БЕТИНЕ КИСЛОТА ЧАЧЫЛГАН СУЛУУЛАР

Кислотаны колдонуу менен кол салуу дүйнө жүзү боюнча жазалоонун эң кеңири таралган жана аёосуз түрү. Жакында Индияда мына ушундай кол салуунун курмандыктары болгон модель кыздар өлкөнүн эң мыкты деген дизайнерлеринин кийимдерин кийип подиумга чыгышты. Иш-чаранын уюшулушунун максаты – жүзүндө эле эмес, жүрөгүндө да кетпес так калган сулууларды элге аралаштыруу, аларга стимул берүү болду. Кислотанын курмандыгы болгон сулуулар Индияда эле эмес, дүйнөдө миңдеп саналат. Алардын айрымдарынын тарыхына кызыгып көрдүк.

Решма Куреша

Индиялык сулуу Решма Куреша 17 жашында анын жашоосу толук өзгөрөт. Эч нерседен капарсыз кыз бир тууган эжеси жана курбулары менен сейилдеп жүргөн учурда аларга бейтааныш адамдар кол салышат. Алар Решманы эжеси менен алмаштырып алышат. Кийинчерээк кылмышкердин Решманын эжесинин мурунку күйөөсү экени билинген. “Кылмышкерлер ушул күнгө чейин жазасын алышкан жок, а мен жүзү жок адамга айландым. Менин эстегеним, эжем мага: “Кач!” - деп кыйкырды. Бирок мен жетишкен жокмун, мени колумдан кармап туруп бетиме кислота куюп салышты”,-деп эскерет кыз өмүрүндөгү эң жагымсыз ошол күндү. Кыздын бети, денеси катуу күйгөн жана бир көзү агып түшүп калган. Муну менен Решма тагдырына моюн сунуп отуруп калган эмес, бүгүнкү күндө ал блоггер болуп майыптык жашоонун чеги эмес экенин далилдеген ар кандай тасмаларды интернетке жүктөп турат. Биринчи жолу өткөн жылы күзүндө Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгында индиялык белгилүү дизайнердин кийимдерин жарыялап подиумдун чыныгы жылдызы болгон. Подиумга чыгуудагы максаты – Индияда кислотанын жеткиликтүү экенине башкалардын көңүлүн буруу экенин өзү айткан.

 

 

Жессика Нотаро

Италиялык модель жана “Италия сулуусу - 2007” конкурсунун жеңүүчүсү Жессика Нотарого мурунку жигити кислота чачып салган. Бир азга созулган сүйүү романынан кийин жигитинин мынчалык мыкаачы экенин билбеген кыз мамилени токтотууну чечет. Ал эми жигит сезимин тебелегени үчүн кыздан ушундай жол менен өч алат. Трагедиянын жыйынтыгында Жессиканын бети, денеси, көзү химиялык күчтүү күйүктөн жабыркайт. Бүгүнкү күндө айына болжол менен 800 евро каражатка оорусун басуучу дары-дармек алат. Пластикалык операцияны болсо организми бир аз чыңалгандан кийин жасатууну пландоодо. Мындан көп эмес убакыт мурун телешоуго келген Жессика биринчи жолу жүзүн бекитип жүргөн жоолугун чечип, өзүн ушундай абалга келтирген адамга кайрылып: “Мени эмне кылып койгонуңду көр. Бул сүйүү эмес”,- деп айткан.

 

 

Кэти Пайпер

2008-жылы 35 жаштагы Дэнни Линч өзүнүн сүйгөн кызы – атактуу модель Кэти Пайпердин жүзүнө кислота чачкан. Мындан улам кыздын көзү, оозу, тили, кызыл өңгөчү, колу, моюну катуу жабыркаган. Кэти ооруканага түшкөндө врачтар өмүрүндө мындай оор жаракатка туш келбегендерин айтып таң калышкан. Акыркы 3 жылда эле Кэти 80ден ашуун ички органдарына жасалган операцияны башынан өткөрүп, ошондон кийин гана кадимкисиндей тамак жеп, суюктук ичип калган. Пластикалык хирургдар да уникалдуу операция жасашкан, тактап айтканда, моделдин бетине синтетикалык терини коюшкан. Бүгүнкү күндө Кэтинин ден соолугу да, сулуулугу да калыбына келген, а мурунку жигити өмүр бою эркинен ажыратылып Британиядагы түрмөлөрдүн биринде жатат.

 

Дана Вулин

Австралиялык Дана Вулин 2012-жылы бир таанышынын чектен тыш кызганчаак аялынын курмандыгы болгон. Күйөөсүнүн “башын айлантып” жүргөнүнөн шектенген аял Дананын бетине этил спиртин чачып жиберет. Жыйынтыгында Дана бетинен жана денесинен 3-даражадагы күйүк алып, көп убакыт комада жатат. Кыз көптөгөн операцияларды башынан өткөргөн жана атайын маска тагынып жүргөн. Ошондой эле денесиндеги күйүктү жашыруу үчүн атайын скафандр кийип жүрчү. Өзүнүн айтымында күйүктөн улам бети ушунчалык коркунучтуу болуп калган, күзгүнүн жанына баргандан коркчу. Ошентип өзүнүн үстүнөн кыйынчылыктар менен тынымсыз иштөөдөн кийин Дана маскасын чечип, өзүн бүт дүйнөгө көрсөттү: бетиндеги анча-мынча тырыктарын эске албаганда баягысындай эле сулуу.

 

 

Элеонора Кондратюк

Мындай трагедия орусиялык сулуу Элеонора Кондратюктун да башынан өткөн. “Сочи сулуусу” жана башка көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү болгон бул сулууну 1999-жылы сүйүүсүн кабыл албагандыгы үчүн күйөрманы таанылгыс кылып өзгөрткөн. Ал чачкан кислота кыздын көзүн, дем алуу органдарын, бет терисин, моюнун жана ийинин күйгүзүп кеткен. Өтө оор жаракат менен күйүк борборуна түшкөн сулууну догдурлар аркы дүйнөнүн оозунан сууруп чыгышкан. 300дөн ашык операция жасалганына карабай ага жакшы жашоо буюрбаптыр. Элеонора эч кимге жүзүн көрсөтпөйт. Көчөгө чыкса, жүзүн жаап алат. Ал өзүнүкүнө окшогон тагдырга туш келген адамдар менен көп убактысын өткөрөт.

 

Рита

Индиялык дагы бир сулуу Ританын тагдыры да кислота менен байланышкан. Анда Рита 16 жашта эле. Ага турак жай талашуудан улам эжеси кислота чачкан. Андан бери 4 жыл өттү, бирок Рита ал күндү эч качан унутпайт. “Атам менен анын эжесинин ортосунда үй талаш маселеси бар эле. Эжем атамдан өч алуу үчүн өзүнүн кол алдында иштеген адамдары аркылуу мени коркунучтуу адамга айлантты. Мен волейбол боюнча машыгууга бараткам. Бир маалда менин жаныма эки адам отурган мотоцикл токтоду да, бири бетиме бир суюктукту чачып жиберди. Алардын баарын соттошкон, бирок бат эле кайра чыгарып жиберишти”,-деп нааразычылыгын билдирет Рита.

 

 

Ширин Мохамади

Сүйүктүүсүнөн оң жооп ала албаган жигити Ширинге кислота чачканда ал болгону 18 гана жашта эле. Кыз оң көзүнөн, кулагынан ажырап, оозунун формасы бузулуп калган жана бардык денеси катуу күйгөн. Бүгүнкү күнгө чейин бул сулуу бир нече пластикалык операцияларды башынан өткөрдү, бирок дагы да жасала турган бир нече операциялар бар.

 

Наоми Они

Британиялык бул сулуунун кыялы модель болуу эле. Ушул максатына жетүү үчүн ал такай өзүнүн үстүнөн иштөөдөн тажаган эмес. Аны бардык жактан колдогон адам жакын курбусу Мэри Конье болгон. Бирок дал ушул курбусу Наоминин тагдырын түп тамырынан өзгөрттү. Конье бардык жагынан Онини туурачу: кийинүү стилин, чач жасалгасын, атүгүл мимикаларынан бери. Анан да Коньеге курбусунун жигити жагар эле. Анан ал жигитке жетүү үчүн Наомиден арылууну чечет. 2013-жылы Рождествонун алдында Они бутиктеги жумушунан келе жаткан эле. Алдынан паранжа кийген аял чыгып бетине бир суюктукту чачат. Окуя көчөдөгү видео камерага түшүп калгандыктан изи сууй электе табышкан. Сырдуу кылмышкер – Мэри Конье болуп чыгат. Аны 12 жылга эркинен ажыратышкан.

 

Айназик РАИМКУЛОВА