Майрамдык дасторконго тоюмдуу салаттар

Алмурут кошулган салат

Кандай азыктар керек?

Кайнатылган колбаса: 200 г

Ышталган колбаса: 200 г

Ышталган окорочка: 200 г

Бадыраң: 1 даана

Маринаддалган бадыраң: 1 даана

Алмурут: 2 даана

Жарым лимондун ширеси

Майонез: 2-3 чоң кашык

Кантип жасалат?

Майонез менен лимон ширесин кошуп аралаштырасыз.

Колбасаларды, окорочканы узун-узун кылып туурайсыз.

Бадыраңдарды да ушундай формада туурайсыз.

Алмуруттун кабыгын аарчып, ичин тазалап, өзүн жука кылып туурайсыз.

Тууралган азыктардын бардыгын кошуп майонез менен аралаштырып коёсуз.

 

 

Шуба астындагы селёдка

Кандай азыктар керек?

Картошка: 3 даана

Сабиз: 3 даана

Кызылча: 3 даана

Жумуртка: 2 даана

Сельдь балыгынын филеси: 300 г

Пияз: жарым баш

Туз: татымына жараша

Кайнатылган муздак суу: 100 мл

Желатин: 8 г

Майонез: 350 г

Кантип жасалат?

Жашылчаларды жана жумуртканы сууга бышырып аласыз.

Балыкты майда чарчы кылып туурайсыз.

Бышкан жашылчалардын кабыгын аарчып, өз-өзүнчө кылып кыргычтан өткөрүп аласыз.

Пиязды майда туурап, кайнак сууга бир сыйра чайкап саласыз.

Кайнатылган муздак сууга желатинди салып 10 мүнөт чылап коёсуз да, сыгып алып майонез менен аралаштырасыз.

Бул аралашма менен тууралган азыктарды өз-өзүнчө идиште аралаштырасыз.

Эми майонезге аралашкан азыктарды силикон калыпка ирети менен сала баштайсыз: кызылча, жумуртка, сабиз, картошка, пияз жана сельдь. Ар биринин арасына кичинеден туз себелеп туруңуз.

Мунун бетин тамак-аш плёнкасы менен жаап, түнү муздаткычка салып коёсуз.

Эртең менен салатты тарелкага оодарып, калыпты акырын алып саласыз.

 


“Аттын такасы” салатыКандай азыктар керек?

Тооктун филеси: 2 даана

Жумуртка: 4 даана

Сабиз: 1 даана

Кызыл пияз: 1 баш

Майонез: 300-400 г

Катуу сыр: 150-200 г

Кооздук үчүн: бадыраң, редиска, жашыл жана кара түстөгү зайтун, бөдөнөнүн жумурткасы, помидор

Кантип жасалат?

Пиязды майда чарчы кылып туурайсыз.

Тооктун этин сууга бышырып алып, муздаган соң аны да майда чарчы кылып туурайсыз.

Сууга бышкан сабизди кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз.

Жумуртканы да сууга бышырып, агын майдалап туурайсыз жана тарелкага таканын формасы боюнча саласыз.

Үстүнө тооктун этин тегиз кылып салып, майонез сүртөсүз.

Эми пиязды себелейсиз.

Андан соң сабизди тегиз кылып салып, дагы майонез сүртөсүз.

Жумуртканын сарысын майдалап себелейсиз.

Андан кийин майонезди бетине, капталдарына сүртөсүз да, кыргычтан өткөрүлгөн сырды бүт жагына тегиз себелейсиз.

Тарелканын булганган жерлерин тазалап, жакшылап сиңиши үчүн муздаткычка жарым саатка салып коёсуз.

Андан соң көрсөтүлгөн азыктар менен сүрөттөгүдөй кылып кооздоп койсоңуз болот.

 

Айназик РАИМКУЛОВА