Таарыныч үй-бүлөнү бузат

Эгер сиздин үйүңүздө анда-санда таарыныч болуп турса, кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга шашпай туруңуз: бул ар бир үй-бүлөдө кездешчү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок бири-бириңиздерге сүйлөбөй жумалап жүрүү, ошол таарынычтын тез-тез кайталанып турушу олуттуу нерсе. Анткени...

 

Биринчиден, таарынгандан пайда чыкпайт

Эсиңизде болсун, жолдошуңузга таарынуу менен кырдаалды өзгөртө албайсыз. Таарыныч бир нерсени жарата албайт, ал болгону бузат. Жолдошуңуз сиздин тултуйган оозуңузду көргөндө эле өзүн өзгөртүп салат деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Эгер андай болсо, бул жашоо идеалдуу эркектерге толуп чыкмак.

 

Экинчиден, маселенин чечилиши созулат

Сиз таарынып отурганда маселе оң жагына чечилип кетпейт, тескерисинче, тереңдегенден тереңдей берет. Аны чечүүнүн эң жакшы жолу – сүйлөшүү. Биринчи кадамга барып кечирим сурап, сөз баштоону намыс көрбөңүз. Анткени сиздин үй-бүлөңүз ал намыстан жогору турат.

 

Үчүнчүдөн, жубайларды бири-биринен алыстатат

Таарыныч жубайлардын ортосуна дубал орнотуп коёт. Ал дубал бири-бириңиздерди укканга да, түшүнүүгө да тоскоолдук кылат. Анан да таарыныч канчалык узакка созулса, ал убакыт аралыгында бири-бириңиздер тууралуу негативдүү ойлорду ойлоого ошончолук көп мүмкүнчүлүк түзүлөт да, андан бетер алыстык пайда болот.

 

Төртүнчүдөн, жашоонун кубанычынан ажыратат

Сиздин таарынычыңыз күйөөңүзгө эч кандай таасирин тийгизбеши мүмкүн, ал жашоонун жыргалчылыгын андан ары сүрө берет. А сиз үчүн баары көңүлсүз болуп калат. Болбогон майда нерселер үчүн өзүңүздү жашоонун кубанычтарынан ажыратпаңыз.

 

Бешинчиден, жубайларды бири-бирине душман кылат

Үй-бүлөлүк союз – бул күчтүү биримдик. Баш кошкон эки адам жашоодо кандай гана маселе болбосун чогуу турушу керек. А таарыныч ошол эки жакын адамды бири-бирине душман кылып коёт. Мындайда биринчи эле тоскоолдук сиздердин үй-бүлөлүк союзду талкалап кетет. Эгерде сиз үчүн үй-бүлө маанилүү болсо, анда таарынычка жол бербеңиз.

 

Алтынчыдан, таарыныч ден соолугуңузду бузат

Таарынычтын ички органдардын ишинин бузулушуна да түздөн-түз тиешеси бар. Ал баш ооруну, өнөкөт оорулардын козголушун, уйкусуздукту чакырат. Таарыныч учурундагы ойлонуу, түйшөлүү, тынчсыздануу мээңизди катуу чарчатып салат. Мындай абалда көп убакыт жүрүү стресске, депрессияга жеткирет. Атүгүл жүрөк пристубу, инсульт болуп кетиши да толук мүмкүн. Кичинекей таарынычтан чоң маселе жаратып албайын десеңиз, кечиримдүү болуңуз!

 

Таарынышканда кантип табышасыздар?

 

Гүлнара Калдарова: «Кечирим сурап, кечки тамакка чакырат»

– Жолдошум экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик болуп кетсе, мен таарынып калам. Ал болсо ичине такыр кек сактабаган адам, кайра эле эч нерсе болбогондой жайдары болуп, мага сүйлөп жүрө берет. Мен ага сүйлөбөй, телефон чалса такыр албайм же өчүрүп салам. Ошондон улам мени капа кылып койгонун сезип, көңүлүмдү көтөрүү үчүн тамашалап сүйлөп күлүп-жайнап калат. Анан сөзсүз түрдө: «Менден ката кетип калды», - деп кечирим сурап, кечки тамакка чакырат. Кафе-ресторанга алып барып, жакшы сөзүн айтып таарынычымды жазып алат. Андыктан бир туугандарым: «Силер таарынышсаңар кафеге барып эле табышып аласыңар», - деп күлүп калышат.

 

 

Нурзат Токтосунова: «Максат кучактап атып таарынычымды жазат»

– Аялзаты таарынчаак келет эмеспизби, анын ичинен мен өзгөчө кылт этме таарынчаакмын. Сөзгө, эмоцияга же болбосо көз карашка да таарынып калышым мүмкүн. Ал кыялымды билип, Максат биз баш кошордо:«Кийин таарынышып кетсек, таарыныч менен уктабайм деп мага сөз бер”, - деп убадамды алган. Ошондо акылдуулук кылган экен деп калам. Азыр урушуп кетсек, түнкү үч болобу, таңкы беш болобу, подъездге чыксам артымдан келип, мен күнөөлүү болсом да сөзгө тартып, кучактап атып таарынычымды жазат. Ошентип элдешип, анан уктайбыз.

 

 

Айгерим Расул кызы: «Мен таарынсам жолдошум акча алып келип кулагыма кытыратат»

– Биз башында болор-болбоско таарыныша берчүбүз. Мен таарынганда жолдошум таарынычымды бат эле жазып алчу. Бир жолу таарыныша кетип, ал жумушка кеткен. Түндө уктап жатсам 100 даанадан ашык роза гүл менен алтын шакек алып келиптир. Ошол сюрпризи мага абдан жагымдуу болгон. Милициялардын иши туруксуз болгондуктан күнү-түнү кетип калат, кээде үйгө бир-эки күн түнөбөй калат. Андай учурда «кайда жүрдүң?» деп ажылдап урушпайм, унчукпай гана таарынам. Андайда уктап атсам келип акча таап келдим дегенсип кулагыма акчаны кытыратып калат. Анда мен тура калып каткырып күлүп калам. Азыр таарынышканыбыз узакка созулбайт, бат эле бири-бирибизди карап күлүп жиберип элдешип алабыз. Экөөбүз тең көпкө таарынып жүргөнгө чыдабайбыз. Айрым аялдар таарынса эч нерсе кылбай жатып алышарын угуп калам. Мен таарынсам да чай берип, кадимкидей эле мамиле кыла берем.

 

Гүлзада Рыскулова: «Жолдошумдун сюрпризин күтпөйм»

– Үй-бүлө болгондон кийин түшүнбөстүк болот. Менин чоң энем: «Жубайлардын таарынычы шайы жоолук кургаганча жазылышы керек», - деп айтчу. Анын сыңары биздин таарыныч көпкө созулбайт, кайра эле сүйлөшүп кетебиз. Балдарыбыз кичинекей, алар тууралуу сүйлөшүп, бир нерселерди кеңешишке туура келет. Ошондуктан мен жолдошумдун сюрпризин же кечирим сурашын күтпөй эле, кайра эч нерсе болбогондой сүйлөй берем.

 

Динара ЧОКОЕВА