Айзада: «Ашыкча салмагым бактыма жарака кетирди»

Бир карасаң аялдар сулуулуктун өзү болууга, эркектер ал сулуулукту карап отурууга жаралгандай. Себеби жер жүзүндө канча аял болсо, анын баары сулуулугун арттыруу, жакшыртуу, сактоо үчүн убара тартышат. Ал эми эркектин баары аялдын сулуулугуна суктанып, ашыгып, азгырылып келишкен. Бүгүнкү каарманыбыздын жашоосу дал ушундай ой жаратат. Айзаданын окуясы бир нече айымдын баянын чагылдырып, ошол эле маалда бир канча кыз-келинге сабак болот деп ойлойбуз.

 

«Арыктыгыма абдан сыймыктанчумун»

– Мектепти аяктап жаткан кезде 40 кило да чыкпаган абдан арык кыз элем. Айылдын муздак абасына беттери туурулуп, булчуңдары чыгып, эмне кийим кийсе да курсагы билинип турган курбуларымдын эткээл турпаттары мага такыр жакчу эмес. Өзүмдүн арыктыгыма абдан кубанчу элем. Апама кыздардын тултуйган балтыры, отурса бүктөлгөн курсактары жөнүндө мурдумду чүйрүй кеп кылганымда ал дайыма: «Кой, кызым, аялдын келбети миң кубулат. Мен да бир кезде арык кыз элем, беш бала төрөп минтип балпайган аял болдум. Сен да эртең эле этек-жеңи жайылган аял болосуң», - дечү. Ал анткен сайын мен так секирип арык бойдон каларымды айтып талашчумун. Бул кылыгым мектепти эле эмес, жогорку окуу жайды аяктаганча уланды. Чындыгында мен ал кезде куурчактай сымбаттуу элем, аным менен ашкере сыймыктанчумун.

 

 

«Күтүүсүз толук аялга айландым»

– Сулуулугума ашык болгонун айтып түгөтө албаган алибеттүү жигитке колукту болдум. Экөөбүздүн солкулдаган жаштыгыбыз жалындуу эле, жакшы эле. Ал менин чырайымдан эсинен тана турган. Баш кошкон алгачкы жылдарыбыз күнү сагыныч, түнү кумар менен өттү. Анан баары кандай өзгөрүп кеткенин байкабай да калдым. Уулубуз жарыкка келген соң мен калыбыма дээрлик келген жокмун. Апам менен кайненем: «Сен жегендин баары сүт болуп балаңа барат, жегин», - дешчү. А мен кош бойлуу кезимде эле тамакты жакшы жечүмүн. Жумуштан келе жатып үйүбүзгө жакын тандырдан ысык эки нан алып келип каймак, кыям сыйпап ырахаттана жеп алчумун. Ал кезде менде төрөсөм эле баягы калыбыма келем деген ишеним бек болчу. Кыз кездеги келбетим дал ошондой калыбына келет деп ойлочумун. Бирок андай болгон жок. Мен болсо апаларымдын айтканын угуп күчтөп тамактанып, түрдөп жей бердим. 40 күн өттү, алты ай өттү, бир жыл өттү, калыбыма келбедим. Арык кыздан толук аялга кандайча айланып кеткенимди өзүм да билбей калдым.

 

 

«Катар төрөп кадырлуу аял болом дедим»

– «Ана арыктайм, мына арыктайм» деп этек-жеңимди жыйнаганча болбой экинчи ирет кош бойлуу болуп калдым. Эки баланын түйшүгү эки эсе эмеспи. Жолдошум: «Биз мурдагыдай болбой калдык. Сен балдар менен эле алек болуп, мага карабай калдың. Мен эмес, өзүңө да карабай атасың», - деп калчу. Көрсө, ал толук келбетимден ошол кезде эле иренжий баштаган экен. Ал ушинтип нааразы болгон күндөрү кичине өзүмө карамыш болуп, кайра бат эле түйшүккө түшүп кетчүмүн. Кээде ал жанагындай кептерин баштаганда: «Мен сага бала төрөп берип атам. Ыраазы болбойсуңбу? Мен сенин тукумуңду улап аткан соң сен мени кандай болсом да сүйүшүң керек», - деп бет тырмап, оозун басып койчумун. Экинчим экиге чыгып, жалаяктан эми-эми колум бошогон кезде дагы бирди төрөп алууну чечтим. Жеңем кийин кыйын болуп каларын, дагы бирди төрөсөм баары удаа чоңоюп жыргарымды айтып, макул кылды. Ары мен да кайын журтумдагы эреже боюнча катар төрөп кадырлуу келиндердин бири болгум келди. Ичимде: «Үч балага шүгүр кылам. Анан өзүмдү абдан карайм», - деп жүз кайталап ойлонуп жаттым.

 

 

«Келбетимден басынып, стресске кабылдым»

– Тилегенимдей үч балага эне болдум. Деги эле аялдын төрөттөн кийин калыбына келүүсү кыйын эмеспи. Ал эми үчүнчү баладан кийин бул процесс өтө эле оор экен. Балдардын түйшүгүнөн суй жыгылып, уйкуга араң убакыт тапчумун. Күйөөм баягы нааразы кебин маал-маалы менен кайталап, ачык эле жактырбай да койчу болду. Мен болсо башта «төрөсөм эле өзүмө карап баштайм» деген болсом кийин «кыркыбыз чыксын», анан «баламды кичине торолтуп алайын» деп өзүмө убакыт таппай жүрдүм. Ансыз да кебетемди жерип күзгүдөн качып жүргөн мен үчүн күйөөмдүн айткандары катуу тийчү. Толуктугумду айтты дегенче: «Арык аял таап ал», - деп кебин жула каччу болдум. Бир күнү ал: «Он жылдык салтанатка эки эле ай калды. Арыкта, алдагы ырайың менен барсаң классташтарым "апа" деп алышат го», - деди. Бул сөзүнө мурдагыдан бетер ардандым. Бирок чындыкты кабыл алышым керек эле. Кече үчүн күйөөм мындай шарт коёт деп такыр ойлогон эмесмин. Интернетти казып тааныш келиндерден арыктоонун түркүн сырын сурап шашып калдым. Эки ай ичинде эмнелерди гана кылган жокмун. Көнүгүүнүн түрүн жасап, күн куру койбой диетанын түрүн колдонуп көрдүм же кубанарлык арыктабадым. Болгону 3 кило таштадым. Салтанатта күйөөм мени досторуна, аяштарына тааныштыруудан уялып жатканы байкалып атты. Айылда жүргөн үч күндө менден оолактап мамиле кылганы мени абдан басынтты. Үйгө келип катуу уруштук. Ал мага «былтыйбай, тултуйбай» деген жагымсыз кептерди айтты. Катуу таарындым, ошондон кийин аны менен конокко бирге барбай койдум. Ал да жайыма койду. Кечээ эле жалынып турган күйөөм минтип ачуу кеп айтып көңүлүмдү оорутат деп такыр ойлобогон элем. Өзүмдөн-өзүм чүнчүп, ачуулуу, ыйлаак болуп кеттим.

 

 

«Толуктугумдан корунуп күйөөмө жолобой калдым»

– Күйөөмдүн мени жокко санап конокко жалгыз кеткени көбөйгөн сайын арабыз алыстай берди. Теңтуш келин, абысындардын себеп сурап чалууларына ар кандай шылтоо айтып койчумун. Чынында толук кебетем менен аларга өзүм деле көрүнгүм келчү эмес. Кимдин болбосун: «Ий, аябай өзгөрүптүрсүң. Толуп кетиптирсиң го, тааныбай калыптырмын», - дегени кыжырымды келтирчү. Антип айткан адамды жек көрүп калчу болгом. Ошентип өзүмдөн-өзүм корунуп, бекине берип күйөөмдү өзүмдөн таптакыр алыстатып алыптырмын. Анын шылдыңдап, басынтканынан кийин мен үчүн аны менен эрди-катын мамилесин кылуудан кылбай койгон артык эле. Толук денем үчүн корунуп, ыңгайсызданып жаткандан көрө тынч уктап калганыбыз жакшы болчу. Өзүмдөгү ушундай абалдан улам анын түнкү кезекке жумушка киргенине абдан кубангам. Ал түнкү кезекке кеткен күндөрү кадимкидей кабагым ачык жүрчүмүн. Бир айда эки-үч жолу жакындашканыбыз болбосо, биз бири-бирибизге дээрлик чоочун болуп калганбыз. Ошентип жашап жүргөн бир күнү кир жууп жатып чөнтөгүнөн презерватив таап алдым. Бул абалда бир гана ой ойлоого мүмкүн эле, ал мени алдап жүрөбү? Бул тууралуу мурда такыр ойлонбоптурмун. 3-4 күндө бир түнкү кезекке кеткенинен деги эле шек кылган эмес элем.

 

 

«Күйөөмдүн көзүмө чөп салуусу көзүмдү ачты»

– Ошол күндөн баштап күйөөмдүн телефонун аңдый баштадым. Ал менден телефонун мынчалык коруп турарын мурда билбептирмин. Акмалап жүрүп экран бетиндеги сыр сөзүн жаттап, телефонун толук аңтарган күнү баары ачыкка чыкты. «Татына» деп сакталган номердин чалуулары, СМС каттары, сүрөттөрү... Эми мага баары белгилүү болду, Татына деген күйөөмдүн эрден чыккан классташ кызы болуп чыкты. Экөө баягы он жылдык салтанаттан кийин табышышкан экен. Каттарында күйөөм аялдын ичке белин, арык моюнун, жумшак колдорун абдан сагынганын ачык айтыптыр. Арыктыгы эле болбосо көзү бүтүк, өзү сары, чачын тармалдаткан ал аялдын менден артык эч нерсесин таппадым. Акылын, билимин, иш кылганын элестетип теңиме албасам да, ал баарын болгону арыктыгы менен жеңип атканын моюнума албай коё албадым. Күйөөм анын эрден эр тандаган жеңил ойлуулугуна карабай, арыктыгына кызыкканына ичим туз куйгандай ачышты. Ошол мүнөттөрдө бул кылыгы мен үчүн кечирилгистей сезилди. Таң атса эле түйүнчөгүмдү түйүп кетип калгым келип, кайра уйкусунан ойготуп бетин тытып алгым келип муунум калчылдап, ачууландым. Бирок сырын билип калганымды айтууга батынбадым. Сыр билдирбей ишке узаттым, сыр бербей чыгып кетти. Өмүрүмдө ошол күндө ойлонгондой ойлонуп көрбөсөм керек. Заматта кечээгимди, бүгүнкүмдү, эртеңимди аңтарып-эңшерип ойлонуп чыктым. Эртең балдарым тирүү жетим болбосун дедим, арты-артынан төрөп кадыр топтойм деген аракетим тепселип калганына намыстандым, аягы суюк аял менен эримди бөлүшүп жашап жүргөнүмө ардандым, бүтпөгөн көр оокатка алышып сулуулугумду унутканымды билдим. Ал түнү да күйөөм «түнкү» ишине кетти. Таң агарганча кирпик ирмеген жокмун. Өткөнүмө, баарынан өзүмдү карабай койгонума абдан өкүндүм.

 

 

«Бактымды кайтарып алдым»

– Балдарын багып, кирин жууп, тамагын жасап берип жатсам да, башымды аттаганы үчүн күйөөмдү күнөөлөп, чыр салууну эчен эңседим. Бирок мени дайыма бир ой токтотчу. Эгер анын ойноп жүргөнүн айтсам, ал менин келбетиме сын тагып, толуктугумду айтып чыгары белгилүү эле. Анын ушундай мүнөзүнөн улам тилимди тишиме катып, жашообузду жакшы нукка буруунун жолун издей баштадым. Мурда тамактардын рецепттерин издесем, эми туура тамактануунун эрежелерин издеп калдым. Ар кандай гезит-журнал, сайттардан жакшы жубай болуу тууралуу кеп-кеңештерди чогулта баштадым. Ал сайын кызыгуу менен окуп, үйрөнүүгө ынтызар болуп кеттим. Мындайда тааныштардан көрө таптакыр бейтааныш адам менен сыр бөлүшүү жеңил да, пайдалуу да экен. Машыгуу залынан таанышкан эженин мени шыктандыруусу да өзгөрүүмө чоң салым кошту. Башта күйөөмө менин аракеттеримдин бири да байкалбады. Керек болсо чач жасалгамды өзгөртүп, аны жумушка атайын боёнуп узатып, тосуп алып жатканымды да элес албай жүрдү. А мен токтобой өзгөрүүгө болгон аракетимди жумшай бердим. Максат кылгандай 10 кило салмак таштаган күнү атайын сатып алган жаңы шейшепти салып, жарашыктуу кызыл ич көйнөк кийип, күйөөмө эркелөөгө эркимди баш ийдирдим. Мага канчалык комсоо сезилип, ыңгайсыз туюлса да, күйөөмө аял катары аны ар дайым каалап, күтөрүмдү билдирдим. Эркеледим, кучактадым, өптүм. Ал менин абдан арыктаганымды ошондо даана байкады. Арыктаганым ага абдан жагымдуу болгону ачык билинип турду. Бул мага шык берди. Мындан кийин да көздөгөндөй салмакка жетүү үчүн бүт эркимди жумшадым. Анан уктоочу бөлмөбүзгө көп көңүл буруп, халаттан ич көйнөктү көп сатып алып калдым. Көп өтпөй күйөөм да өзгөрүлүп «түнкү» кезектеги ишин таштаганын айтып, ишинен убагында келчү болчу. Азыр менде баары жакшы, баары жайында. Бир кездеги чырайым болбосо да жакшынакай келбетим бар, балдарым чоңоюп жатышат. Башкысы, күйөөм кайда барса да үйгө шашып келет.

Бирок ушунун баарына ыраазы болуп келип, артынан бир өкүнүп алам. Эх, эмне үчүн мен баарын өз убагында кылган жокмун?.. Башкалар мендей кечигишпесе...