Алма организмге эмнеси менен пайдалуу?

Жемиштердин ичинен биздин климаттык шартта эң кеңири таралган жемиш – алма. Алманы биз жыл бою үзбөй колдонгонго аракет кылабыз. Анткени анын ден-соолукка тийгизген таасири өтө эле көп. Алар кайсылар?

 

Рактан коргойт. Алманын кабыгында антиоксиданттын чоң өлчөмү бар. Бул болсо С витамини менен биригип, организмге терс таасирин тийгизүүчү радикалдарга тоскоол болот. Ошондой эле жоон ичегиде өнүгүүчү рак коркунучун пайда кылуучу зыяндуу заттарды организмден айдап чыгат.

 

Алма кандагы холестеринди азайтат. Изилдөөлөргө караганда, күнүнө эки алма жегендик – холестериндин деңгээлин 16 %га түшүрүү дегендик.

 

Тамак сиңирүүнү жөнгө салат. Алма – ашказандын бузулушуна каршы эң жакшы каражат болуп эсептелинет. Мунун себеби алманын курамында тамак сиңирүүнү жөнгө салуучу алма кислотасы бар.

 

Алманын уругунда йоддун көп өлчөмү бар. Күнүнө 5-6 даана урукту жесеңиз -  организмдин суткасына йодго болгон талабы толук бойдон канааттандырылат.

 

Боордогу жана өттөгү кумду алма диетасынын жардамы менен эритсе болот: эртең мененки саат 8де 240 мл алма ширесин, андан кийин саат 10до, 12де, 14тө, 16да, 18де жана 20да 480 млден ичүү керек. Бул диетаны кармоодогу эки күн ичинде башка эч нерсе жебөө керек. Анан самынсыз ысык ванна кабыл алуу зарыл. Үчүнчү күнү эртең мененки саат 8де 480 мл алма ширесин ичип, жарым сааттан кийин 120 грамм таза оливка майын ичүү талапка ылайык.  Эгер алсыроо байкалса, жатып эс алуу керек. Адатта 1-2 сааттан кийин жыйынтык байкалып, организмден кумдар чыга баштайт.

 

Жаш балдардын тиштери жакшы өсүшү үчүн тиш доктурлар аларга алма берүүнү сунуштайт. Ал тиштин эмалын тазалайт.

 

Күнүнө бирден алма жесеңиз – инсульт коркунучунун алдын алган болосуз.

 

Алманын ширеси жүрөк-кан тамыр системаларын бекемдейт, акыл-эсти талап кылган жумушта иштеген адамдарга пайдалуу. Семирүүдөн жапа чеккен адамдар үчүн мындай аралашма натыйжалуу: 100 мл алманын ширеси, 50 мл коондун ширеси, 5 мл помидордун ширеси, 25 мл лимондун ширеси.

 

Алманын кабыгынан заара кубалоочу каражат жасоого болот. Ал үчүн кабыкты кургатып, 1 кичине кашык майдаланган кургак кабыкты 1 стакан кайнак сууга демдөө керек. 5-10 мүнөт тыныккан соң кумшекер кошуп иче берсе болот. Күнүнө 5-6 жолу жарым стакандан ичүү жыйынтык берет.

 

Алманын курамы:

Органикалык кислота, сахар, С, А, В1 витаминдери, каротин, микроэлементтер (темир, калий, кальций, магний жана башка), эфир майы жана башка заттар.

Алманын курамында темир болгондуктан, аз кандуулукта жардам берет. Ал үчүн күнүнө 400-600 грамм алма жеш керек.

 

Орточо чоңдуктагы 3 даана аарчылбаган алманы туурап, 1 литр кайнак сууга салып жай отто 10 мүнөт кайнатуу керек. Кумшекер кошуп, бир күндүн ичинде баарын ичүү ревматизмде, гастритте, жөтөлдө эң жакшы каражат болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө импорт алмаларынын көптөгөн түрлөрү бар. Алар кооз, туптунук, кыскасы, сырттан караган адамдын жегисин келтирет. Бирок бул алмаларды сатып алуу сунуш кылынбайт. Анткени башка өлкөдөн алмаларды алып, жолго чыгар алдында көпкө сакталыш үчүн аларды химикаттарга каныктырышат. Алар пайдалуу касиеттерин жоготушуп, атүгүл ден соолукка зыян алып келет. Импорт алмаларын пайдаланардын алдында сыртын кылдаттык менен жууп чыгыш керек. Жакшысы алардын кабыгын жебей эле койгон оң.

 

Сауле СУЛАИМАНОВА