ГҮЛМАЙРАМ: ”БУТУМ БАСПАГАНЫНА КӨНҮП БҮТКӨМ, БИРОК СОКУР БОЛУП КАЛУУДАН КОРКОМ”

Өзүнүн майып экенине карабай жашоого жалаң жакшы үмүт менен карап, кыйынчылыктарды жеңе билген, алдыга умтула билген инсандар коомубузда саналуу гана. Алардын бири - Гүлмайрам. Эми гана 25 жаштын тамагын ичип, жаштыктын доорун сүрүп олтурчу кезинде Гүлмайрамды тубаса оорусу, кийин пайда болгон көз оорусу кыйнап келет. Ушул күнгө чейин дээрлик эч кимден жардам сурап көрбөгөн келинге бир убакта эки дарт менен алпурушуу кыйынга туруп, аргасыздан элибизге кайрылуу жасап олтурат.

 

“Эки жашымдан бери ооруканадан башым чыкпайт”

– Мен Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда 1992-жылы жарык дүйнөгө келгем. Эки жашка чыкканымда башымдын көлөмү чоңоюп, бутум баспай, сөөктөрүм кыйшайып баштаптыр. Ата-энем тынчсызданып ошол эле Лейлектеги ооруканаларга алып барышат. Бирок жергиликтүү догдурлар менин оорумдун себебин аныктай албасын, сөзсүз түрдө тез аранын ичинде борбор калаага барып текшерилишибиз керек экенин айтышат. Атам менен апам көпкө турбастан дароо борборго келишет. Республикалык ооруканага барып көргөзүшсө врачтар “сөөктөрдүн тубаса морттугу” деген диагноз коюшат. Бул оору өтө сейрек кездешүүчү оорулардын катарына кирип, сөөктөрдүн сынуусу менен коштолот экен. Эмне себептен мындай оору менен төрөлүп калгандыгым азыркыга чейин табышмак. Атамдын жүрөк оорусун эске албаганда апам, бир тууган агам жана кичинекей иним баары тең ден соолугу чың адамдар. Ошентип улам бутумдун сөөктөрү сынган сайын ооруканага барам, догдурлар бутумду чоюп туруп гипстеп коюшат. “Операция жасап толук айыктырганга болбойт. Себеби бала улам чоңойгон сайын сөөктөр кошо чоңоюп операция кылган күндө деле кайра сына бериши мүмкүн”, - деп түшүндүрүшкөн. Сөөктүн өсүүсү 16-20 жашта токтойт эмеспи, мага дагы 16 жашымда бутум сынганда Каныбек Бегалиев деген ортопед операция жасады. Төрөлгөндөн бери майыптардын арабасында  олтуруп жүрүп операция жасалгандан үч жылдан кийин балдак менен баса баштадым. Буттарыма атайын медициналык темир коюлуп, буттарымды ошол темир сактап жүрдү.

 

“Жашоого болгон үмүтүм ойгонду”

– Буттарыма темир коюлгандан кийин кадимкидей сөөктөрүм катып калганы сезиле баштады. Балдак менен болсо дагы басып баштаганыма сүйүнүп, жашоого башкача көз караш менен карай баштадым. Өзүмдү өнүктүрүүнү ойлоп, көп жактарга барып, убактымды көбүнчө китеп окуганга арнап калдым. Айтмакчы, жогоруда айтып кеткен врач Бегалиевдин демилгеси менен тогуз жашымда атайын жатак мектепке барып окуп баштагам. Мектепте оорума байланыштуу 5-класска чейин эле билим алдым. Андан кийин үйгө келип мугалимдер окутуп кетишчү. 9- классты бүттү деген күбөлүгүм бар. Кандай болгон күндө дагы тамга таанып, сабатсыздыгымды жоюп алганыма сүйүнөм.

Эмне себептен оорулуу болуп калганымды өз алдынча изилдеп баштадым. Ар түрдүү китептерди окуп жүрүп бир күнү Ысык-Көл облусундагы “Равенство” майыптарды колдоо фондунун жетекчиси Гүлмира Казаковна жөнүндө маалымат алып, аны менен байланышып калдым. Ага өзүмдү өнүктүргүм келерин, майып болсом дагы эл менен аралашып, жаңы нерселерди үйрөнгүм келерин айтсам, Гүлмира эже Ысык-Көлдө майыптарга арналган атайын лагерь уюштурулуп жатканын айтып, мени дагы чакырды. Абдан кубанычта болуп, лагерге бардым. Лагерь болгону он беш күнгө созулса дагы ал жактан жаңы тааныштарды, өзүмө окшош майып, бирок кыялдары, максаттары чексиз адамдарды таптым. Бизге атайын майып болсо дагы жашоодо далай ийгиликтерди багындырып жүргөн тренерлер келип сабак өтүшчү. Мотивация алып, жашоого болгон көз карашым өзгөрүп, мурда үйдөгүлөр эшикке чыгарбай: “Эшикке чыксаң бутуң сынат”, - деп эч кимге аралаштырбай карап келишсе, лагерден кийин өз алдымча тандоо кылганды үйрөндүм. Гүлмира эженин фондунда волонтёр болуп иштегенге да жетиштим. Эже менин сабаттуу экениме карап документтер менен иш алып баруу бөлүмүнө мени кызматкер кылып дайындап койду. Эки ай иштеген соң лагерден таанышкан 2-топтогу майып жигитке турмушка чыктым.

 

“Турмушка чыккандан кийин бутум кайра сынып, оорум козголду”

– Жолдошум Көл жергесинин кулуну, тубаса 2-топтогу майып, жамбаш сөөгү жок, бир буту протезделген. Олтуруп иш кылбаса, оор жумуш аткара албайт. Азыркы учурда Ош базарында өтүкчү болуп иштейт. Экөөбүз үйлөнүп, Бишкекте батирлеп жашап жүргөнүбүзгө бир ай болгондо кокусунан тайып жыгылып кетип, кайра экинчи жолу бутума операция кылдырдым. Ушундан кийин бутум баспай кайра арабага олтуруп калдым. Мурунку калыбыма түшүп калганыма ызаланып, ушунчалык кайгырып, депрессия болуп жүрдүм. Күйөөм байкуш жумуштан күнүгө чарчап келет. Менин абалымды көрүп ого бетер кайгыга батат. Басканга аракет кылам деп жатып кайра тайып жыгылдым. Мунун баары көзүмдүн көрүүсү начарлап кеткенине байланыштуу эле. Кичине чагымдан эле алысты жакшы көрбөй көз айнек тагынып жүрчүмүн. Улам начарлай берип, көзүмдүн көрүүсү үчүнчү жолу жыгылып, ушул жылдын башында операция болгондон кийин кескин түрдө начарлап кетти. Көзүм ачышып ооруганынан врачка барып көрүнсөм, -15 болуп кеткенин айтышты. Эгерде тез аранын ичинде дарылабаса көзүм таптакыр көрбөй каларын айтышты. Ал эми дарылаш үчүн атайын лазердик ыкма колдонулат экен. Андай ыкма менен Кыргызстанда бир гана жеке клиника иш алып барат экен.

Өзүмдөн улуу агам бар, ал үйлөнүп-жайланган, бала-чакалуу. Тапкан-ташыганы үй-бүлөсүнөн артпайт. Кичүү иним болсо мектепте 4- класста окуйт. Жогоруда айтып кеткендей, атам да жүрөк оорусуна байланыштуу иштей албайт. Апам атамды карашы керек. Жолдошумдун, өзүмдүн пенсиямды кошуп, чогултуп жатып азыркы убакта бутумду дарылатып жатам. Батирде турабыз. Ага да ай сайын акча төлөп турушубуз керек. Кайрымдуу, боорукер адамдардан көзүмдү дарылатканга каражат жагынан каралашып коюусун суранат элем. Көзүмдү дарылоого 15 миң сом акча керек. Кимдир бирөө үчүн бул акча арзыбаган сумма болушу мүмкүн, бирок бизге окшогон майыптарга көп эле. Кандай кылып чойсок дагы жеткире албай жатабыз. Бутум баспай коляскада олтуруп калганым аз келгенсип, сокур болуп калгым келбейт. Боорукер адамдар көп экенинен үмүтүмдү үзбөйм.

Гүлмайрамга жардам берүүнү каалагандар болсо 0705 920703 номерине чалып байланышсаңыздар болот.

 

Алина АСАНБЕКОВА