АЙЧҮРӨК Иманалиева: “Кларага пайдам тийсе, анда мен бактылуумун”

– Айчүрөк эже, Клара Алибековага кол сунуп жардам берип жатканыңызды интернет баракчаңыздан көрүп жатабыз...

– Кларага менден башка деле чыгармачыл инсандар кайрылып жардамын берсе жарашмак деп ойлоймун. Анткени Клара 1993-жылдары кыргыздын жигиттерин даңазалап ырдап кыргыз эстрадасына өз салымын кошкон кыздардын бири. Ал убакта мектеп окуучусунун биз менен тең тайлашып популярдуулукка жетүү оңой эмес эле да. Ошонусун эске алып, өткөндө интернетке Клараны "легенда" деп жазсам таарынгандар болду. Бирок мыктыны мыкты, жакшыны жакшы деп көзү тирүүсүндө айта билишибиз керек. Чындыгында ал кезде Кларадан башка эч ким антип ырдап чыккан эмес эле да. Менин оюмча, бул кыздын кичинекей кезинде жасап койгон аты эми өзүнө кызмат кылат. 1996-1997-жылдары Клара менин колумда бир жылча иштеп тарбияланып кеткен. Ошондо эң алгачкы “Балалык” деген альбомун жаздырып берген элем. Кантсе да бир нанды бөлүп жеп калдык, колумда жүрүп калды. Ошондуктан Кларанын азыркы абалын көрүп туруп унчукпай коё алган жокмун. Адам бир сынса чөгүп, андан ары жок болуп кетиши оңой эле. Андыктан бул нерседен куткаруу максатында ырчы кызыбызды моралдык жактан, материалдык жактан колдогонго аракет кылдым. Эгерде менин бул колдоомдун пайдасы Кларага тие турган болсо, анда бактылуумун.

– Шакирттериңизге жардам берип, кайрымын көрбөй ыйлаган учурларыңызга күбө болгонбуз. Окуучу тарбиялагандан көңүлүңүз калбадыбы?

– Эми ар кандай адам бар экен да. Бир адамдын кыял-жоругунан улам экинчи адамга жыйынтык чыгарып койгон туура эмес. Клара назик, ишенчээк адам. Аны көрүп эжелик сезимим, жүрөгүм ооруп, чын дилимден колдоону туура көрдүм. Негизи мен ишти сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүп далилдеп келген адаммын. Ошондуктан жакшы фотосессия жасатып, костюм тиктирип, ыр жаздырып Клара деген ысымдын мындан ары жандануусуна түрткү берейин деп жатам. Бул тууралуу үй-бүлөм менен сүйлөштүм, алар мени колдошту. Бир жаңы ыр жаздырганы буюртма берип койдук. Жаңы жылдын алдында ыр жазган студиялар да бош болбойт экен. Учурда Кларанын эски бир ырына аранжировка жасатып жатабыз. Буюрса, жаңы стиль, жаңы костюмдар менен эл алдына чыгып калат.

– “Айчүрөк Клараны пайдаланып жатат” деген кептер да жүрүүдө, негизи кандай негизде иштешип жатасыздар?

– Эми ар ким өз деңгээлине жараша ой жүгүртөт да. Мен Кларанын эмнесин пайдаланам, өзүңөр деле ойлонуп көрсөңөр. Өзү депрессияга түшүп кыйналып араң жүрсө. Менин Кларага продюсер болоюн деген оюм жок. Ушул кезге чейин продюсер болуп, бирөөдөн пайда да көргөн эмесмин. Болгону жаш окуучуларыма жол көрсөтүп насаатчы, мугалим болуп келгем. Ал эми Клара жаш бала эмес, мындан ары өзү чыгармачылык жолун улап кетет деген ойдомун. Мен бул жерде жөн гана жардам берип, адамдык парзымды гана аткардым деп айтсам болот.

– Ырчылык кесип оңой эмес экенин жон териңиз менен сезип келесиз, кызыңыз ырчы болсо каршы болосузбу?

– Кызымдын ырчы болушуна каршы болбойм. Анткени баш-көз болуп жардам бере турган, кызы үчүн туу болуп бере турган апасы турат. Андыктан кызыма оор болот деп деле ойлобойм. Кызым учурда фортепианодо, скрипкада ойноп машыгып жатат. Буюрса, Аэлита да бир жылдан кийин кыргыз шоу дүйнөсүнө аралашып калат.

– Анда убактыңызды, каражатыңызды башкаларга эмес, өз кызыңызга коротсоңуз болмок экен?

– Аэлитаны чыгарсам быйыл деле атагын чыгарып, укмуш популярдуу кылып будуң-чаңын чыгарып салмакмын.Клиптерди тарттырып, азыр жүрмөк:да тойлордо ырдап. Бирок мен шашкан жокмун, анкени кызым 6-класста окуйт. Бир эмес, эки мектепте билим алууда. Андан сырткары скрипка үйрөнүп, бийге, тил ийримдерине барат. Азырынча окуудан бошобой жатат. Окуусун бүтүп эки жылдан кийин ырдап чыгат. Кызымдын келечеги алдыда, анын орто заар ырчы эмес, бийик деңгээлдеги билимдүү музыкант болушун каалайм. Калганын убагында көрө жатарбыз. Ал эми эркек балдарым ырчылык кесиптен таптакыр алыс. Арлен Юридикалык академияда 2-курста окуйт. “Буюрса, сот, прокурор болом”, - дейт. Ал эми Арген жеке ишкердик менен алек. Андан сырткары балдарым студиямды, сулуулук салонумду көзөмөлдөп мага колдоо көрсөтүшүүдө.

– Той демекчи, учурда тойлордун көркү болуп жатканыңызды интернет баракчаңыздан байкап жатабыз?

– Учурда ырчылар чет элге барып сынактарга катышып, байгелерди алып келүү менен эмес, кимдин канча тою бар деп бааланып калды. Ар нерсенин өз учуру болот дегендей, балким, бул нормалдуу көрүнүштүр. Учурда тойдо ырдоо модага айланды. Кудайга шүгүр, быйыл жакшылыктар көп, эл катары ырдап жатабыз.

Adika_malika_85: Аллах ыраазы болсун, мындай жакшылыгыңызды унутпайбыз. Сиз мээримдүү энесиз, ошондуктан өз кызыңыздай көрүп кол сунуп жатасыз. Сиз Клараны колдосоңуз, Кудай сизди колдосун.

Ergeshovaasylg: Мурда Кларага кылган мамилеңизге өкүнүп, эми жардам берейин деп чечипсиз да , бул да болсо чоң эрдик.

Aichurekkumakeva: Бир колуң кылган жакшылыкты, экинчи колуң көрбөсүн дейт. Бирөөгө кылган жакшылыгын элге жарыя кылуунун кажети жок. Аны Кудай билсе болду.

Sherimbekovagulzat: Клара биздин жаштыгыбызда кандай популярдуу кыз эле. Жаштыгында ар кимге алданды, көбү өзү айткандай, пайдаланышты. Ошон үчүн сахнадан көңүлү калгандай көрүнөт.

bem.nur_: Убагында Кларанын атактуулугун пайдаланып, жаш кыздын башын айлантып алган жеңил ойлуу Байыш Момуновко, Диля Момуновага миң наалат. Жаш атактуу кыздын тагдырын талкалашты.

 

Клара Алибекова: “Айчүрөк эже менен биротоло иштешейин деген оюм жок”

– Клара, тойлорго Айчүрөк эже менен ээрчишип барып жатканыңарды көрүп калып жатабыз, эже сага кандай жардам көрсөтүүдө?

– Өзүңүздөр билгендей, жагымсыз окуяга туш болуп, катуу стресске кабылдым. Ошол кезде Айчүрөк эже чалып абалымды сурап, жакшы сөздөрүн айтып көңүлүмдү көтөрүп жатты. Анан мени стресстен алаксытайын деди окшойт:“Сен мындан ары иштешиң керек”,-деп фотосессия жасатып, тойлорго чогуу алып барып жүрдү. Мага: "Бир ыр, бир костюм даярдап берем Жаңы жылга", - деп убада берген. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Айчүрөк эжеге чейин деле жардам беребиз, колдойбуз дегендер көп болуп жаткан.

– Тойлорго барганда өз ставкаңды аласыңбы же Айчүрөк эже экөөңдүн ортоңордо бөлүшчү пайызыңар барбы?

– Жок, мен өзүмдүн ставкамды алам, Айчүрөк эже өзүнүкүн алат. Айчүрөк эже экөөбүз убактылуу эле иш алып барып жатабыз. Эже экөөбүздүн биротоло иштешели деген оюбуз жок. Мындан ары өзүмдүн жеке пландарым бар, ошонун үстүндө иштейм.

– Бир кезде Айчүрөк эженин колунда ырдап жүрдүң эле, жакшы-жаман болбой эле кеттиң беле?

– Ал кезде жаш секелек кыз элем, эже менен урушпай эле сыйым менен кеткем. Болгону айылдагы ата-энемди, бир туугандарымды сагынып кетип калгам. Аны да “Айчүрөктүн жолдошу менен мамиле куруп, анан Айчүрөк кетирди” деп бир гезит жазып чыккан. Аларга: “Бул жалган маалыматты кайдан алдыңар?”- десем, Айчүрөк эжени күнөөлүү кылып коюшту. Ортодо башка адамдар:“Айчүрөк сен тууралуу ушак чыгарса кантип чыдап жүрөсүң, аны Айчүрөктүн өз оозунан уктук”,- десе ишенип белгилүү сайтка барып Айчүрөк эжени күнөөлөп интервью берип салгам да. Көрсө, Айчүрөк эженин оозунан андай сөз чыкпаптыр, бул башкалардын эле уюштурган иши экен. Эми ал кезде ишенчээк болгом да.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА