Анара ЧИЛЕТИРОВА, «Жаш кыял» музыкалык театрынын директору: «Бийлеп жүргөн балдардан корком»

Жаңырган жылы түзүлгөнүнө 24 жыл толгону турган «Жаш кыял» элдик үлгүлүү бий ансамбли бул убакка чейин уясынан ондогон бийчилерди учуруп чыгып, кыргыз маданиятынын бий тармагына зор салым кошуп келе жатат. Аталган бий ансамбли бул убакка чейин «Сейтек» балдар борборунда болсо, өз алдынча эми бөлүнүп, «Жаш кыял» музыкалык театры деген макам алышты.

– Анара айым, «Жаш кыял» музыкалык мектебин ачуу мурунтан кыялыңыз беле?

– Мындан беш жыл мурун эле мамлекеттик “Сейтек” балдар борборунан бөлүнүп, кайсы бир мезгилде Чилетировдордун кыргыз улуттук бий мектебин ачабыз деген ойлорубуз бар болчу. Бирок коркуу сезими да бар эле. Анткени даяр жерде иштеп, мамлекет берген айлыкты алып жүрүп көнгөн жаныбыз буга моралдык жактан даяр эмес болчубуз. Бирок жакшылап ойлонуп көрүп, «Жаш кыялды» өзүнчө алып кеткенге толук көзүм жетти. Ошентип беш жыл мурда ойлогон кыялды быйыл ишке ашырдык. Сентябрь айында «Сейтек» балдар борборунан бөлүнүп «Жаш кыял» музыкалык театры деп ачтык.

– Театрда балдар үчүн ийримдердин кандай түрлөрү камтылган?

– Бизде бийдин түрлөрү, кыргыз жана башка дүйнө элдердин бийлери, андан сырткары заманбап бийлер, актёрдук чеберчилик, комуз ийримдери бар. Мындан да көп тармакты камтыйлы дегенбиз, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей кеңсебизде класстар азыраак болуп атат. Буюрса, эми кеңейе беребиз.

– Театрда канча адам жумуш менен камсыз болду?

– Хореография боюнча үч мугалим иштейт. Алардын бири - жолдошум «Жаш кыял» музыкалык ансамблинин көркөм жетекчиси Жаныбек Чилетиров. Заманбап бий боюнча өзүбүздүн балабыз Куба Жаныбеков сабак берет. Жыл сайын Жаңы жылдык жомоктор болот, Нооруз майрамын театрлаштырып жасайбыз. Ошондой учурларда бий менен бирге актёрдук чеберчилик талап кылынат. Ушул жагынан жакшыраак көңүл буралы деп атайын адис алдык. Тактап айтканда, Улуттук драма театрынын таланттуу актёру Жеңиш Сманов балдарга ушул жаатта сабак берет. Комуздан Шайыргүл деген жаш комузчу кыз берет. Андан сырткары менеджер, костюмер, костюмдарыбызды тиккен дизайнер, бухгалтер, анан эки пол жууган адамдар бар.

– Негизи агай экөөңүздөр бий дүйнөсүнө кандайча келип калдыңыздар эле?

– Мен 1-классымдан баштап балетке катышкам, 3-классты бүткөнүмдө Санкт-Петербургдан келишип, ал жакка барып окууга мени анан бир баланы тандап кетишкен. Бирок чоң атам: «Мен көрбөгөн жерге кантип барат», - деп каршы болуп жибербей койгон. 5-класстан баштап кече бийлерине катышып, сынактарга барсам, Жаныбек кыргыз бийлери боюнча катышып жүрүптүр, ал 7-класста окуган бала эле. Экөөбүз ошондо таанышып калганбыз. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында биз экөөбүз эки башка мектепте окуганыбыз менен бий ийримдеринде чогуу бийлечүбүз. Менин ата-энем бийчилер болгон. Апам мугалим болгону менен бий ийримине катышчу экен. Мектептен бизге сабак өтүп бүтүп, парталарды жыйнап коюп бизге бийлегенди үйрөтүп, кароо-сынактарга алып барчу. Жаныбек экөөбүз тең дээрибизден бийге жакын экенбиз. Бий менен таанышып, бий жакындаштырып жүрүп баш кошуп калдык.

– «Жаш кыял» бий ансамбли кандайча ачылып калган?

– Апам Бишкектеги 68-гимназияда мугалим болуп иштечү. Мен экинчи балам менен декреттик эс алууда олтурганымда апам: «Бизде бий ийрими ачылып атат, хореограф болуп иштебейсиңби?» - деп калды. Мен ары ойлонуп, бери ойлонуп Жаныбектен сурасам, ал макул болду. Бирок жакшы эсимде жок экенин айтсам: «Жардам берем”, - деди. Ал учурда Жаныбек коопсуздукту камсыз кылуу тармагында иштечү. Ал жумуштан келгенде экөөбүз сабак өткөнгө даярданабыз. Ошентип ийримге жүздөй баланы топтоп алдым. Ансамблдин түзүлгөнүнө эки ай болуп калган убакта Жаныбекке балдарымды көрсөтөйүн деп аны мектепке ээрчитип бардым. Ошентип ал да тартылып кетти. Өзүнүн жумушунан долларлап айлык алчу, мектептеги ийримден экөөбүз 150 рублдан айлык алып, жаңы бийлерди коё баштадык. Менин бир тууган эжем кийим тиккенге колу абдан жөндөмдүү эле, ошол Гүлчехра эжеме кыргыз кийимдерин тиктирип баштадык. Азыркыга чейин балдардын кийимдерин эжем тигип келет. Кийин бий боюнча өткөн шаардык сынактан биринчи орунду алып, Ысык-Көлдө өтө турган республикалык "Жаш таланттар" фестиваль сынагына жолдомо алдык. Жаныбек экөөбүз балдарды болгон күчүбүздү жумшап даярдап барган элек, Кудай буюруп, ал сынактан да 1-орунду алдык. Ошондо “Сейтек” балдар борборунун мүдүрү Сабийра Муслимовна биздин топту жактырып, өздөрүнө чакырды. Аталган балдар борборунда 23 жарым жыл иштедик, көптөгөн жакшы күндөр өттү, ар кандай сынактарга катыштык, жетишкендиктер көп болду. Бүгүнкү күндө 70тен ашык кыргыз бийлери, 50дөн ашык башка улуттун бийлери, заманбап бийлер, 20дан ашык Жаңы жылдык жомоктор бар. Музакалык спектаклдерибиз менен Москвага чейин барып келдик. Бизден канча деген кыздар бүтүштү, азыр борборубуздагы бий топторун ачып жүргөн кыздарыбыз бар. Ошол эле Айпери Обозова, Жаркынай Оморова, Элина Абай кызы биздин ансамблден бүтүшкөн. Бүгүнкү күндө музыкалык театрда 300дөй бала бар. 4 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алабыз.

– Сиздердин концерттерде кыздардын баары бир адам бийлеп аткан сыяктуу тегиз бийлешет, ушул нерсенин артында чоң эмгек жатса керек?

– Биринчи кезекте бизде тартип абдан катуу, Жаныбек тартипти башкы орунга коёт. Тартип бар жерде өнүгүү бар. Биз кыздардын чачынан баштап бутуна чейин карайбыз. Концерт учурунда эле эмес, сабак учурунда да кыздардын баары бир кыздай көрүнүшү керек. Анан да бул жерде ынтымак чоң роль ойнойт. Анткени бири-бирин жаман көрүп же урушуп кеткен кыздар эч качан сахнада чогуу боло алышпайт. Кыздар бири-бирине тартылып турса, сахнада тегиз бийлешет. Хореографтардын эмгеги да күчтүү, үч мүнөттүк бий үчүн, үч жылдап иштешет.

– Эң кенже тайпалардагы балдарга бий үйрөтүү оңой эмеспи?

– Кичинекей балдар менен иштеш абдан кызыктуу жана оор. Балдардын дүйнөсүн түшүнбөгөн мугалим алар менен иштеше албайт. Мугалим бийди көрсөтүп жатса, алар басып кетип калышы да мүмкүн. Андыктан баланын тилин табыш үчүн бала кыял болуп, ар бир баланын сага эмнени айткысы келип атканын көрө билиш керек. Бизде эң кенже тайпа төрт жаштагы балдар. Буюрса, Жаңы жылга эки бий бийлеп чыгышат. Мен учурунда үч жаштагы балдар менен иштеп көргөм, аларга момпосуй берип бийлетчүмүн. Бирок үч жаштагы балдар өтө эле кичинелик кылат экен. Ошондон кийин төрт жаштан баштап кабыл алып калдык.

– Негизи сиздерге бийге шыктуулар келиши керекпи?

– Ата-энелер балдарын алып келгенде «үйдөн аябай бийлейт» же «тойлордо бийлейт» деп айтышат. Мен эмнегедир ошол балдардан корком. Анткени өз алдынча бийлеп, элге көрүнүп калган бала туурабы, туура эмеспи, эркин бийлегенге көнүп калган. Ал баланы түзөш кыйыныраак болот. Биздики мектеп болгондуктан, ар бир кыймыл-аракетин туура кылганга аракет кылабыз. Ал эми эч нерсени билбей келген бала менен иштеш оңой, анткени баарын башынан туура үйрөтөсүң. Анан да бизге келген балдардын ата-энесинин каалоосу жогору болушу керек.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

– Кыздарды канча жашынан бийге катыштырса жыйынтыгы жакшы болот?

– Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы. Анткени баланын сөгүү ката электе алардын денесин чоюлчаак кылып даярдайбыз да. Ошондуктан биз он эки жашка чейин кабыл алабыз. Бирок 8-9 жаштардан баштап денеси ката баштаган болот.

– Агай экөөңүздөр бир тармакта иштеп келе жатыптырсыздар, үй-бүлөлүк жашоого таасири кандай?

– Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан, бири-бирибизди түшүнө билгенге аракет жасайбыз. Эртеден кечке чейин жумушта балдар менен жүрүп, сүйлөшкөнгө деле убактыбыз болбойт. Кечинде барганда тынчтыкты самап калабыз, ар ким өзү менен өзү болот. Жаныбек «Сейтекте» иштегенде жумасына үч жолу жумушка барып, калган учурларда эс алчу. Театр ачылгандан бери жумасына жети күн иштемей, азыркы учурда Жаңы жылга даярдык көрүп түн ортосунда кетип атабыз.

– Балдарыңыздар да бийден алыс кете алышпады көрүнөт…

– Ооба, үч балабыз тең бийледи. Бирок улуусу аскер тармагына кетти. Биздин жолубузду улаган экинчи балабыз менен кызыбыз болду. Куба "We`ll Be" бий тобунда бийлейт, жогоруда айтканымдай, заманбап бийден сабак берет. Азыр Жаңы жылдык концерттерди коюп аткан ошол. Ал эми кенже кызыбыз «Жаш кыял» бий ансамблинин келечектеги көркөм жетекчиси Сайкал. Эки жашынан баштап бийлейт, быйыл бүтүрүп атат. Эми өзү тандаган кесипке ээ болот. Бирок биз аны эки жашынан эле байкап жүрөбүз, бийге абдан шыктуу. Эки жашында төрт беш жаштагы окуучулар «Чычкандар» деген бийге даярданып жүрүшсө, ал аралашып жүрүп эле үйрөнүп алып, алар менен сахнага бийлеп чыккан. Ишенгенибиз ошол кызыбыз.

 

Динара ЧОКОЕВА