Эттен жасалган тамак – майрамдык дасторкондун көзүрү

Эт рулети

Кандай азыктар керек?

Уй эти: 1 кг

Помидор ширеси: 400 мл

Катуу сыр: 200 г

Кургак ак шарап: 100 мл

Жумуртка: 2 даана

Пияз: 1 баш

Талкаланган нан: 3 чоң кашык

Сарымсак: 2 тишче

Кара тоголок калемпир: жарым чай кашык

Кургатылган петрушка, райкан чөп

Туз

Кантип жасалат?

Пиязды жука жарым шакекче кылып туурайсыз.

Сарымсакты майдалайсыз.

Идишке сарымсакты, талкаланган нанды (панировочные сухари), кургатылган чөптөрдү жана туз саласыз. Анын үстүнө жумурткаларды чагасыз. Кыргычтан өткөрүлгөн сырды кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Эттин сөөгү жок жумшак жерин ортосунан ажыратып, аягына чейин жеткирбей токтотосуз.

Жалпак этке туз, мурч себелеп бир аз тыныктырасыз да, андан кийин жогорудагы начинканы тегиз кылып саласыз.

Эми рулет кылып ороп, жип менен байлап коёсуз.

Калыпка алгач тууралган пиязды, анан рулетти салып, үстүнө ак шарап менен помидор ширесин куясыз.

Үстүн фольга кагазы менен жаап, 180 градус температурадагы духовкага салып эки саатка жакын бышырасыз.

 

 

Фрикаделькилер

Кандай азыктар керек?

Уй этинен жасалган фарш: 1 кг

Кой этинен жасалган фарш: 1 кг

Пияз: 2 баш

Жумуртка: 2 даана

Бөлкө нан: төрттөн бир бөлүгү

Томат: 100 г

Суу: 200 мл

Майонез: 3 чоң кашык

Туз, татымалдар,көк чөп

Кантип жасалат?

Фарштарды кошуп, дагы бир жолу эт майдалагычтан өткөрөсүз.

Пиязды аябай майда кылып туурайсыз. Жакшысы, кыргычтан же блендерден өткөрүңүз.

Чоңураак идишке фарштарды, пиязды, сууга чыланган нандын ортосун салып, үстүнө жумуртканы чагасыз жана туз, мурч, өзүңүздүн табитиңизге карап татымалдарды кошосуз.

Акырында майонезди кошуп жакшылап аралаштырасыз да, керектүү көлөмдөгү тоголокчолорду жасайсыз.

Көмөчказанга өсүмдүк майын куюп кызытып, фрикаделькилерди салып бир нече мүнөт кууруйсуз.

Анан тарелкага чыгара турасыз да, көмөчказанга томатты салып 1 мүнөттөй тынымсыз аралаштырып турасыз.

Андан кийин 1 стакан кайнак суу куясыз.

Анын үстүнө фрикаделькилерди кайра салып, жай отто 30 мүнөт демдеп коёсуз.

 

Койдун кабыргалары

Кандай азыктар керек?

Койдун кабыргалары: 1,5 кг

Өсүмдүк майы: 80 мл

Сарымсак: 8 тишче

Горчица: 40 г

Туз, мурч

Талкаланган нан

Кантип жасалат?

Кабыргаларга туз, мурч себелеп бир аз тыныктырып коёсуз.

Андан соң майдаланган сарымсакты тегиз себелейсиз да, 185 градустагы духовкага 12-15 мүнөт коёсуз.

Эми алып чыгып горчицаны сүртүп, дагы 15-20 мүнөт бышырасыз.

 

Айназик РАИМКУЛОВА