Сурагым келет

Аялзатынын гинекологго болгон суроолору өмүр бою түгөнбөсө керек. Дегеним, биздин редакцияга келип түшкөн каттардын аягы үзүлчүдөй эмес. Ошол каттардын урунттууларына жооп алууну эп көрдүк. Окурмандардын суроолоруна «Мир здоровья» клиникасынын гинекологу Соурбекова Айпери жооп берди.

 

Суроо: - Мен эки жума мурун сасык тумоо менен катуу ооруп антибиотиктерди ичкем, кечээ жакында бир айлык кош бойлуу экенимди билдим. Мен ичкен дарылар түйүлдүккө таасир эттиби? Негизи эле кош бойлуу болгондон кийин кайсы убакытта балага зыян нерселер таасир эте баштайт?

Айнура, Бишкек шаары

Жооп: - Түйүлдүк жатынга жармаштыбы, баланын каны менен эненин каны байланышта болот. Ошол учурда түйүлдүккө кан аркылуу барган дарылар коркунучтуу болуп эсептелет. Андыктан эне болууга даярданып баштаган учурдан эле аял антибиотиктерден алыс болуусу шарт. Эми сиз кайсы дарыларды ичтиңиз ошону аныктап, генетиктердин текшерүүсүнөн өтүп коюшуңуз шарт. Генетиктер балага ошол дары канчалык зыяндуу, кош бойлуулукту улантуу керекпи же токтотуу керекпи айтышат. Түйүлдүк түн он эки жума болгонго чейин бардык органдары түзүлүп бүтөт. Андыктан дары ичүүгө болбойт. 

 

 

Суроо: - Мен биринчи баламды төрөгөндө тонум түшпөй аябай кыйналгам. Бул көрүнүш кийинки төрөттөрүмдө да кайталанышы мүмкүнбү?

Элмира, Нарын шаары

Жооп: - Жок, кайталанбайт. Биринчи жолкусунда тон бекеринен жармашып калган эмес. Кандайдыр бир патология болгон да, ошонун себебинен жармашып калган. Ошондуктан бул жолку кош бойлуулугуңузда убагында гинекологдун каттоосуна туруп, тиешелүү көзөмөлдөн өтүп туруңуз.

 

 

Суроо: - Спираль салдырсам жакпайт, дары ичсем толуп кетип атам. Ал эми презервативке күйөөм такыр көнбөйт, каршы. Эмне кылып сактанам деп башым катты. Жакында бирөөдөн календарь менен сактанса болот деп уктум. Чын эле календарь ишеничтүүбү?

Чынар, Бишкек шаары

Жооп: - Жогоруда сиз атаган жолдор менен сактануу натыйжалуу болсо, календарга ишеним жок. Себеби кээ бир сперматозоиддер ичте 3 күндөн 5 күнгө чейин жашап калышы мүмкүн. Анан овуляция болгондо аларды кармап калып, аялдын боюна бүтүп калуусу мүмкүн. Овуляциядан кийин айрым жумуртка клеткалары 36дан 48 саатка чейин жашайт. Ошол күндөрү байланыш болуп калса да бойго бүтүп калуу коркунучу бар. Андыктан бул ишенимсиз ыкма.

 

 

Суроо: - Жакында аяшым үчүнчү баласын төрөдү эле. Ошондон кийин гинекологго сүйлөшүп жыныстык мүчөсүн тиктирип коюптур. Азыр кыздай болуп калганын айтат, мен да ошондой кылып тиктирсем болобу?

Алтынай, “Ак-Ордо” кошуну

Жооп: - Төрөттөн улам аялдын жыныс кыны бошоп калат. Ошондон кийин кольпопластика деп коёт, айрымдар ушундай ыкма менен жыныс кынын кичирейтип алышат. Бирок аял муну жасаткандан кийин такыр төрөбөш керек же кесарево жолу менен гана төрөй алат. Андыктан эң акыркы төрөтүнөн кийин жасатканы туура болот. Муну атайын хирург-гинекологдор жасайт, пластикалык операциянын бир түрү десем болот. Учурда заарасын кармай албай калган аялдар да кольпопластикага көп келишет. Операция наркоз аркылуу жасалат, андан кийин 2 жумадан 1 айга чейин олтурганга, 1 айдан 2 айга чейин жыныстык катнашта болууга болбойт.

 

 

Суроо: - Орусиянын «Ден соолукта жаша» берүүсүнүн алып баруучусу Малышева эрозияны күйгүзбөш керек десе, бизде бардык гинекологдор күйгүзүү керектигин айтышат. Негизи кайсынысы туура? Эрозияны күйгүзгөндөн кийин төрөбөй калышы мүмкүн деп да уктум. Чынбы?

Жазира, Ош шаары

Жооп: - Эрозияны күйгүзгөндөн кийин төрөбөй калышы мүмкүн деген сөз жалган, мен бул сөзгө кошула албайм. Ал эми Малышеванын айтканы туура. Бирок эрозиянын көрсөтмөсү бар болсо күйгүзгөн туура. Анткени жатындын жарасы өтүшүп олтуруп рак оорусуна айланып кетиши мүмкүн. Күйгүзгөндүн зыянсыз ыкмалары бар, эгерде ошол жолдор аркылуу күйгүзсө эч нерсе болбойт. Эгерде ток менен күйгүзө турган болсо, жатын ачылбай аял кесарево жолу менен төрөп калышы мүмкүн. Ал эми суюк азот менен тоңдурса, химиялык ыкма же лазер менен кылса, же акыркы ыкма радиотолкундуу деп коёт, ушул жолдор менен кылса коркунучу жок.

 

 

Суроо: - Мен жигитим менен жыныстык катнашта болуп жүргөм, кокусунан боюма бүтүп калыптыр. Тилекке каршы, жигитимдин азыр үйлөнүү тууралуу планы жок болгондуктан, ал мени: «Алдырып тур», - деп суранып атат. Кытайдын таблеткалары бар деп уктум. Ошону менен түшүрсөм кийин төрөй аламбы?

Кымбат, Бишкек шаары

Жооп: - Негизи таблетка жолу менен аборт кылуу вакуум аркылуу сордурганга караганда коопсуз. Бул жол менен түшүргөндө жатындын ичине медициналык шаймандар кирбегендиктен, сезгенүү азыраак болот. Андыктан кийин боюнда болууга мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот. Бирок аборт жасаткан ар бир онунчу аял тукумсуз болуп калат. Жакшысы аборттон алыс болуу керек. Таблетка менен түшүргөндө таза түшпөй калдыктары калып калуу да коркунучу бар. Эгерде калдык калып калса, аны кайра эле вакуум аркылуу сордурганга туура келет.

 

Суроо: - Спираль салдырганыма эки ай болду. Бирок ошондон бери кан токтобой аздан келип атат. Бул эмнеден болот?

Гулиза, Талас облусу

Жооп: - Спираль салгандан кийин ал толук өзүнө келип жайгашканча 2-3 ай убакыт керектелет. Ошондуктан спираль койдургандан кийин бир жумадан, кийин бир айдан кийин барып УЗИге түшүп ордунда турабы, жокпу текшертип туруу шарт. Эгерде эки айдан бери кан келип жаткан болсо, алдыртып коюу керек.

 

 

Суроо: - Менин 8 айлык боюмда бар. Биринчи баламды төрөгөнүмдө жыныс кыным ичи-сыртынан айрылган. Ошондо сырты тигилип, ичи тигилбей калган. Эми тиктирип алсам болобу?

Рита, Нарын облусу

Жооп: - Экинчисин төрөгөнү барганда дагы ошол жерден айрылган болсо, тиктирип алсаңыз болот. Ал эми эч кандай айрылып тиккенге негиз жок болсо, зыяны жок.

 

Суроо: - Жыныстык катнаш учурунда менден жагымсыз жыт чыгат, мурда мындай болбочу эле, бул эмнеден?

Мира, Ош шаары

Жооп: - Жагымсыз жыт чыкканы - бул сезгенүүнүн белгиси. Мүмкүн жугуштуу инфекция бардыр же бактериялык вагиноз болушу мүмкүн. Ушулар болгон шартта жагымсыз жыт пайда болот.

 

 

Суроо: - Менин эки трубам жок. Бир балам эле бар болгондуктан дагы төрөгүм келет. Жакында жасалма труба салдырса болот деп уктум, чынбы? Чын болсо кайдан салдырам? Өзүм азыр 24 жаштамын.

Мээрим, Токтогул району

Жооп: - Тилекке каршы, азырынча медицинада труба салдырганга мүмкүнчүлүк боло элек. Сиз бир гана жол менен балалуу боло аласыз. Ал ЭКУ жолу. Труба бул энелик жумуртканы жатынга алып келүүчү гана түтүктүн ролун ойнойт. Ал жок болгон шартта, ЭКУ жолу аркылуу уруктандырып, жатынга отургузулат.

 

Суроо: - Жыныс кынды кичирейте турган ЧКА таякчалары деп сатып атышат. Ошого ишенсе болобу?

Уулкыз, Жумгал району

Жооп: - Кытайдын ар кандай колдонмолорун колдонууну эч кимге сунуштабайт элем. Мен аларга каршымын. Анда кытай тилинде жазылгандыктан, аталган продукциялардын курамында эмне бары бизге белгисиз. Андыктан так маалыматы жок дарыларды колдонуудан этиет болууга чакырат элем.

 

 

Суроо: - Жигитим экөөбүз сыртынан эле бүтүрүп ырахат алып жүрчүбүз. Көп өтпөй өзүмдү жаман сезип, кускум келип калганынан текшерилсем боюмда болуп калыптыр. Бирок такыр ишене алган жокмун. Гинекологго барсам 1 ай болгон экен. Уятымдан «кызмын» деп айта алган жокмун, жөн гана жардам сурап таблетка менен түшүрдүк. Менин эми кыздыгым барбы, жокпу? Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүп келет.

Эля, Бишкек шаары

Жооп: - Өзүңүздүн кыз же кыз эмес экениңизди билиши үчүн гинекологдун кароосунда болушуңуз шарт. Бизде кыздар арасында акыркы учурда ушундай көйгөй көп болуп атат. Сперматозоиддер активдүү болгондуктан кандай жол менен болбосун кирип кетет. Ошондуктан бизге кыз туруп төрөткө келгендер да бар.

 

 

Суроо: - Учурда 34 жума кош бойлуумун. Кечээ жакында гинекологго барсам, баланын башы өйдө карап турганын айтты. Эгерде аз убакыт ичинде айланбаса өзүң төрөй албайсың дегендей кылды. Эмне кылсам баланын башы ылдый карайт?

Асема, Тунгуч кичирайону

Жооп: - Бала көчүгү менен жайгашып алыптыр. Мындай шартта баланын салмагына жараша төрөө ыкмасын мээрман айым өзү сунуштайт. Негизи көчүгү менен төрөлгөн балдардын көбү кесарево жолу менен төрөлөт. Өзү төрөгөндөр деле бар, бирок андай учур коркунучтуу. Анткени бала буту менен келгенде алгач суу шарылдап куюлуп кетет да, киндиги түшүп калып балага коркунуч жаралат.

 

 

Суроо: - Күйөөм экөөбүздүн баш кошконубузга эки ай болду. Экөөбүз аз эле убакыт сүйлөшүп баш кошуп алганбыз. Бирок ушул убакка чейин аны жаныма жолотпой келем. Нике түндө ал мени аяп баарын өзү эптеп жайгарган. Бирок азыркы күнгө чейин жаныма жолотпойм. Ал жакындап келе жатса эле бакырып, өкүрүп, калчылдап калам. Күйөөм да коркуп тие албай калат. Өзүмдү канчалык даярдасам да болбой атат. Кээде күйөөм башка кыздарга кетип калабы деп корком. Мага жардам бериңиздерчи.

Жибек, Ош облусу

Жооп: - Бул психологиялык оору. Диагнозун вагинизм деп коёт. Мында аял канчалык даярданса да төшөккө келгенде өзүн жоготуп салат. Мындай оору менен ооругандарды сексопатолог дарылайт. Эгерде сексопатологдун айтканы менен дарыланса толук айыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Вагинизм оорусу психикалык жактан соккунун негизинде пайда болот. Эс тарткандан бери зомбулукка кабылгансыз же сиздин көз алдыңызда кимдир бирөө зордукталган болушу мүмкүн жана башка психикалык соккулар болушу мүмкүн.

 

Динара ЧОКОЕВА