Альбина ИМАШЕВА: «Арнис экөөбүз бири- бирибизден алыстасак урушуп кетебиз»

Улуттук кыргыз драма театрында эмгектенген актёр, актриса жубайлардын бири актёр Арнис Кыдырмаев менен актриса Альбина Имашева. Учурда театрдагы спектаклдерде, кинотасмаларда, телероликтерде роль жаратып, чыгармачылыкта үзүрлүү эмгектенип жаткан жубайлардын жашоосуна кызыктык.

 

«Арнистин бою эмес, жан дүйнөсү маанилүү эле»

– Арнис экөөбүз студент кезде Искусство институтунда окуп жүрүп таанышып калганбыз. Арнис айтканын аткарган, чечкиндүү, мырзаларга тиешелүү бардык сапатка ээ адам эле. Ошол сапаттары менен жүрөгүмдү ээлеп алган. Экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Мен бойлуу, Арнистин бою кыскараак болгондуктан, мага «бойлуусу жок бекен?» дегендер болчу. Бирок мен үчүн бою эмес, анын жан дүйнөсү маанилүү болчу. Экөөбүздө тең “бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба” деген девиз бар эле. Андыктан кыз-жигит болуп бир жыл жүргөндөн кийин ал 22, мен 21 жашымда 2004-жылы баш кошуп алдык. Экөөбүз үлпөт тою жок эле кыргыздын салты менен айылга барып үйлөнгөнбүз. Биз баш кошкондо кайнатам: «Экөөңөр тең чыгармачыл адам экенсиңер, жашоодо ар кандай нерселер болот. Үй-бүлөңөрдү бекем сактагыла», - деген кеп-кеңешин айткан. Атабыздын ошол кеңешин дайыма эстеп жүрөбүз.

 

 

«Көшөгөнүн бир жагында Арнис экөөбүз, бир жагында кыздар жашачу»

– Биз баш кошкон учурда экөөбүз тең студент, ошол эле учурда мен Улуттук драма театрында, Арнис шаардык театрда иштечү. Экөөбүз үй-бүлө куруп шаарга келип, окуу жайдын жатаканасында кыздар менен бирге жашап калдык. Ортого көшөгө тартып бир тарабында биз, бир тарабында кыздар жатышчу. Кийин өзүбүзчө бөлмөгө чыгып кеттик. Биринчи кызымды студент кезде төрөдүм. Ошондо да үйдө олтуруп албай баламды көтөрүп барып экзамендеримди тапшырып жүрүп окуумду калтырбай бүтүрүп алдым. Кийинчерээк кызымды кайненем алып кетип, ошол боюнча айылда болду. Биз Арнис экөөбүз бирдей иштеп жүрдүк. Үй-бүлө курганыбызга 2-3 жылдай болгондо мага француздар тарткан «Теңгири» деген тасмадан сунуш түшүп калды. Арнис да казактар менен бир долбоор боюнча иштеди. Экөөбүз аталган долбоорлордон жакшы каражат таптык да жер тилкесин алып, үй салып алдык. Азыр: “Ошондо Кудай бизге берген дөөлөттү туура кармап калдык окшойт”, - деп калабыз.

 

 

«Жумушта бири-бирибизге күзгү болуп турабыз»

– Биз баш кошкондо эки башка театрда иштесек, кийин Арнис өзүнүкү менен катар мен иштеген драма театрында да иштеп калды. Мен да аталган эки театрда тең иштеп жүрдүм. Бирок бир эле убакта эки жакта тең спектакль болуп калганда ыңгайсыздыктар жаралгандыктан, экөөбүз чогуу Улуттук драма театрына келип алдык. Андан бери 7 жыл өттү. Айрымдар: «Экөөңөр үйдө да, театрда да чогуу жүрүп бири-бириңерден тажабайсыңарбы?» - деп сурашат. Бизге, тескерисинче, чогуу жүргөн жагат. Экөөбүз жумушта бири-бирибизге күзгү болуп турабыз. Актёр роль жаратканда өзүнө-өзү баа бере албайт. Биз болсо бири-бирибиздин кемчилигибизди, артыкчылыгыбызды айтышып турабыз. «Чогуу жүрүп урушуп кетпейсиңерби?» дегендер да бар. Биз, тескерисинче, бири-бирибизден ажырасак урушабыз. Экөөбүз эки жакта жүрсөк телефон чалышып: «Каякта жүрөсүң, келбейсиңби?» - деп жоктоп турабыз. Бирок жеке жашообуз үйдө калып, театрда кадимки кесиптештердей жүрөбүз. Айрым учурларда актёрлор Арнисти таппай калышса менден сурап калышат, анда: «Мен деле силер сыяктуу кесиптешмин, билбейм», - деп күлүп калам.

«Мага экөөбүз чогуу тамак жасаган учурлар жагат»

– Арнис үйдө абдан жакшы жолдош, жакшы ата. Кыздары менен Арнис жакшы сүйлөшөт, мен тил табыша албай кетем. Андыктан атасын: «Сен сүйлөш», - деп коём. Эки кызыбыз бар. Улуу кызыбыз чоң энесинин колунан 6 жашында келген, учурда 13 жашта, кичүүбүз 6 жашка чыгайын деп калды. Үйдө жалаң кыздар болгондуктан Арнис 8-Мартта бизди олтургузуп коюп түрдүү тамактарды жасап берип сыйлайт. Негизи эле өзү ашканага абдан жакын, бул жаатта фантазиясы да күчтүү. Жумуштан соң үйгө барып, экөөбүз чогуу тамак жасаган күндөр мен үчүн абдан жагымдуу. Арнис биз там салгандан бери көп нерсени өздөштүрүп алды, эшиктин иши да колунан келет.

 

 

«Тойлордо Умай эне болом, бирок бул тууралуу өзүм айткандан уялам»

– Баарына белгилүү болгондой театрда айлык аз, андыктан жолдошум экөөбүз тең кошумча жумуштарда иштегенге туура келет. Улуттук драма театрынын алдындагы училищеде мен сахна тили, Арнис актёрдук чеберчилик боюнча сабак беребиз. Андан сырткары тасмаларга, клиптерге тартылып турабыз. Учурда артисттер үчүн кирешелүү булак той болуп калбадыбы, андыктан агым менен кошо агып мен да тойлордо Умай эне болом. Бирок бул тууралуу өзүм айткандан уялам. Мени түртүп тойдогу Умай энеликке жол ачып берип койгон Калипа Сейдалиева эжеге ыраазымын. Учурда тойлорго чакыруу Кудайга шүгүр болуп калат, бирок театрдагы жумушубузду баарынан алдыга коёбуз, спектакль учурунда эч жакка кетпейбиз. Азыр көпчүлүк актёрлор тамада болуп кетишти, жолдошумдун тамадалыкка такыр шыгы жок. Ушунусуна да Кудайга шүгүр кылабыз, тапканыбыз жашообузга жетиштүү.

 

«Беш кемпирден» кийин айылда жылдыз болуп кеткем”

– Мени азыр элдер «Мегатой» тасмасындагы жеңе катары жакшы таанышат, кайда барбайын: “Сиз “Мегатойдогу” жеңесиз да ээ?” - деп калышат. Ошондой эле Геннадий Базаровдун «Нонсенс» тасмасында жеңил ойлуу кыздын ролун жаратып, ал роль аркылуу да көп көрүүчүлөргө таанылдым. Сыймык Бейшекеевдин «Жакшы сөз айтчы мага» клиби аркылуу таанып калышчу. 14 жашымда Актан Арым Кубаттын «Беш кемпир» тасмасына да тартылгам. 1997-жыл эле, мен мектепте окучумун. Ошол учурда режиссёр Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мектептерин кыдырып тасмага тартканга балдар, кыздарды кастинг аркылуу тандап жүрүптүр. Мен Караколдон болом, ал жактан мен эле өттүм, калган балдар-кыздардын баары жаныбыздагы кичинекей Бар-Булак айылынан эле. Мен мурда мектептеги маданий иш-чараларга катышып жүргөнүм болбосо чыгармачылыкка өтө деле кызыгуум жок болчу. «Беш кемпир» тасмасында Айнуранын ролунан кийин таасирленип актрисалык кесипти тандагым келди. Аталган тасма көптөгөн эл аралык фестивалдарга барып, Кыргызстандын ичинде да кеңири тарап, мен айылда жылдыз болуп кеткем. Бирок азыр мени ал тасма аркылуу таанышпайт.

 

 

Динара ЧОКОЕВА