Мунира Бакирова: “Кызым 5 жылдан бери курсагы аркылуу заңдайт”

Учурда ар түрдүү ооруга чалдыгып, элден жардам сураганга аргасыз болгон жарандарыбыз көбөйүүдө. Алардын бири Мунира Бакированын кызы Айша 6 айында операция болгон, ошондон бери курсагы менен бошонуп келет. Анда калган сөздү апасы уласын.

 

“Врачтар убагында карашканда кызым кыйналбайт эле”

– Менин атым Мунира, 30 жаштамын. Биз Ысык-Атада жашайбыз. Үч кызымдын улуусу Мадина 3-класста окуйт, экинчиси Амина 1-класста окуп жатат. Ал эми Айша болсо биздин көкүрөк күчүгүбүз. Бул кызым төрөлгөндө жакшынакай эле төрөлүп, 6 айына чейин эч ооруган деле эмес. 6 айга толгондо катуу ооруп Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына түшүп калдык. Ал жерде 3 күн жаттык, эч жылыш болгон жок. Тескерисинче, кызым алсырап бара жатты. Көрсө, ал жактагы дарыгерлер эч нерсе кылбай эле бизди кармап жаткан экен. Кызымдын абалы оорлоп кеткенде гана №3 балдар ооруканасына которушту. Ал жакка барсак дарыгерлер эмне кыларын билбей жетекчиси Талант Орозовичти чакырышып, кызымды операцияга алып кирип кетишти. Талант Орозович өзү операция жасап, кызым операциядан аман чыкты. “Кандай болот экен?” - деп аябай коркконбуз, себеби баланын абалы өтө оор болчу. Жугуштуу оорулар ооруканасынын врачтары 3 күн кармабай дароо ушул жакка жибергенде бала да кыйналбайт эле, оорунун алдын алган болот элек. Кызымдын ичегисин 70 сантиметрдей кесип салышып, курсагынан заңдай турган кылып коюшту. Ошентип бир жашына чейин кайра операция жасашты. Анда тиккен жиптери ажырап кетип, курсагында грыжа сыяктуу сүрөттөгүдөй нерсе пайда болуп, курсак жагы томпоюп калды.

 

“Биз элден мастыгыбыздан жардам сурап жаткан жокпуз”

– Андан кийин биз врачтар менен сүйлөшүп көрүп: “Операция жасап калыбына келтирсе болобу?” – десек, алар: “Болот”, - дешти. Макул болуп бир жума ооруканага жаттык. Дарыгерлер кеңешип ойлонушуп: “Бала операцияны көтөрө албай кыйналып калат, бир аз күтө тургула, ичегиси дагы кичине өссүн”, - дешти. Ошентип ооруканадан чыгып келе бергенбиз. Азыр кызым 5 жаш 2 ай болуп калды, билинбей эле 4 жыл өтүп кетиптир. Эми бала чоңоюп калды операция жасаталык десек, каражат жагынан кыйналып жатабыз. Мен ушул кызымды карап эч жерде иштей албайм. Кээде гана убакыт таап айылда пияз эгип, жыйнап, кызылча тазалап 600 сомго чейин акча таап келем. Туруктуу иштегенге шартым жок. Жолдошум болсо таксист, Баткенге каттап бизди эптеп багып жатат. Азыр бир кишинин иштегени эч нерсе болбойт экен, аргасыздан элге кайрылууга мажбур болдук. Биз деле мастыгыбыздан жардам сурап жаткан жокпуз. Адамдар ар кандай болот экен, ар түрдүү ойлонушат экен. Анткени “№3 балдар ооруканасында бекер жасашат операцияны, булар эмне жардам сурап жатышат?” дегендер бар экен. Азыркы заманда бекер эч нерсе жок экенин элдер бизден жакшы түшүнүшөт болуш керек. Баланы 6 ай сайын ооруканага көрсөтүп турабыз. Дары-дармегине, тамак-ашына, айтор, көп эле акча коротуп жатабыз.

“Кызымдын оң буту тубаса кыска”

– Бирок кызымдын ден соолугунда мындан башка да маселе бар. Оң буту тубаса кыска, аксап басат. Ортопед врачтарга көрсөтсөк : “Биринчи ичин айыктыргыла, андан кийин биз карайбыз”, - дешти. Ага чейин алар эч нерсе кыла алышпайт экен. Учурда ортопедиялык бут кийим кийип басып жүрөт. Бирок көп бастырбайбыз, ичине күч келет. Ичине оордук болбосун деп бандаж тагып койгонбуз. Бирок бала кээде кыйналып калат. Ошондуктан тез арада операция жасатып, кызыбыз мурунку калыбына келет деп үмүт кылып жатабыз. Бул оору эмнеден улам пайда болгонун деле билбейбиз. Кызым үйдө отура берип чүнчүп кетпесин деп коляскага салып алып 3 сааттык бала бакча бар, күнүгө ошол жакка алып барам. Ал жактан ой жүгүртүүсү, аң-сезими өсөт. Бирок кызымдын өзүн алып жүрүүсү жакшы. Чоңойгондо врач болом деп кыялданат. Айылыбызда Дамира деген дарыгер бер. Ооруганда кээде келип кызымды эмдеп кетет. “Ошол Дамира эжедей врач болом, балдарды айыктырам”, - деп мактанып калат кызым. Мени сүйүндүргөнү кызымдын тамак жегени да жакшы. Кудай буюрса, кызым операциядан аман-эсен чыкса эле болду деп тиленип отурам.

Айшага жардам берүүнү каалагандар ушул номерлер аркылуу байланышып, кайрымдуулук кыла алышат.

0772232343

ЭлСОМ: 0778343800

Эсеби:1280026042889454

БИК:128002

 

 

Нуриса БАЯЛИЕВА