Баланын иммунитетин кантип көтөрүү керек?

Ар бир ата-эне баласынын чың ден соолуктуу болушун каалайт эмеспи. Ошол эле убакта баласынын ден соолугу анын өз колунда экенин аңдай билбеген ата-энелер бар...

Иммундук система жакшы эмес тамактануудан, радиациянын, экологиялык факторлордун таасиринен бузулат. Бул абалды медицинада “иммунодефицит” деп аташат. Балдарда иммундук система 3-5 жашка чейин өз “милдетин” жакшы аткарбайт да, андан соң бекемделе баштайт. Бирок айрым балдарда ал алсыз бойдон кала берет. Мындай балдар сасык тумоо, жугуштуу оорулар менен көп оорушат. Дарылоо таптакыр жардам бербеген балдар да бар, текшере келгенде алар тубаса иммунодефицит менен оорушат. Бактыга жараша, бул оору өтө сейрек кездешет, башкача айтканда, жүз миңден бир жаңы төрөлгөн ымыркай тубаса иммунодефицит менен төрөлүшү мүмкүн. Адам вирустан эмес, иммундук системасынын инфекция менен, теридеги шишик менен, нерв системасы менен күрөшүүгө жөндөмсүздүгүнөн өлөт.

 

Иммунитети алсыз балдарды кантип аныктоого болот?

Бала жаш кезинен баштап эле жөтөлгө, дене табынын көтөрүлүшүнө, өнөкөт ангинага жакын болот. Мындан тышкары мындай балдарга ич өтүү, эч кандай себеби жок эле ичтин оорушу, ичтин көбүшү мүнөздүү. Ошондой эле кээде заара чыгаруучу жолдордогу оору менен да коштолот. Иммундук системасы алсыз балдарда кандай гана жарат болбосун ириңдеп, көпкө чейин айыкпайт, айыккандан кийин да териде тырык калат. Айрым балдардын оозуна тез-тез учук чыга берет.

Мындан тышкары иммунитети жетишсиз балдарда лимфа бездери көп кездешет. Алар ээктин астында, моюндун алдыңкы жана арткы бөлүгүндө, акыректе, колтуктун чуңкурунда жана чурайда болушу мүмкүн. Бул бездердин баары жумшак болот жана оорубайт. Айрым балдардын көк боору чоңоюп кетет.

Мындан тышкары, начар иммундук система ашыкча дүүлүктүргүч болуп эсептелинет. Кадимки эле азыктарды туура эмес кабыл алып, натыйжада, иммунитети начар бала аллергия оорусуна дуушар болот.

 

Иммунитетти кантип көтөрүүгө болот?

Иммунитетти көтөрүүнүн табигый жолу – курамында витаминдер, минералдар, белоктор бар тамак-аштарды көбүрөөк колдонуу.

1. Витаминдер

А витамини:

– көрүүнү жакшыртат

– теринин кургактыгын азайтат

-аллергияда жардам берет

– нерв системасынын реакциясын тездетет.

Негизги булактары:

-сабиз

– капуста

– өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүгү

– боор

– бөйрөк

– балыктын майы

– жумуртканын сарысы

– каймакмай

– сүт

 

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 45 мг дан 100 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

С витамини:

– суук тийүүдөн сактайт

– организмдин картаюусун жайлатат

– тиштерди жана бүйлөлөрдү бекемдейт.

Негизги булактары:

– цитрус жемиштери

– ит мурундун мөмөсү

– капуста

– помидор

– кара карагат

– кызыл болгар калемпири

 

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 45 мг дан 70 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

Е витамини:

– ракка, вируска, микробдорго каршы коргоочу касиетке ээ

Негизги булактары:

– боор

– жумуртканын сарысы

– күн карама, оливка жана жүгөрү майлары

– гречка, күрүч ж.б.

 

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 6 мг дан 12 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

В1 витамини:

– чыргоолукка, ыйлаактыкка, баш ооруга, алсыздыкка каршы.

Негизги булактары:

– кара нан

– буурчак өсүмдүктөрү

– жаңгак, жер жаңгак

– боор

– картошка

 

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 0,8 мг дан 1,3 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

В2 витамини:

– жашоону узартат

– теринин жылмакай жана чың болушун камсыздайт

Негизги булактары:

– капуста

– буурчак

– алма

– помидор

– уйдун эти жана боору

– жумуртка

– сүт азыктары (2 саат күндө туруп калган сүт азыктары курамындагы бул витаминин жоготот)

 

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 0,9 мг дан 1,6 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

В6 витамини:

– кулак ооруп, андан ириңдин агышына каршы кызмат кылат

Негизги булактары:

– кара нан

– эт

– балык

– боор

– жумуртканын сарысы

– сүт

 

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 1 мг дан 1,8 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

В9 жана В12 витаминдери:

– кандагы клеткалардын, аны менен кошо эритроциттердин жана иммундук клеткалардын пайда болушу үчүн зарыл

– аз кандуулуктун алдын алат

– суук тийүүдөн сактайт

Негизги булактары:

– сүт

– жумуртка

– соя

– уйдун боору

– түрп, редиска

Д витамини:

– жүрөктүн ишин, нерв жана иммундук системаны жөнгө салат. Эгер бул витамин балада жетишсиз болсо, рахит оорусуна чалдыгат.

Негизги булактары:

– жумуртка

– сүт

– каймакмай

– боор

– балык

– күндүн нуру (Д витамини кара-тору адамдарга караганда ак-саргыл адамдардын организминде 2 эсе тез пайда болот)

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 10 мкг дан 2,5 мкг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

 

2. Минералдык заттар

Күчтүү иммунитет үчүн биздин организмибизди коргоочу калий, магний, цинк, йод сыяктуу минералдык заттардын жетиштүү өлчөмүн кабыл алуу зарыл.

Калий капустада, картошкада, кургатылган өрүктө, бадыраңда, помидордо, грейпфрутта, петрушкада, буурчак өсүмдүктөрүндө, кара өрүктө, мейизде көп.

Магнийди жетиштүү өлчөмдө биздин организмибизге жеткирген азыктар: чийки жумуртканын агы, жаңгак, ашкабак, картошка, петрушка ж.б.

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 150 мг дан 300 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

Жез сүттө, чийки жумуртканын сарысында, жаңгакта, жер жаңгакта, арпада, петрушкада, козу карында бар.

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 0,7-1 мг дан 1,5-2,5 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

Цинкке бай азыктар көп эмес. Ал семичкеде жана дан азыктарында гана бар.

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 5 мг дан 15 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

Чоңдорго караганда жаш балдарга жана өспүрүмдөргө йод көбүрөөк керек. Андыктан алар кызылча, капуста, пияз, козу карын, жашыл буурчак, помидор, коондон көбүрөөк жеш керек.

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 7 мг дан 8-14 мг га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

3. Белоктор

Белоктор эттин, сүт азыктарынын, буурчактын, соянын курамында көп болот. Иммунитети алсыз балдар аз дегенде жумасына бир жолу буурчак кошулган тамак ичүүгө тийиш.

Иммунитетти көтөрүү үчүн: Бир суткалык дозасы – 1-3 жаштан өспүрүм курактагы балдарга чейин 53 г дан 100 г га чейин. 3-4 жуманын ичинде.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА