2018-жылы бизди эмне күтөт? ЖЕ КЕЛЕРКИ ЖЫЛ ТӨЛГӨЧҮЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН

Бир топ күндөн соң жаңы - 2018-жылдын келүүсү күтүлүүдө. Бул жылы өлкөбүздө кандай окуялардын болору сизге да кызык болсо, көзү ачыктардын төлгө ташына көңүлүңүздү бурабыз.

 

Сайдин кызы Жаңыл:

– Жаңы келген ажобуздун жолу жакшы болгон үчүн келерки жылда элибизде молчулук, токчулук, тынчтык өкүм сүрөт. Майда табигый кырсыктар: жер титирөө, сел жүрүү, кар көчкү боло берет. А бирок чоң-чоң адам өмүрүн ала турган революция, кырсыктар, трагедиялар орун албайт. Бала уурдоо, адамдардын жоголуусу, суицидке баруу салыштырмалуу азаят. Жашоо өз нугунда өтүп, эч кандай деле өзгөрүү, жаңылануу, сенсация жараткан окуялар болуп кетпейт. Мөөнөтү бүткөн соң ханыбыз кызматын өз каалоосу, тынчтык жолу менен өткөрүп берип, ордуна жаш бала келет. Кийинчерээк экс-президент Аскар Акаев Кыргызстанга илим менен келет.

 

 

Курманбаева Күлүйпа:

– 2018-жылы түштүк тарапта жашаган элдер кичине сак болуусу керек болот. Себеби түштүк тарапта бир кырсык орун алат. Бул нерсе аба-ырайына байланыштуу. Элге материалдык чыгым келтирүүсү мүмкүн, бирок адам өлүмү коштолбойт. Элдердин нааразычылыктары көп болуп, майда митингдер өтүп турат. Жол кырсыгы, балдарга карата болгон зомбулуктар токтобойт, бирок аз санда болот. Бардык нерсе адамдардын пейил, тилектеринен көз каранды болот. Ошондуктан жакшы ниет коюп иш-аракет кылса, жаңы жылда жалаң гана жакшылыктар орундаларына терең ишенем.

 

Нурматова Айчүрөк:

– Азыркы президентибиз такка келе электе эле бул кишинин мамлекет башчысы болорун билгем. Эми алты айга чейин өзүнүн жанында жүргөн адамдарын иргеп, ичип жаткан тамак, жүргөн жолдордон сактанса, өлкөбүздө ийгиликтер, жакшылыктар, өзгөрүүлөр мол болот. Элдер жакшы ийгиликтерге жетише баштайт, ынтымагы күчөп,бири-бирине болгон ишенич пайда болот. Эгерде алты ай өзүн сактабаса, коркунуч келет. Ойлорубуз тазарып, жакшы гана иштерге аракет кылып, калыстыкты биринчи орунга койсок, жаркын келечек бизди күтөт.

 

 

Шаршеева Жаркынай:

– Эл ичинде туруктуулук болот. Оппозиция, лидерлер өздөрүнүн терс жана оң көз караштарын ачык айта баштайт. Ак-кара менен тирешип отуруп, жыйынтыгында ак, башкача айтканда, калыстык жеңет. Өлкөнү өнүктүрүүгө болгон пландар жакшылыктар менен коштолот. Жаштардын ой-жүгүртүүсү, көз карашы, аң-сезими өнүккөн өлкөлөрдү карап өссөкпү, өнүксөкпү деп турат. Ошондуктан жаштар агымы активдеше баштайт. Жаштар идея, максаттарын алдыга чыгарганга аракет кылат. Жашоо өз шарт, ирети менен стабилдүү болот. Башка мамлекеттер көп инвестиция жумшап, мамлекеттер арасында жаңы жолдор ачылат. Акырындык менен шаар чоңоюп, жаңыра баштайт. Элдер мал көбөйткөнгө аракет кылышат. Кыжалат болуп, нааразы болгон адамдар көп болот. Балдарды уурдоого катыштыгы бар жогору жактагы адамдардын да көзү ачылат. Биримдик, ынтымакта болуп, адамдар бири-бирине агрессия эмес, мээрим көрсөтсө, жеңиштер көп болот.

 

 

Каратаева Орунжан:

– Мен келерки жыл кандай болорун мага келген кардарлардын түштөрүнүн негизинде жыйынтык чыгарам. Анткени алардын көбүнө аян сыяктуу келет. 2017-жылы кыргыз эли чоң сыноодон өттүк. Мага келген кардарлардын жүрөгүндө түпөйүл ойлор болуп, коркуу сезими менен жүрүшчү. Кара булут каптап келе жатат, ылай болуп аккан кир сууларды көрүп жатам деген түштөр көп болду. Ал эми акыркы учурлардагы келген кардарларымдын айтуусу боюнча, туптунук суу агып, аны кечип жүрүптүрмүн дегендер көп. Дагы бирөөнө: «Бийик тоонун жанында турам, эми ага чыгуу керек болуп жатат. Бирок топурактын ордуна ун экен, ошол унду тебелебейин деп баспай турам. Тоонун үстүндөгү эл көп болуп, алардын баары ачык түстүү кийимдерде кийинип жүрүшүптүр», - деген аян келиптир. Мен анын түшүндөгү унду ырыскы, түстүү кийимдерди элдин кубанычы, аккан сууну өмүр деп жоруп жатам. Буюрса, келерки жыл жакшы жылдардан болоруна ишенип, тилек кылып жатам.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы