Кайсынысы көбүрөөк пайдалуу: КАРА ЧАЙБЫ ЖЕ КӨК ЧАЙБЫ?

Эл арасында: «Кара чай зыяндуу: тишти саргартат, беттин терисинин түсүн бузат, организмди алсыздандырат, анткени андагы башка азыктардан алынган керектүү витаминдер менен минералдардын баары чай менен кошо сыртка чыгып кетет. Андыктан аны көп ичпеш керек”,- деген түшүнүк бар экенин баарыбыздын эле кулагыбыз чалып жүрсө керек. Чын эле ушундайбы? Анда окумуштуулардын изилдөөлөрүнө көз жүгүртүп көрөлү.

 

Кара чайды Өтө кызыл кылбай ичсе...

 

- Унутчаактыкты жоёт, кан басымды жөндөйт

- Жүрөктүн, бөйрөктүн иштешин оңдойт

­- Тамагыңыз жакшы сиңет

- Кариестин, кант диабетинин алдын алат

- Семирбейсиз, салмагыңыз нормада сакталат

- Иммунитетти жогорулатат

- Ооздун ичиндеги жагымсыз жытты кетирет

 

 

Өтө кызыл кылып ичсе...

- Тез чарчатат, уйкусуздукту пайда кылат

- Көп ичсе нерв системасынын иштешин бузат

- Тиштин эмалы саргарат

- Кан басым жогорулайт

- Жүрөккө, бөйрөккө күч келет

 

 

Көк чайды Ченеми менен ичсе...

- Холестеринди азайтат

- Иммунитетти жогорулатат

- Кан айлануу системасын, жүрөктүн иштешин жакшыртат

- Артериалдык кан басымды төмөндөтөт

- Кант диабетинен сакаюуга көмөк көрсөтөт

- Организмдеги токсиндерди айдап чыгарат

- Ашказан-ичеги, бөйрөк жакшы иштейт

- Онкологиялык оорулардын: өпкө, жоон ичеги, түз ичеги, ашказан, тери жана эмчек рагынын, кариестин алдын алат

- Канды тазалайт

- Теринин серпилгичтигин жогорулатып, эрте картаюудан сактайт

- С, В1, В2, РР, К витаминдерине жана йод, калий, жез минералдык заттарына бай

- Чачтын, тырмактын сапатын жакшыртат

- Нервди тынчтандырып, эске тутууну калыбына келтирет

- Арыктатат

 

Ашыгы менен ичсе...

- Зат алмашуу бузулат

- Ревматизм, артрит оорулары бар болсо күчөтөт, жок болсо пайда кылат

- Жүрөк, нерв системалары начарлайт

- Кан басымды түшүрөт

- Ашказандын кычкылдуулугун жогорулатат

- Бөйрөктө таш пайда болот

- Уйкусуздук, тынчсыздануу, кыжырдануу, алсыздыкты алып келет

 

 

Бир күндө канча жолу ичүү керек?

Кара чайды өтө кызыл кылбай, бир күндө 4-5 чыныдан ашык ичпеңиз. Ошондо ал ден соолугуңуз үчүн абдан пайдалуу. Андан ашса зыян. Себеби чайдын кайсы сорту болбосун (алтургай көк чайда да), курамында көп өлчөмдөгү кофеин болот. Кофеинди көп кабыл алуу бир канча ооруларды пайда кылат. А эгер өтө кызыл кылып ичмейинче туралбасаңыз, бир күндө 2-3 гана чыны ичүү зарыл.

Ал эми көк чай ичүүнү бир күндө 4 чыныдан ашырбаңыз. Өлчөмүнөн көп ичүү пайдалуулугун жок кылат. Ошондой эле ашказан, он эки эли ичегиде жарасы барларга, жүрөк оорусу менен ооругандарга көк чай ичүүгө тыюу салынат!

 

Туура демдөө

Көпкө туруп калган кара чайды ичүүгө болбойт. Аны ар бир чай ичердин алдында ичкенге жеткидей аз өлчөмдө демдеңиз. Себеби жаңы демделген кара чай 20 мүнөттөн кийин организмди ууландыруучу азыкка айлана баштайт.

 

Тамак менен ичпеңиз

Изилдөөлөргө таянсак, чайды тамак менен аралаштырбай өзүнчө ичүү зарыл. Антпесе тамактын сиңиши оорлойт. Ичкен-жегениңиз бир канча саатка чейин ашказаныңыздын капталына жабышып, топтолуп тура берет. Андыктан тамактанууга 15 мүнөт калганда же тамактанып бүткөн соң 30 мүнөттөн кийин чай ичсеңиз туура болот.

 

Булардан тышкары...

Кара чай менен көк чайды төмөнкү максатта да колдонууга болот:

Терини жылмакай кылып, бырышты жазат. 20 г ун, жумуртканын сарысы, күчтүү демделген көк чайды аралаштырып бетиңизге, моюнуңузга текши сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Көздүн кызарганын таратат. Эгерде чарчоодон улам көздөрүңүз кызарып кетсе, кара чай жардамга келет. Ал үчүн 1 чай кашык кургак чайды 50 г кайнак сууга демдеп, 30 мүнөт тыныктырып коёсуз. Эми тундуруп, тунмасына дакини малып, аны кызарган көзгө 1-2 мүнөт басасыз. Андан кийин дагы бир жолу малып, кайталап басыңыз. Кааласаңыз даки колдонбостон, демделген кичинекей пакеттеги чайды деле көзүңүзгө бассаңыз болот.

Күнгө күйүүгө убактыңыз болбосо... Тилекке каршы, Көлгө барууга убактыңыз же шартыңыз болбой калды. Бирок денеңиздин күнгө күйүшүн каалап жатасыз дейли. Андай учурда кара чайды кайнак сууга 2-3 мүнөт кайнатып, муздаган соң аны менен бир канча күн эртең менен жана кечинде жуунуп турасыз.

Бырыштын алдын алат. Кара чайды өтө кызыл кылбай демдеп, ага таза дакини салып суулаңыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт жабыңыз. Муну аптада 2 жолу кайталоо керек. Баш-аягы 10-20 процедура кылсаңыз, натыйжасы байкалат.

 

 

Пакеттеги чай тишти талкалайт

Чай жасап чыгаруу процессинде чай жалбырактарын ысытып куурушат. Ал эми күйүп кеткендери, эң майда үбөлөнгөндөрү, чаңы калып калат. Дал ошол чаңын, калдыгын бекер таштабастан, чай өндүрүшүндө иштегендер пакеттеги чайларды чыгарышат. Анда эч кандай пайдалуу заттар жок жана демдегенде түсү сиз каалагандай жагымдуу түстө болбойт. Ушундан улам аларга боёктор жана жыт аңкыткычтар кошулат. Изилдөөлөргө караганда, чайдын бардык сортторунун арасынан пакеттеги чайлар (кара чай да, көк чай да) эң зыяндуу болуп эсептелет. Анын курамында фтор өтө эле көп. Демек, күндө пакеттеги чайды иче берсеңиз, организмиңиздеги фтор тез эле нормасынан ашып кетип, атүгүл ал сиз үчүн ууга айланат. Натыйжада, флюороз оорусуна чалдыгасыз. “Эгерде организмде фтор жетиштүү болсо, сөөк, тиш сапаттуу, бышык болот. Нормадан ашып кетсе, тескерисинче, тишиңиз саргарып, анда таш пайда болот жана сөөктөрүңүз өзүнөн-өзү сына баштайт. Мындан тышкары, бооруңуз да жабыркайт. Бирок эмне үчүн пакеттеги чайларда фтор көп болору азырынча илимде белгисиз. Мунун себебин эч бир окумуштуу таба элек”,-дешет изилдөөчүлөр.

 

Аскербек кызы СААДА