Карт аял менен жаш аял

Улгайган аял менен жаш аял маңдай-тескей чай ичип олтурушту.

Ооба, бири улгайган, экинчиси жаш. Булардын курагы да, тагдыр жолдору да, турмуштан алган энчилери да бири-бирине окшобойт. Бир дасторкондо олтургандары менен ой-санаалары эки башка.

Жаш аял эртерээк ичип бүтүп, дасторконду жыйнаштыра коюп, караңгы кирип кете электе үйгө жетсем болот эле деп ичинде тынчы кетип олтурду. Күйөөсү да жумушунан келип калгандыр. Балдары мектептен эмгиче келишти. Кичүүсү ыйлап калбады бекен? Күйөөсү аны көтөрүп алып сыртта жол карап жүрөт го...

А тиги улгайган аял эч кайда шашпайт. Өз үйү. Үй кызматчысы Наркүл менен шашпай чай ичип , алаксып убакытты өткөргүсү келет. Ага убакытты өткөрүү кыйын да. Айрыкча кечиндеги сааттар үстүңдөн басып тургансып жылбайт. Азыр Наркүл кетип калса эле тунжураган үйдө жалгыз калат. Аялдын аты – Рабия. Жашы алтымыштан эбак өткөн. Чачы куудай ак, толугунан келген, үнү жоон, мүнөзү эркек сыяктанган бул аялга убагында “Рабия Нуртаевна” дешип жапырт кошомот кылып турушчу. Анда совет доору күчүндө турган маал. Ал ошол учурда республикалык керек-жарак союзунун председатели болуп көп жылдар иштеген эле. Жаш эле, анда ичкерээк да, сулуураак да болчу. Потребсоюздун ак волгасында чалкалап, ийилип салам айткандардын кээсин укса, кээ бирлерин карабай деле койчу. Ал учурда андан өткөн кадырлуу адам бар беле? Анын алдына ким гана иши түшүп келбеген. Ал көбүнчө өзүнө пайдасы тие турган керектүү адамдар менен мамиле түзчү. Ошого жараша мамилелердин кайтарымы болуп турчу. Мына бул хан сарайдай заңгыраган эки кабат үй ошол жылдарда салынган. Ал убакта мындай үйлөр бирин-экин гана чоңдордо болбосо, кайдан? Үй эмеректеринин баары чет элдики болор эле. "Жалгыз башына мынча чоң үйдү эмне кылат?" - дешип элдин көбү сөз кылышкан.

Рабия Нуртаевна кызматтан, сый-урматтан, материалдык байлыктан эч бир өксүү болгон жок. Бирок жеке турмушундагы чоң кенемтеси – үй бүлө күтпөдү. Балалуу болбоду. Ооба, ал жаш күнүнөн эле активист эле. Институтту бүткөндөн кийин комсомолдук иштерде жүрүп, анан партиянын катарына өтүп, жаш коммунист катары кызматтын тепкичтеринде көтөрүлдү. Акыры кызмат орундар ага кумар болуп калды.

Учурунда ага сөз салган жигиттер деле болгон. Кийинчерээк, отуздан өткөн чагында деле колун сурагандар болду. Бирок өзү ынаган эмес. Күйөөгө чыкса, бала төрөсө кызматы эмне болот? Ал иштей турган орунду башкалар ээлеп кетпейби?!

Ошентип жүрүп жылдар бат эле өттү. Кыркка келди. Анан элүүдөн да өттү. Аңгыча советтик доор кулады. Башаламан турмуш келди. Кимди ким көрдү болду. Кызматың да, келечек ойлоруң да жаңы турмуштун агымына жутулуп кетти. Керек-жарак союзу эми эч кимге керек болбой калды. Ошол жылдар Рабия Нуртаевна үчүн абдан оор учур болду. Үйгө олтуруп калды. Анысы аз келгенсип тепкичтен буту тайып жыгылып, жамбашын сындырып алды. Жарым жылча төшөктө жатты. Кийин да жөнүгө албай, акыры таяк менен басып калды.

Ойлоп көрсө кесиптештерге, курбу-курдаштарга, ал тургай бир туугандарына да ынак боло албаптыр. Баарына эле кызматкер катары ат үстүнөн мамиле жасаса керек. Ушундайда ал-жайын сурар жакын адамдары деле жок экен, көрсө. Баягы кошоматчылары дайын-оту жок кетишти. Көрсө, кээ бир адамдар кызматы менен гана учурунда барктуу сымал көрүнөт тура.

Рабия Нуртаевна ошондо гана өзүнүн жеке турмушу жөнүндө ойлоно баштады. Эми ушинтип кызматтын урматын көргөн күндөр бүтүп, чогулткан дүнүйө-мүлкүн тиктеп ээн үйдө олтуруп калабы? Кантип эле? Жок, ал өзүн колго алып, сырттагы жаңы турмушту байкаштырып, чогулткан акчасын тобокел деп бизнеске салды. Бизнес дегендей жанын үрөп деле чуркап иштебейт. Болгону шаардын чок ортосундагы үч-төрт имаратты менчикке чыгартып алды да, ичи-тышын кынтыксыз ремонт жасатып туруп, ишкерлерге кайра ижарага берди. Ошол жылдардан ушул күнгө чейин ижара акы менен ханга салам бербей жашап келатпайбы. Бирок акчасы курусун. Жалгыздыгы жанын жеп, түркүн ой-санаалар биротоло карытып бүтө турган болду. Башы салмактанып, бели ооруганынан өгүнү догдур чакыртса, кан басымын ченеп көрүп дары берди да: “Эркек менен жашабагандыкы, төрөбөгөндүкү”, - деп кетип калды. Эми кайдагы эркек? Күйөөгө чыкпаганы менен эркектерди деле байкап көрбөдү беле учурунда. Чындап сүйүшпөгөндөн кийин калп мамилелер көпкө барбайт экен. Анын үстүнө Рабия Нуртаевнада чыныгы аялдарда болчу эркекке жагарлык ийкемдүүлүк, наздуулук деген жок. Өзүнүн табияты ушулбу же баягы кызматынан улам ушундай болуп калганбы, ким билет? Бирок адам кургурдун жаратылышы кыйын да. Жан-турпаттын эңсөөсү деген балакетти акылга салып гана башкарбаса, адамдын өзүнө баш бербей турган бир жапайы сезим экен да. Аны өмүр бою билип келатпайбы. Ушул күндөрү алиги келип жүргөн массажчы жигит болбосо кантээр эле?!

***

Күн ара үй кызматына келген Наркүл өз ишин так билет. Өз үйүн кандай таза, тыкан күтсө эжекесинин үйү да так ошондой. Ар бир буюм өз ордунда. Шейшептерден тартып майлыктарга чейин кардай таптаза. Анткени Наркүл ар бир ишти чын көңүлүнөн майын чыгара жасайт. Адамдарга мамилеси да ошондой чын дилден. Ошон үчүн эжекеси ага ишенет. Болбосо илгери көңүлүнө толбогон кыз-келиндердин далайын айдап жиберчү.

Наркүл автобустан түшүп, дүкөнгө кирди да керектүү кант-чайын алып үйүнө шашып жөнөдү. Бүгүн да кеч болуп кетти. Анын үч баласы бар. Күйөөсү курулушта жалданып иштейт. Өзү тигинтип бир жылдан бери Рабия Нуртаевнанын үй кызматын кылат. Күн ара барып кир-когун жууп, үйлөрүн жыйнап-тернеп, тамагын жасап берет. Алган акысына жарып деле кетпейт. Күнүмдүк тириликке эптештирип жашашат. Анын үстүнө бир бөлмө батирде турушат. Андан кененирээги кымбат. Айтор, алар үч баласы менен шаардын четинде батирден-батирге көчүп-конуп жашап келишет. “Үч балаңар бар экен”, - деп кожоюндар оңой менен кабыл ала коюшпайт. Ошон үчүн алар кайда болсо да кысылып жашашат. Балдарын короого чыгарбай, эркин ойнотпой тыйып турушат. Бирөөнүн үйү деген ошо да. Үйдүн жайын ойлогондо күйөөсү түн уйкусунан безет. Канткенде үйлүү болушат? Же бактырып койгон малы жок, же бизнеси жок, же жардам берер бакубат бир туугандары жок. Келинчеги экөөнүн тапкандары күнүмдүккө гана өп-чап жетет. Минтип жашай беришсе өмүр бою үйү жок өтүшөбү? Эртең эле балдары чоңоёт да. Анда кантишет. Айтор, азырынча ишене турган эч ким, эч нерсе жок. Убакыт болсо өтүп жатат. Экөөнүн тең жашы отузга жакындап калды.

Наркүл өзү жамап-жаскап жоктон барды жасаган эпчил келин. Көп балалуу үйдө чоңойгон да. Өзгөчө тамак-ашка чебер, баарын өз колу менен жасайт, сарамжал. Ошон үчүн ал Рабия Нуртаевнага жагып, кызматын кылып жүрбөйбү.

Чынын айтканда, Рабия Нуртаевна өмүрүндө камыр жууруп, кесме кескен аял эмес. Өмүрүндө таттуу токоч же боорсок бышырып көргөн эмес. Кызматта жүргөн жылдарында жалаң сый дасторкондордун үстүндө болду. Өзүнө керек болгондо кол алдындагы кошомотчы кыз-келиндери жасап келип беришчү. Үйүндөгү жыйылган жууркан-төшөктөрүнүн баарын ошолор өздөрү эле жасап тартуу кылышкан. Рабия Нуртаевнанын аял деген эле аты болбосо эркектен айырмасы болбоду. Болбосо жалгыз башынын тирилигин  ойноп эле жасабайбы.

***

Наркүл үй иштерин бүтүрүп кечки тамакты даярдап коюп, эми үйүнө кете бергиси келип турду эле

– Коё тур, чогуу олтуруп ичели, - деди эжекеси. Наркүл арыдан-бери үстөлдүн үстүн даярдай койду. Рабия эжекеси оор салмагын таягына салып шашпай келип олтурду.

– Баса, тиги шкафтын үстүн аччы, арак бар эле...

Бир аз бөксөргөн бөтөлкөнү таап чыкты Наркүл.

– Тамактын алдында кээде дарылыкка кичинеден ичип койгон жакшы, канды суюлтат, - деди да эки стаканга куйдурду.

– Ичип жүр анда-санда, мунун зыяны жок, - деп эжекеси өкүм сүйлөдү. Наркүл жок дей албай стакандын жарымын алды. Мурда ичип көнбөгөнгө ичи өрттөнүп эле кетти.

– Жамандан жарым кашык артат кылбай ал баарын, - дагы буюра сүйлөдү. Ал дайыма ушинтип өктөм сүйлөйт. Бул анын жетекчи кезинен калыптанган мүнөзү. Буйрук берип жүрүп көнүп калган.

(Уландысы кийинки санда)

Элмира АЖЫКАНОВА