбөлөрүбүз - баары салым кошуп, демөөрчүлүк кылып атабыз. Ата-энебизди эскерүү биздин ыйык милдет, биздин мойнубуздагы парз деп эсептейм.

 

Айназик Раимкулова