Кайыргүл УРУМКАНОВА: «Сентябрь» бир жылда популярдуу телеканалга айланган»

Кыргызстандагы алдыңкы телеканалдардын арасына «Сентябрь» телеканалы кошулуп, коомчулуктун көп көргөн каналына айланган эле. Тилекке каршы, көп өтпөй телеканал жабылып калды. Бул жана башка суроолор тууралуу телеканалдын башкы көзөмөлдөөчүсү менен маек курдук.

– Кайыргүл айым, «Сентябрь» телеканалында сиз кандай милдетти аткарчу элеңиз?

– «Сентябрь» телеканалы башында Жалал-Абад облусу боюнча 2012-жылдан бери аналогдон чыгып келген. Анан ал жак жабылып, 2016-жылдын апрель айында биз Бишкекке ачылып санариптен чыга баштадык. Мен Бишкекте ачылган телеканалдын түптөөчүлөрүнүн биримин, биз бир нече журналист телеканалды ачуунун үстүнөн иштегенбиз. Мен аталган каналды көзөмөлдөп, өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп тургам.

– Телеканал бат эле эл оозуна алынып кетти эле, мунун сыры эмнеде болду?

– Биздин максат - каалаган адамга оюн ачык айтууга мүмкүнчүлүк берүү, окуяларды калыс чагылдыруу болчу. Теледен кеткен кинотасмалардын сапаты жогору, музыкаларда бардык эрежелер сакталган эле. Он чоң долбоорду ачтык, алар элге керектүү берүүлөр болуп, бат эле көрөрмандарын таап кетти. Бир жылдын ичинде популярдуу телеканалга айланганга үлгүрдүк. Көз карандысыз жарандык коомдор телеканалдар арасында рейтинг өткөрүптүр, биз Кыргызстан боюнча алтынчы орунга ээ болуптурбуз. Абройлуу телеканалдардын арасына кошулуп, "НТСтен" кийинки биз болуп калыптырбыз. Биздин каналда баарына эшик ачык эле, мисалы, башка телеканалга кире албаган эксперттер бизге келип оюн айтканга мүмкүнчүлүк бар эле. Бизге «бир тараптуу көрсөтчүсүңөр» деген айып коюп айтышпайбы, ошол бир тараптуу алып барганга өзүлөрү мажбур кылчу. Тиешелүү темаларды талкуулоого чакырсак, бир дагы мамлекеттик кызматкер келбечү. Ак үйгө кирүүгө болсо бизге уруксат беришчү эмес.

– Телеканал канча убакыт иштеп жабылып калды?

– «Сентябрь» телеканалы жогоруда айтканымдай, 2016-жылдын апрель айында ачылган болсо, 2017-жылдын 28-сентябрында жабылды. Ошондо бир жарым жыл гана иштеди. Жабылышынын себеби: Жалал-Абадда аймактык телеканалда бир материал чыгыптыр, аны Башкы прокуратура экстремисттик деп баалаптыр, сот ошого карап "жабылсын" деген чечим чыгарып койду. Биринчиден, ал материал түз эфирде чыккан. Экинчиден, аймакта чыккан, Бишкекте эмес. Үчүнчүсү экстремисттик деген материал болсо, ага экспертиза болушу керек. Анан да эскпертиза болгон учурда да мыйзам боюнча биринчи эскертүү берилет. Эгерде башкы прокуратура эскертүү бергенден кийин ошол программа эфирден алынбаса, экинчи жолу эскертүү берет. Бир нече жолу эскертүү берилгенине карабай көрсөтүлө берсе, булар оңолбойт экен деп, анан телеканалды жабыш керек болот. Булар эч нерсе дебей, көрсөтүлгөнүнө бир жыл өткөн негизге такап туруп эле телеканалды президенттик шайлоонун алдында жаап салышты. Шайлоого катыштырбоонун амалы болду окшойт.

– Ал эмне материал эле?

– Чынын айтсам, ал материалды мен уккан эмесмин. Бизде эмес, Жалал-Абадда аналогдук телеканалда өтүп жатат. Биз юридикалык жактан алганда бир компания болгондуктан жооптуу болуп калдык. Болбосо аналог жана санарип болуп эки редакциябыз.

– Телеканалда канча адам иштечү эле, алар жумушсуз калыштыбы?

– Телеканалда 15 киши иштечү, жабылгандан кийин көбүнчөсү өзүнүн жолун таап кетти, калганы учурда деле иштеп атышат. Биз «Жалбырак» деген телеканал ачып интернеттеги YouTube каналы аркылуу иштеп атабыз.

– Интернет аймактарда жашагандарга жете бербейт дегендей, «Жалбыракты» телеканал кылып санариптен чыксаңыздар болбойт беле?

– Аны каттоодон өткөрүш керек. Ал үчүн бизге кайра эле бизди жапкан мамлекеттик органдар лицензия бериш керек, алар бербейт да. Керек болсо «Жалбырактын» сайтын ачканга Адилет министрлигине үч жолу бердик, тилекке каршы, үчөөндө тең баш тартышты. Анан кайдагы телеканалга уруксат беришмек эле. Учурда YouTubе каналы аркылуу деле айта турганыбызды жеткирип атабыз. Кудайга шүгүр, көрөрмандарыбыз арбын. Абдан жакшы материал болгондо бир күндө эң көп болгондо 300 миң адам көрөт. Орто эсеп менен күнүнө 40 миң адам көрүп турат. YouTubедан чыгып атканыбызга үч ай болуп калды. Учурда жаңылыктар бөлүмү гана чыгып атат. Бизди райондук сот жапкан, шаардык сотко берүүгө болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жок кылышып, Жогорку сотко берүүгө гана бир мүмкүнчүлүк калтырышыптыр. Биз Жогорку сотко кайрылганбыз, эми алар 25-декабрда карайт экен. Ал жакта кандай чечилет белгисиз.

– «Сентябрь» телеканалын Өмүрбек Текебаевдин каналы дешет, жабылышына ушул нерсе да себеп болдубу?

– Ушул нерсе да себеп болушу мүмкүн, бирок негизгиси позиция боюнча жаап атышат. Биз эч кандай чектөө киргизбей баарын ачык көрсөтүп атсак, бизге кайсы бир берүүнү алып сал деп эч ким айта албаса, ошондуктан биздин оозубузду жаба албастарын билип, каналды жаап тынышты.

– Өзүңүз учурда эмне менен алексиз?

– Мен азыр чоң мультимедиалык интернет долбоор ачканы жатам. Ошону менен бирге эле «Жалбыракка» жардам берип турам.

– Учурунда КТРКга да башкы директор болдуңуз эле, негизи карьераңыз кайдан башталган?

– Карьерам Караколдогу “МТВ” деген кичинекей телеканалда жөнөкөй журналист болуп иштөөдөн башталган. Ал жакта эки жыл иштеп, Бишкекке келип «Пирамида» телеканалында беш жыл иштедим. Анан «НТС» телеканалында, кийин «5-каналда» эки жылдан иштеп кеттим. Ошондон кийин КТРКга башкы директор болуп барып бир жарым жыл иштедим. «КирТАГ» маалымат агенттигинде башкы редактор болуп да беш жыл эмгектендим. Мурда иштеп кеткен телеканалдардын баары жүрөгүмө жакын, алардын баарын жакшы көрөм.

– Сизге эфирге чыккан жагымдуубу же кадр сыртында иштегиңиз келеби?

– Мага азыркы учурда кадр сыртында иштеген жагат. Мурда 10 жылдан ашык эфирге чыктым, тажадым окшойт, азыр эфирдин сыртында иштеген ыңгайлуу. Өзүм да эл алдына көп чыга берүүнү каалабайм, жөнөкөй болуп, ээн-эркин эл аралап баскан жагат.

– Жеке жашооңузду карьера менен бирге алып кете алдыңызбы?

– Ооба, Кудайга шүгүр, күйөөм, эки балам, үйүм бар. Кеч турмушка чыктым, уулум 9 жашта болсо, кызым 4 жашта. Карьера түзөм деп жүрүп кеч үй-бүлө курдум, бирок ага өкүнбөйм. Америкага, Швецияга барып теле башкаруу жагына окуп келдим. 2010-жылдан кийин Башкаруу академиясынан менеджмент саясаты боюнча магистратурада окудум. Жолдошум болсо юрист, мага жашоодо бардык жактан жардам берип, колдоп келет. Балдарымдын да тарбиясына абдан жакшы карайт. Аял катары бактылуумун.

– Теле жаатында тажрыйбаңыз мол, жеке телеканалыңызды ачуу оюңузда барбы?

– Албетте, Кудай буюрса, бир убакыт келет, ошондо караштырам. Азыр жогоруда айтып жаткан долбоорумду ачып өзүмдү сынап көрөйүн. Андан аркысы өзү деле уланып кетсе керек. Мага социалдык багыттар менен иштеген жагат, элдерге жардам бергенди жактырам. «Пирамида» телеканалында иштеп жүргөнүмдө кичинекей балдарга, кыйналгандарга, карапайым адамдарга көп жардам бергем. Андан сырткары журналист Канышай Мамыркулова экөөбүз түзгөн «Биздин салым» деген фондубуз бар. Ошонун алкагында да 2015-жылдан бери элге жардам берип келебиз.

 

Динара ЧОКОЕВА