Кофенин сиз билбеген пайдалары

Кофени биз ысык суусундук катары эле ичип жүрөбүз. Көрсө, кофе жашообуздагы көптөгөн башка учурларда да жардамга келет экен.

 

Целлюлитке каршы күрөшүүдө

Кофе целлюлит менен активдүү күрөшөт. Бул үчүн кофе тунмасына зайтун жана имбирь майын аралаштырып, даяр болгон масканы көйгөйлүү зоналарыңызга айлантуу кыймылы менен сүртүү керектелет. Процедураны бир жумада эки жолу жасоо кажет.

 

Идиш-аяктарды жууса болот

Кофенин тунмасы сода же башка идиш жуучу каражаттардын ордун алмаштырат.

 

Кофе жыттанган шам

Алгач өзүңүз каалаган калыпты аласыз. Анын ортосуна биликти саласыз. Эми жарым стакан кофени калыпка куясыз. Анын үстүнө ошончо көлөмдөгү колдонулган шамды эритип куясыз. Катканга чейин муздаткычка сала турасыз. Бул шамды жагып койсоңуз, үйүңүздүн ичи жагымдуу кофе жыттанып турат.

 

Чачтын түшүүсүн токтотот

Башыңызды жуугандан кийин баш териге кофе тунмасын сүртүп, 15 мүнөттөн кийин массаж жасаңыз. Анан жылуу суу менен чайкап коёсуз. Мындай массаж чачтын түптөрүн бекемдеп, бат өсүүсүнө жардам берет. Аталган маска сары чачтуу айымдарга сунушталбайт.

 

Табигый пластилин

Кофеге кайнак суу, туз, май кошуп пластилин жасасаңыз болот.

 

Чач боёк катары колдонсоңуз болот

Туура демделген табигый кофе жакшы чач боёк болуп эсептелет. Ага хна кошсоңуз да болот. Ал үчүн: кофенин тундурмасына кондиционер же шампунь кошуп чачыңызга кадимки боёк сымал сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин таза жууп коюңуз.

 

Кофе - мыкты жер семирткич

Кофе тунмасы мөмөлүү бак-дарактарга жана гүлдөргө мыкты жер семирткич болуп бере алат. Бак тигип жатканда топуракка аралаштырып же сугарып жаткан учурда суюгун кошуу абзел.

 

Чач боёк катары колдонсоңуз болот

Туура демделген табигый кофе жакшы чач боёк болуп эсептелет. Ага хна кошсоңуз да болот. Ал үчүн: кофенин тундурмасына кондиционер же шампунь кошуп чачыңызга кадимки боёк сымал сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин таза жууп коюңуз.

 

Жолдогу карды эритет

Кофенин тунмасын көчөдөгү тайгакка сээп койсоңуз, табигый сырьё болгондуктан күндүн нурун өзүнө тартып алып, кардын эрүү процессин тездетет.

 

Эмеректерди жаңылайт

Жыгачтан жасалган кара түстөгү үй эмеректеринин чийилген жерлерине демделген кофени кебездин жардамы менен өз өңүнө окшошкончо сүйкөп, чийиндерден арылыңыз.

 

Дене жана бетиңизге скраб

Бир нече даана кургак кофеге зайтун майын кошуп, бетиңизге же денеңизге массаж жолу менен сүртөсүз да 10 мүнөттөн соң жууп коёсуз. Зайтун майы терини нымдап азыктандырса, кофе - табигый скраб. Мындай скрабды пляжга барарда колдонсоңуз, дененин бир калыпта күйүүсүнө жардам берет.

 

Көздүн шишигин таратат

Майдаланган 2 аш кашык кофеге 2 чай кашыктан какао жана бал, үч аш кашык сүт же йогурт кошуп, бетиңизге жабыңыз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Маска беттеги тешиктерди ачат, ашыкча майларды жоготот жана көздүн айланасындагы шишиктерди кетирет.

 

Жагымсыз жытка каршы каражат

Кофенин ичилгенден кийинки калдыктарын бут кийимдин ичине салып койсоңуз, андагы тердин жытын кетирет. Колуңуз сарымсак де пияз жыттанып жаткан учурда да кофеден сыйпоо керек. Ошол эле учурда муздаткычтагы жытты кетирүү үчүн да колдонсоңуз болот.

 

Кофе - мыкты жер семирткич

Кофе тунмасы мөмөлүү бак-дарактарга жана гүлдөргө мыкты жер семирткич болуп бере алат. Бак тигип жатканда топуракка аралаштырып же сугарып жаткан учурда суюгун кошуу абзел.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы