Кооз жеңил тамактар

Мандариндер

Кандай азыктар керек?

Жумуртка: 2 даана

Катуу сыр: 150 г

Жумшак сыр: 100 г

Сабиз: 2 даана

Сарымсак: 4-5 тишче

Туз

Майонез

Кантип жасалат?

Сууга бышырылган жумуртканы, катуу сырды кыргычтан өткөрүп аласыз.

Сабизди сууга бышырып, муздаган соң аны да кыргычтан өткөрөсүз. Сарымсакты майдалайсыз.

Сабизден башка азыктардын бардыгын кошуп майонез менен аралаштырасыз.

Колуңузду суулап туруп бул аралашмадан мандариндин өлчөмүндөй тоголокчолорду жасап, үстү жагын бир аз чуңкурайтып басып коёсуз.

Даяр болгон тоголокчолорду идишке салып муздаткычтын тоңдургучуна 15 мүнөткө сала турасыз.

Колуңузду өсүмдүк майы менен майлап, андан кийин суулап туруп кыргычтан өткөрүлгөн сабизди жалпак кылып жайып, ага тоголокторду ороп коёсуз.

Мандариндин жалбырагын петрушкадан жасасаңыз болот.

 

 

Фаршталган помидорлор

Кандай азыктар керек?

Помидор: 6-7 даана

Түстүү капуста: 1 даана

Зайтун: 100 г

Майдаланган петрушка: 2 чоң кашык

Майонез: 2 чоң кашык

Каймак: 2 чоң кашык

Туз, мурч: татымына жараша

Кантип жасалат?

Түстүү капустаны ажыратып, туздуу сууга кайнатып бышырасыз.

Помидорду гармошка сыяктуу кылып 5-6 жеринен тилесиз, бирок аягына чейин эмес.

Бышкан капустаны вилка менен эзип пюре абалына келтиресиз да, ага петрушканы, каймакты, майонезди, туз, мурч кошосуз. Жакшылап аралаштырасыз.

Эми бул аралашманы помидордун тилинген ачык жерлерине ныгырып саласыз.

Кооз көрүнүү үчүн сыртына чыгып кеткен фаршты салфетка менен аарчып, зайтун менен кооздоп коёсуз.

 

 

Балатынын оюнчуктары

Кандай азыктар керек?

Картошка: 0,5 кг

Балыктын филеси: 300 г

Жумуртка: 2 даана

Сыр: 400 г

Бадыраң: 2 даана

Жашыл болгар калемпири: 1 даана

Кызыл болгар калемпири: 1 даана

Майонез: 3 чоң кашык

Туз, мурч

Укроп

Кантип жасалат?

Балыктын этин сууга кайнатып бышырып алып, муздаган соң кылкандарынан тазалайсыз жана чарчы кылып туурайсыз.

Картошка менен жумуртканы да сууга бышырасыз. Бышкан соң картошканы пюре кылып эзесиз, жумуртканы чарчы кылып туурайсыз.

Эми тууралган балыктын этин, жумуртканы, пюрени, майда тууралган бадыраңды жана кыргычтан өткөрүлгөн сырды кошуп, татымына жараша туз, мурч себелеп майонез менен аралаштырасыз.

Пайда болгон аралашмадан тоголокторду жасайсыз.

Болгар калемпирлерин майда туурап жашылын өзүнчө, кызылын өзүнчө идишке саласыз да, тоголокторду аларга оонатасыз. Ошентип жашыл, кызыл тоголоктор пайда болот.

 

Айназик РАИМКУЛОВА