Актёр көтөрө алган жүктү, алакандай жүрөгү көтөрө албады...

Ооба, Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасы жашка жуулду, таланттуу актёрун жоктоп аңгырап бош калды. Бирок өлүмгө айла жок экен, театрдын көркөм жетекчиси, таланттуу актёр Марат Козукеевди иш десе ишке тойбой турган 47 жаш курагында арабыздан алып кетти. Актёрдун күтүүсүз өлүмү коюн-колтук алышып кечээ эле жанында жүргөн кесиптештерин нес кылды.

 

Назым Мендебаиров, Кыргыз улуттук драма театрынын директору: “Иштегенге мүмкүнчүлүгүбүз келгенде Маке мени таштап кете берди”

– Назым мырза, сиз жетектеген театр үчүн оор жоготуу болуп олтурат. Марат Козукеевди өткөн жумада эле театрдан көрдүм эле, бул окуя кандайча болуп кетти?

– Марат каза болоруна 2-3 күн калганда: “Жүрөгүм ооруп атат”, - деп жаткан. Андан улам бир эмес, эки ирет: “Маке, ооруканага барып көрүнсөңчү, жатсаңчы”, - деп айткам. “Боронбай бий” деген спектакль коюп жатты эле. Андыктан оюнун баары ошондо болуп: “Жок, спектаклди чыгарып алайын, анан он күн ооруканага жатып дарыланып чыгам. Азыр тийип-качып дарыланганда эмне”, - деп койгон эле. Кийинки күнү экөөбүз чогуу Маданият министрине бардык, ошондо да шишип турган. Өңүн көрүп: “Жакшы болуп калдыңбы, догдурга бардыңбы?” - десем, “ооба, бардым”, - деп койду. Бирок барган эмес экен. Мараттын кант диабети оорусу бар болчу. Жүрөгү өзгөчө деле ооручу эмес, кээде гана: “Кысылып атат”, - деп көкүрөгүн кармап калчу. Театрда көркөм жетекчи болуп иштечү. Спектаклдин да режиссёру болчу. Бул жоопкерчиликтүү иш. Спектаклди аябай кыска убакытта коюп жаткан, ошонун баарына сарсанаа болуп атып Марат көтөргөн жүккө алакандай жүрөгү туруштук бере албай калды окшойт.

– Спектаклди эмнеге шашылыш коюп жатты эле?

– Быйылкы жылдын жыйынтыктоочу спектакли болмок. Аны 20-декабрларда койсо, артынан Жаңы жылдык жомоктор башталмак. Маке ошонун баарын моюнуна жүктөп алып эс албай иштеп аткан. Каза болорунан 3-4 саат мурун менин кабинетимде аталган спектакль боюнча жыйналыш болгон. Азыр ойлосом, ошондо келип мага жакын олтурган, бирок такыр унчукпай олтурду. Жыйналыш бүткөндөн кийин: “Макул, эртең сүйлөшөбүз”, - деп мени менен кол алышып коштошуп кеткен. Көрсө, ошондо акыркы коштошконум болуптур (оор үшкүрүп). Маке менден кеткенден кийин кабинетине барып иштеп, үйүнө кечки саат 8дерде барган экен. Барып душка түшүп чыгып жыгылыптыр.

– Ден соолугуна кандай карачу эле?

– Марат ден соолугун абдан кылдаттык менен карачу. Өзү ооруп атам деп айтканды жаман көрчү, кант диабети менен ооруп жүргөнүн да эч кимге айттырчу эмес. Экөөбүз бала кезден бери ынак болуп билем, бала кезден мен да, Марат да таттууну көп жечүбүз. Чогуу олтуруп бир тортту жөн эле жеп койчубуз. Акыркы күндөрү кант диабети оорусуна карап таттууну такыр жебей калган. Кээ бир күндөрү мен чайга чакырып калчумун. Олтуруп шоколадды кыйбай кетип бир-экини жеп: “Таттуу жебей жүдөп кеттим, бирок экинчи мени чайга чакырганда шоколад койбочу”, - деп күлүп калчу.

– Артында үч баласы калганын билебиз, эң кенжеси канча жашта эле?

– Мараттын эки кызы, бир уулу бар. Кичүү уулу үч жашта эле. Улуу кызы баарыңар билгендей тамашоучу Эмил Эсеналиевдин келинчеги болот.  Жубайы Айсалкын да биздин театрда актриса болуп иштейт. 12-декабрда “Саманчынын жолу” спектакли болмок. Макенин жубайы Айсалкын башкы ролдордун биринин ролун жаратмак. Артисттин тагдыры ушундай, кара кийип олтурса дагы кайра чыгып ролду ойнош керек. Спектакль пландалып калган, ордуна башканы койсо болбойт. Андыктан Айсалкын 12си күнү спекталде ойной турган болду. Мараттын ата-энеси да театр артисттери эле, атасы КРнын Эмгек сиңирген артисти Жумабек Козукеев, апасы Кандалат Муратова. Кандалат эже Таттыбүбү Турсунбаевалар болуп чогуу окуп, чогуу иштешкен актриса.

– Марат ага менен канчадан бери таанышсыз?

– 1993-жылы мен театралдык окуу жайда студент элем. Марат ошондо Ленинграддан окууну жаңы бүтүп келген. 1994-жылы мен театрга кирип иштеп калдым, экөөбүз ошондон бери ынак болуп кеттик. Театрда бирөөбүз жалгыз басып калсак, бирөөбүздү сурап калышчу. Экөөбүз театрдын иштерин да кеңешип жасачубуз. Эми жакшы кыялдарыбызды орундатып, театрга пайдалуу иштерди жасай турганга күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да келгенде Маке мени таштап кете берди. Эми театрга барсам Макенин жогу катуу сезилет го. 47 гана жашка чыкты эле, дагы жашаса болмок. Марат КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын 31 жашында алган. Эгерде тирүү болсо, Токтогул сыйлыгы баш болгон жогорку сыйлыктардын баарын алууга кудурети да, таланты да бар болчу.

 

 

Аскат Сулайманов: “Өлөрүн билгендей эле спектаклди койгонго шашып аткан экен”

– Марат экөөбүздүн таанышып бирге иштеп, театрда бир бөлмөдө олтурганыбызга быйыл 19 жыл болгон. Ал эч бир адамга жамандыгы жок, өтө жакшы киши болчу. “Дем” театр студиясын түптөп, башыбызда турган дал ушул Марат Козукеев болчу. Алтообуз топ ачабыз деп ат таппай жүргөндө Марат: “Дем деген орусча вдохновение деген болот экен”, - деп ат таап келгени эсимде. Марат койгон спектаклдер чет мамлекеттерден баш байгелерди утуп келчү. Өзү режиссёрлукту бүтпөсө да, окууну бүтүп келген режиссёрлордон алда канча алдыда турчу. Аны чоң акча сунуштап Түркия, Казастанга чакырышкан. Эгерде ал акча деген киши болсо кетип калмак, бирок кеткен жок. Улуттук драма театрында көп эмгек жасады, элдер жайкы эс алууга чыкканда да Марат жумушта болчу. Мурда: “Жүрөгүм сайгылашып атат”, - деп калчу. Тамашалап: “Коё тур”, - деп күлүп калчубуз. Менин деле жүрөгүм сайгылашып ооруп калат, андыктан олуттуу кабыл албаптырмын. Маратка спектакль көп жүк болуп кетти окшойт, шашылыш болуп жана майда-чүйдөсү даяр болбой атып. Өлөрүн билгендей эле спектаклди койгонго шашып аткан экен. Балыкчыда жүрсөм эле, түнкү 11лерде Азиз Мурадиллаев телефон чалып: “Мараттан айрылып калдык”, - деп ыйлады. Аны угуп: “Ушинтип да тамашалайсыңбы?” - деп коём. Бирок такыр ишенген жокмун, дароо жолго чыгып түндөп Мараттын үйүнө келсем балдардын баары жүрөт. Ошондо аргасыз ишендим. Келинчеги Айсалкындын айтуусуна караганда, жумуштан келип душка түшүп, чыгып келе жатып эле: “Жүрөгүм ооругансып атат, дары алып келчи”, -дептир. Ал муздаткычтан дары алып келсе жыгылып калыптыр. Каза болор күнү өзү сезгенби, эртең менен туруп Айсалкынга: “Мен сага ыраазымын”, - деп үч жолу айтыптыр. Айсалкын Марат каза болор алдында түш көрүптүр, түшүндө үйүнө үч карга ирип кеткен экен, экөөнү эшикке кууп чыгып, үчүнчүсүн таппай коюптур. Ал: “Анан терезелерди ачып, кайра үйгө кирип келсем, үйдө Сабира Күмүшалиева олтуруптур”, - дейт. Эмне болуп атат деп ойлонуп, куран окутуп койгон экен. Мындай болорун ким билиптир, жакшы кишилер тигил жакка да керек турбайбы.

 

 

Азиз Мурадиллаев: “Кичинекей оору чоң нерсенин белгиси экенин сезбептирбиз”

– Марат иш дегенде ичкен ашын жерге койгон мыкты актёр эле. Тамашакөй, шайыр, түшүнүгү терең жан болчу. Ал өлө турган адам эмес эле, ошол күнү эле театрда баягыдай чуркап иштеп жүргөн. Баарыбызга костюмдарды кийгизип көрүп даярдап, бизге дайындап кетип аткандай болуптур. Жоготкондон кийин эстей баштайт экенсиң, акыркы күндөрү жайдары эле жүргөн. Кант диабети оорусунан улам өзүн жакшы карачу. Чогуу иштеп жаткан учурларыбызда көкүрөгүн кармап калчу. Бирок кайра эле: “Эс алып калдым”, - деп дене боюн жазып алып ишке кирчу. Ошол кичинекей оору олуттуу нерсенин белгиси экенин сезбептирбиз да. Ал менден сегиз жашка улуу, ошого карабай достой болуп жүрдүк. Экөөбүз тең актёрлордун үй-бүлөсүнөн болот эмеспизби, бала кезден таанышпыз. Кийин театрдын алдындагы училищеде окуп жүргөнүмдө агай катары сабак берип калды. Айтор, театрга аралашкандан бери Марат менен чогуу келе жаткам.

 

 

Эркин Эгембердиев: “Менин театрдагы атам болчу”

– Мен театр дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаганда ушул адам тосуп алды эле. Мага жол көрсөткөн адам деп сыймыктануу менен айта алам. Эң жөнөкөй, ошол эле учурда интеллектуалдык деңгээли өтө бийик адам эле. Мен чыгармалчылыкпы же жеке жашоодо көйгөйлөрүм болобу, баарын агай менен бөлүшчүмүн. Бул адам психолог болуп калган, баарын көрө билип, туура жол көрсөтүп койчу. Менин театрдагы атам болчу десем жаңылышпайм. Мен сыяктуу театрдагы бардык жаштар агайдан кеп-кеңеш алышчу. Акыркы күнү мен көргөндө иш үстүндө болчу. Мага: “Мен спектакль коюп атам, ак көз кара көз деген болот. Мага көрүнбөй акырын бир жерге олтуруп спекталди көрүп туруп, бир оюңду айтчы”, - деген эле. Биздин акыркы  сүйлөшүүбүз ушул болду. Баарыбыз үчүн чындап орду толгус жоготуу болду, эми бул адамдын орду эч качан толбойт.

 

 

Камчы Сарыбаев: “Беш жыл мурунку сүрөттөрү башкача экен”

Марат ишке келгенде абдан көк бет болчу, майын чыгарып жасамайынча жаны чыгып кетчү. Ал театр үчүн эле жаралгандай чыныгы талант, эмгекчил адам болчу. Эң акыркы күнүнө чейин театрда жан үрөп иштеди. Акыркы күнү спекталге даярданып, баягыдай эле тараганбыз, анан кечки саат 8де Мараттын жыгылып калганын уктук. Кайра телефон чалсак үзүлүп кетти дешти. Биз үчүн бул абдан күтүлбөстүк болду. Мен азыр Мараттын интернеттеги сүрөттөрүн карап алып байкап атам. 5 жыл мурунку сүрөттөрүн көрсөм жадырап турат. Көркөм кеңешке кирип иштери көбөйүп, бир тыным алган жок. Ошол бир жылдын аралыгындагы сүрөттөрүн карасам башкача болуп калыптыр. Чарчаганын билбей тынымсыз иштечү, ошол нерсе оор болуп кетти го. Мен кээде: “Балыкка баралы, мергенчиликке чыгалы, эс алалы”, - десем, такыр макул болчу эмес. Жумушка эртең менен келген боюнча кечки 8-9дарда кетчү. Өзү абдан баласаак анан сезимтал адам эле.

 

Динара ЧОКОЕВА