Аскат АМАНТАЕВ: “КУРУЛУШ БЕТОНУ КУЛАП ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ЭЖЕМ КАЗА БОЛДУ, ЭЧ КИМ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛБАЙ ЖАТАТ”

Азыр көчөдө жүргөндү мындай кой, өз үйүңдө чай ичип отурган жериңден да оо дүйнөгө узап кетишиң мүмкүн болгон кооптуу жагдайда жашап жаткан сыяктуубуз. Өткөн жумада, тактап айтканда, 10-ноябрь күнү жаңы курулуп жаткан үйгө коюлган курулуш плитасы кулап түшүп кошуна үйдө бейкапар отурган үй-бүлөнү басып калган. Жыйынтыгында эки киши каза болуп, үчөө ооруканада оор абалда жатышат.

 

“Байкушум буктөлгөн боюнча полдун астына кирип кетиптир”

– Менин атым Аскат, ушул Сокулук районунун Новопавловка айылында төрөлүп чоңойгом. Кесибим врач. Атам мен кичине кезимде каза болуп калып таенем мени өз наамына жаздырып алган экен. Кичинемден бөпөлөп эч нерседен кем кылбай бакты, өстүрдү, окутту. Ал тургай үйлөнтүп бир башымды эки баш кылып койду. Үйдө таенем, мен, келинчегим үчөөбүз жашачубуз. Ошол кырсык болгон күнү таенем 78 жашка толуп туулган күнүн белгилеп жаткан элек. Келинчегим Наргиза конок тосуп, дасторкон жасап чуркап жүргөн. Баарыбыз саат 6да конок үйгө чогулуп отурганбыз. Мен келинчегимдин жанында отургам, Наргиза чай куюп жаткан. Анан эле менин телефонум шыңгырап калып, сүйлөшкөнү эшикке чыгып кеттим. Сыртта турсам үйдө бирдеме кулап түшкөндөй болду. Чуркап кирип барсам үйдүн ичи чаң-тополоң, болгон жердин баарына кан чачыраган... Өтө коркунучтуу көрүнүш болуп калыптыр. Көрсө, кран оор бетонду көтөрүп атканда тросу үзүлүп кетиптир да, биздин үйдүн үстүнө кулап, ал шыпты тешип дал биздин үстүбүзгө түшүптүр. Көз ирмемде күлүп-жайнап жакшынакай отурган адамдарды таппай калдым. Эжемди, карындаштарымды урандылардын арасынан тартып чыгардым. Таенемди да көрдүм, эмнегедир көзүмө келинчегим көрүнбөй жатты. Андайда эмне кыларыңды да билбей, акылыңды жоготуп коёт экенсиң. Жанталашып келинчегимди издей баштадым. Көрсө, плита аны басып калган экен. Байкушум бүктөлгөн бойдон полдун астына кирип кетиптир. Канча аракет кылсак да өзүбүз чыгара албай койдук. Анан жанагы жан алгыч крандын жардамы менен бетонду көтөрүп араң алып чыктык. Бирок жаны чыгып кетиптир Наргизамдын. Келинчегим менен жашап жатканыма 3 жыл болгон. Бул аралыкта экөөбүз такыр урушкан жокпуз. Дайыма бири-бирибизди түшүнүп, жакшы мамиле кылчу элек. Балалуу болууну пландап, наристе күтүп жатканбыз. Келинчегим менен кошо жарык дүйнөгө али келе элек баламдан да айрылдым. Эми Наргизасы жок кантип жашайм билбейм, жинди болгон адамдардай эле кайда не кылып жүргөнүмдү кээде билбей калам...

“Үйүм жараксыз болуп ар кимдикинде түнөп калдым”

– Таенем, эжем, эки карындашымды дароо ооруканага жеткиришти. Келинчегимди болсо жерге бердик. Жаракат алгандардын баарынын тең абалы өтө оор болчу. Эжемдин эки буту сынган эле, 16-ноябрь күнү операция жасаганы алып бара жатканда жүрөгү токтоп каза болуп калды. Калгандары дале жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Таенемдин абалы өтө оор, жаракаттан эмес, эки өлүмдү көтөрө албай стресс, шок абалында жатат. Конокко ошол күнү туугандарыбыздан дагы 10 киши келмек. Алар бир аз кечигип келгендиктен аман калышты. Болбосо булар бизди тууган-уругубуз менен өлтүрмөк экен. Кран менен курулуш бетонун көтөрүп жатканда коопсуздук эрежелерин сакташ керек эле да. Жок эле дегенде “эшикке чыгып тургула, силердин үйүңөрдүн үстүнөн бетон алып өтөбүз” деп эскертишсе деле эшикке чыгып турмакпыз да. Жок жерден мени жакындарымдан ажыратып, үйүмдү жараксыз абалга алып келип койду. Азыр үйгө жашаганга мүмкүн эмес. Мындай окуядан кийин үйгө да киргиң келбей калат экен. Мен бир күн туугандарымдыкында, экинчи күнү досторумдукунда, үчүнчү күнү машинамда түнөп күн өткөрүп жатам. Меникиндей тагдырды эч кимге каалабайт элем.

“Салынып жаткан үйдүн ээси эч нерсе болбогондой эркин жүрөт”

– Бирок элден айланса болот, үйдө эч кимдин жоктугуна карабай куран окуп келип жатышат. Кошуналарыма абдан ыраазымын, ошол күндөн бери кызматтарын аябай жардам берип чуркап жүрүшөт. Ал эми үй салып жаткан тарап жардам кылмак турсун, күнөөлөрүн моюнуна албай жатышат. Ал салынып жаткан үйдүн ээси Орусияда эмес, бул жакта эле эч нерсе болбогондой эркин басып жүрөт. Курулуш бетондун сапаты өтө начар үбөлөнүп жүрөт. Кургай электе эле сатыкка чыккан экен. Арасындагы зымдарын колуң менен сындырсаң сынып жатат. Ал эми крандын айдоочусу: "Үй ээси өзү уруксат берген кошуна үйдүн үстүнөн алып өтө бер деп, ал да менин үйүм, ичинде эч ким жок деген", - деп айтып жатат. Айтор, кран айдаган айдоочу да, бетон чыгарган фирма да күнөөнү моюндарына албай койду. Тескерисинче, крандын ээси келип:“Кранымды бергиле, менин жумушум токтоп, акчадан калдым”,- деп мага догурунат. Канча киши өлүп, үйүмдөн айрылып кан жутуп отурганымды алар сезбейт окшойт. Азыркы адамдарда сезим, мээрим барбы, эч түшүнбөй койдум. Адамдардын мээси акча деп иштеп, жүрөгү акча деп согуп калган заманда жашап жатканыбызды түшүндүм. Менин ооруканада жаткан туугандарыма оңбогондой каражат кетип жатат, эмнеге аларды ойлошпойт? Крандын ээси менен талашып-тартышып кранын бербей койдум. Ушундай иштер менен алышып жатып ооруканага жакындарыма барганга убактым жок болуп жатат. Сокулук РОВДсынын тергөөчүсү Асанбек уулу Азамат мага тоскоолдук жаратып, арызымды албай жатып араң алышты. Азыр да ошол жактан алар менен алышып келе жатам. Билбейм, мыйзам деген болуш керек да. Алар бүт жерге акча берип оозун жапса деле абийир деген нерсе бар да. Мындай жагдайда кантип күнөөлөрүн моюнуна албай жатышат таң калып бүтпөй жатам. Окуя факты менен көрсөтүп турбайбы, мындан артык буларга дагы кандай далил керек. Буулугуп, бул жашоодон, адамдардан көңүл калып баратат.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА