Быйылкы тойлордон тапкан кирешеңизди эмнеге жумшадыңыз?

Учурда кафе-ресторан, тамада, ырчылардын күнү тууп, ити чөп жеп аткан убак. Анткени байкоочулардын айтымына караганда, той бергендердин саны быйыл жылдагыдан бир топ эле арбын экен. Андан улам “тойдо ырдап аткан ырчылар акчасын эмнеге сарптап атат?” деген суроо ар бир адамды кызыктырбай койбойт. Эмесе, тойго эң көп барган ырчыларга собол салып көрөлү.

 

Айжамал Кабылова: «Былтыр автоунаа алдым эле, быйыл үй алайын деп жатам»

– Жакында Ошто жеке концертимди бердим, эртеси уулум Темирланга сүннөт той бердим. Тойдон тапкан каражатымды ошолорго чаптадым эле. Концерт да, той да өзүн актап акчам кайра кайрылып келди. Ал акчалардын үстүнө кошуп азыр чогултуп эле жатам. Кудай буюрса, быйыл Бишкектен, эгерде Бишкектен келбей калса Оштон үй алам деп ниет кылып атам. Былтыркы жылы тойдон тапкан акчама автоунаа алдым эле. Быйыл Жаңы жылга чейин жакшы иштесем үй алып калармын. Учурда Оштомун, тойлорго чакыруулар арбын. Бир күндө эң көп дегенде алты, жок дегенде бир тойго барып ырдап келем. Ставкам Ош шаарынын ичинде 10 миң сомдон 200 долларга чейин, сырт жактарга дагы кошулат. Бирок азыр Ош шаарынан бошобой атам. Мурда дүйшөмбү, шейшемби күндөрү той жок болуп калчу, азыр күн сайын той. Жылына тойдон тапкан акчаны Жаңы жылдык концерттерге катышканга деп да катып койчумун. Быйыл бышып калдым дегендей, андан көрө ошол акчага акча кошуп клип тарттырып койсоң түбөлүккө калат.

 

 

 

Мүзүр Мамбетов: «Акчанын баары Гүлмиранын бутигине жумшалып жатат»

– Кудайга шүгүр, быйылкы тойдун кирешелери жакшы. Гүлмира Ошко «Ансари Ош» деген бутик ачкан эле, акчанын баары Гүлмиранын ошол бутигине жумшалып жатат. Бутикте соода жакшы болуш үчүн көп товар керек экен. Бутиги товарга толду окшойт, эми ал жак бүттү. Эл бизден жаңы ыр, жаңы клиптерди күтүп атышат, эми Жаңы жылга чейин тапкан каражаттын баарына ыр жаздырып, клип тарттырабыз деп турабыз.

 

 

 

 

 

Султан Садыралиев: «Үч жыл бою тойлордон тапкан акчамды үйүмө чаптадым»

– Мен үч жыл мурун эки кабат үй салып баштагам. Үч жыл бою тойлордон ырдап тапкан акчамды үйүмө чаптап жүрүп быйыл толук бүтүрүп алдым. Үйүмө кирүү алдында турам. Кудай буюрса, быйылкы Жаңы жылды балдарым менен өз үйүбүздө тособуз. Бишкекке үй салсам, ата-энемди алып келсем деген кыялдарым четинен ишке аша баштады. Менин бизнесим жок, чыгармачылыгымды сыйлаган элим бар экен, жаңы ыр жаздырып, клип тарттырбасам да тойлорго чакырып атышат. Чынын айтсам, 3 жылдан бери чыгармачылык менен иштебей үй салып эле жүрүптүрмүн.

 

 

 

 

Борончу Кудайбергенов: «Мен кымбатмын, андыктан мени тоюн сыйлаган гана адамдар чакырышат»

– Быйыл жылдагыдай эс алуу күндөрү той болот деген нерсе жок. Тескерисинче, иш күндөрү кафе арзан деп атышып, күн сайын той болуп атат. Быйыл тамадалардын арасына 100 жаш тамада кошулуптур. Алардын баасы арзан болгондуктан чакыра беришет экен. Мен азыр жумасына 2-3 тойго барам. Анткени биз кымбатпыз. Мисалы, айрым тамадалар музыка, ырчылары менен кошо 300 долларга барса, мен жалгыз 500 долларга барам. Андыктан мени тоюн сыйлаган, өзүмдү сыйлаган адамдар гана чакырышат. Тапканым Кудайга шүгүр, былтыркы күнгө чейин тапканыма үй салсам, быйыл автоунаамды алмаштырдым.

 

 

 

Мээрим Карыпова: «Тапкан акчамдын баары чыгармачылыгыма эле кетет»

– Акыркы бир ай тойлорго барган жокмун. Анткени «Эл ырчысы Эстебес» тобу концерт беребиз деп абдан даярданып, убакыттын баары ошол жакка кетти. Концерт бүтүп эми чыга баштадым. Бирок тойлор суюлуп калгандай го, күнүнө 2-3 тойго барып атам. Анын арасында «рахмат» тойлор да бар. Салык кызматы бизге салык сала баштагандан кийин канча тапканыбызды ачык да айткыбыз келбей калды. Бирок менин тапкан акчамдын баары чыгармачылыгыма эле кетет, үйдөгү түйшүктүн баары күйөөмдүн мойнунда. Азыркы учурда күйөөм эки кабат үй салып аткан: “Тапкан акчамдан салымым болсун”, - деп жардам берип калам.

 

 

 

Мирлан Баеков: «Эки айдан бери күндө той»

– Быйыл Кудайга шүгүр, тойлор абдан көп болду. Колдон келишинче барып ырдап, тапкан акчамдын баарын былтыр бүтпөй калган үйүмдүн курулушуна жумшадым. Азыр үйүм толук бүтүп, дарбазасына чейин куруп койдум. Ичине жылыткыч коё элек элем, суук түшүп кетти. Буюрса, жазында баарын бүтүрүп, көчүп киребиз деп турабыз. Тойлорго чакыруулар декабрдын аягына чейин бар, эми тапкан акчамдын кайсы бир бөлүгүн чыгармачылыгымдын өзүнө да жумшап коюшум керек. Тойлорго ошол ырлардын арты менен барып атам да. Азыр күнүнө эң көп дегенде төрт тойго барам. Мурда кээ бир күндөрү той жок жатып калчу элем, эки айдан бери күндө той. Шаардын ичине ставкам 100 доллардан өйдө, аймактарга ар кандай.

 

 

Динара ЧОКОЕВА