2018-жылы бизди эмне күтөт?

Келе жаткан ит жылында бизди эмнелер күтөт? Эмнеге даяр болушубуз керек? Булар тууралуу астрологдордун жылдыз төлгөлөрүнө көңүл буруп койсоңуз ашыкчалык кылбайт.

 

Кой

Жумуш, карьера, бизнес.  Ишкерлер жана жетекчилер иштерин кеңейтүүнүн үстүндө ойлоно башташат. Бул үчүн биринчи эле жаңы жай алуудан башташат. Же болбосо буга чейинки жайын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүшөт.  Бул түйшүктүү иштер дээрлик жылдын аягына чейин созулат. Көпчүлүк ишкерлерде жылдын биринчи жарымы ийгиликтүү жана жемиштүү болсо, жайдын көп бөлүгү карама-каршылыктар жана тынчсыздануу менен өтөт. Бул учурда досторуңуз же сизге бизнес жаатында жардамы тийген адамдар менен олуттуу түшүнбөстүктөр орун алат. Бул түшүнбөстүктөр албетте, акчанын айынан чыгат. Кырдаал кеч күзгө же кышка барып оңолот. Маселе сиз тарапка чечилип, көптөн бери кыялданып жүргөн жаңы ишти баштооңузга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал эми айлыкка иштеген жумушчулар үчүн 2018-жыл бир аз начар жылдардан болот. Жумушуңузду алмаштырганга убакыт келип жетти, бирок буга мүмкүнчүлүк ноябрь айынын аягында же декабрда гана болушу мүмкүн. Андыктан өз милдетиңизди кадимкидей аткарып, ошол эле учурда шашпай жаңы жумуш издей бериңиз. Күчтүү Койлор өздөрүнүн жеке иштерин ачканга же анын пайдубалын түзгөнгө жетишишет.

Акча. Иштериңиз демөөрчүлөрдүн, бизнес өнөктөштөрүңүздүн жардамы же болбосо карызга, кредитке алган акчалардын эсебинен алдыга жылат. Жакшы киреше кыймылсыз мүлккө байланышкан ийгиликтүү операциялардан болушу мүмкүн. 

Ал эми ишмердүүлүгү бизнеске байланышпаган адамдар ата-энесинен, өмүрлүк жарынан же жакын адамдарынан колдоо алат. Жайында күтүлбөгөн маселелерге туш болуп калбооңуз үчүн каржы иштерине байланышкан документтерге абайлап мамиле жасашыңыз керек экенин жылдыздар эскертишет.

Сүйүү, үй-бүлө. Июль айына чейинки аралык – тынч мезгил. Анткени жубайлар жаңы турак жай, оңдоп-түзөөгө байланышкан татаал маселелерди бирге чечишет. Бул үчүн аларга жакын адамы акча жагынан жардам берет. Жайында күтүлбөгөн жерден маселелер пайда болот. Бул же балдарга, же акчага байланышкан маселе болушу мүмкүн. Кайсынысы болсо да түгөйлөрдүн ортосунда жараканы пайда кылат. Бирок мунун баары күзгө барып ордуна келет.

Ден соолук. Жыл бою өзүңүзгө кам көрүп жүрүүгө туура келет. Аялдарда кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгү бар, көп үй-бүлөлөрдө балдар жана неберелер төрөлүшөт.

 

 

Букачар

Жумуш, карьера, бизнес.2018-жылы айланаңыздагы таасирдүү жана колунда бийлиги бар адамдардын арты менен бизнесиңизди кеңейтип аласыз. Башка мамлекеттердеги өнөктөштөр менен болгон кызматташтык бекемделет. Муну менен катар сизди бизнес жаатында колдоп жүргөн адам менен жай айларында карама-каршылыктар орун алышы мүмкүн.

Катардагы жумушчуларда июль, август айларында күтүлбөгөн жерден өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн, башкача айтканда, аларга жаңы жумуш издегенге туура келет. Бул жөнөкөй нерсе эмес, жаңы жумуш табууга сизге бир нече ай талап кылынат, андыктан кескин чечим чыгарардан мурун жакшылап ойлонуңуз.

Акча. Каржылык абал туруксуз болот. Бул жаатта көзөмөлдү күчөтүңүз, юридикалык документтериңиздин так болушуна басым жасаңыз.

Сүйүү, үй-бүлө. 2018-жыл – Букачарлардын жеке жашоосу  үчүн дээрлик идеалдуу жыл. Айрыкча көптөн бери өзүнө түгөй таба албай жалгыздыкта жашап келаткандардын жолу болот.  Айрымдар башка өлкөдө же шаарда жашаган мурунку сүйгөндөрү менен мамилесин улантат. Ал эми үй-бүлөсү барларды жылдыздар бул жылы өзгөчө сак болууга чакырат, анткени жаңы романдардын башталып кетүүсү күтүлүүдө.

Ден соолук. Жыл ичи өзүңүздү жакшы сезесиз, бирок бир шарт менен: сергек жашоо образын сактаган туура тамактануу, режим сактоо.

 

 

Эгиздер

Жумуш, карьера, бизнес. Жылдын биринчи жарымы – жемиштүү мезгил. Ишкерлер жана жетекчилер жаңы долбоорлорду, кирешелүү иштерди жана мурунку иштери үчүн сыйлыктарды күтө берсе болот. Катардагы кызматкерлер үчүн да ийгилик жылмаят – аларда жогорку тепкичке көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү жогору.  Бирок июль, август айларында текшерүүчүлөрдүн кылтагына илинип калышыңыз мүмкүн.  Же болбосо башка шаарда, өлкөдө жашаган өнөктөштөрүңүз менен карама-каршылыктар пайда болот.

Акча. Каржы жагынан февраль, март, июль жана ноябрь айларында жолуңуз болот. Ал эми жай айларында бул жаатта каатчылык өкүм сүрөт.

Сүйүү, үй-бүлө. Жылдын аягында сүйүү романы башталып, көпчүлүгүндө ал 2019-жылы баш кошуу менен аяктайт. Туугандар менен жай айында мамиле бузулат. Бул ушак сөздөргө байланыштуу болот.

Ден соолук.Мончого, массажга барып өзүңүзгө көбүрөөк кам көрүңүз. Июль, август айларында жолдо жана автоунаа айдоодо абайлаңыз.

 

 

Бөйөн

Жумуш, карьера, бизнес. Башка өлкөдөгү өнөктөштөрүңүз менен мамилеңиз өөрчүп, ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүрөт. Ишкерлер 2017-жылы башталган долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашуусун күтө беришсе болот. 2018-жылдын жай айларында бизнес өнөгүңүз сизге болгон нааразычылыгын билдирет. Ал акчага же башка материалдык баалуулуктарга байланыштуу болот. Бул маселени чечүүгө жардам сурап эски таанышыңызга кайрыласыз. Күз-кыш мезгилдеринде маселе бул же тигил жагына чечилет.

Кызматкерлер март, апрель айларында абройлуу, ошол эле учурда өтө жоопкерчиликтүү кызматка өтүшү мүмкүн. Өзгөчө ийгилик саясатчыларда, чыгармачыл адамдарда болот, аларды популярдуулук жана кирешесинин көбөйүшү күтөт.

Акча. Жылдын биринчи жарым жылдыгы жана аягы акча жаатында ийгиликтүү учурлар. Ал эми жай айларында көпчүлүк Бөйөндөр чоң суммадагы акчаны кредитке же карызына төлөп калышат. Муну төлөө жеңил болбойт.

Сүйүү, үй-бүлө. Мурунку сүйүктүүңүз же башка шаарда жашаган өзгөчө адам менен сүйүү романын курганга эң ылайыктуу жыл. А үй-бүлөлүү адамдарга балдарынын жетишкендиктерине кубана турган мезгил келди. Көптөн бери олку-солку жашап келаткан үй-бүлөлөр ажырашуу тууралуу бир чечимге келишип, жай мезгилин мүлк бөлүштүрүү маселелери менен өткөрүшөт.  

Ден соолук. 2018-жылы сиздин сырткы келбетиңиз болуп көрбөгөндөй жакшырат. Бирок июль-август айларында жаракат алып калышыңыз ыктымал. Андыктан эс алууга барганда тынч жайды тандап алыңыз.

 

 

Арстан

Жумуш, карьера, бизнес. Ишкерлер ишин туура багытка кантип буруу, канткенде бизнеси өнүгөрү тууралуу ойлонууга кезек келип жетти. Дал ушул максатта бул жылдыз белгисинин өкүлдөрү ири курулуш иштерин башташат. Болбоду дегенде ишканасына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт. Маанилүү иш-чараларды жылдын биринчи жарымына пландаштырыңыз. Бул мезгил бардык Арстандар үчүн жакшы мезгил, айрыкча курулуш же кыймылсыз мүлккө байланышкан жумуштардын ээлерине. Бирок ишкерлер да, жетекчилер да текшерүү иштерине даяр болууга тийиш. Болбосо айрым маселелер жаралып, ал күзгө барып чечилет.

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жылдын биринчи жарымы тынч эле болот. Кызматтан көтөрүлүү болбойт, андыктан жумушуңузду мурдагыдай эле жасап, кесиптештериңиз менен мамилени чыңдай бериңиз. Жай айларында иштеген жумушуңузда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болот, бирок мунун сизге зыяны тийип калышы мүмкүн. Андыктан акырындан башка жумуш караштыра бериңиз.

Акча. Жылдын биринчи жарымында каржы жаатында баары өз ордунда болот. Бизнес өнөктөшүңүз жакшы колдоо көрсөтөт же пайдалуу шартта кредит алышыңыз мүмкүн. Көпчүлүк Арстандар кыймылсыз мүлккө байланышкан иштерден жакшы киреше табышат.

Ал эми бизнеси жок адамдар үчүн жай айлары жана жылдын аягы анча ийгиликтүү болбойт. Бул маалдарда аларда акчанын жетишсиздиги байкалат.

Сүйүү, үй-бүлө. 2018-жыл үй-бүлөлүү адамдар үчүн өтө маанилүү. Көпчүлүк түгөйлөр жаңы турак жай сатып алышса, башкалары ири оңдоп-түзөө менен алек болушат, дагы бирөөлөрү эски үйүн жаңыга алмаштырышат. Айрым Арстандар башка шаардан же өлкөдөн турак жай сатып алууга да жетишишет. Жылдын көп бөлүгү тынч өтөт, бирок жубайлар жана сүйүшкөндөр үчүн жай мезгили татаалыраак болот. Ортодо кандайдыр бир карама-каршылыктар жаралат.

Ден соолук. Бул жылы сиздин энергетикалык потенциалыңыз анчалык деле жогору эмес, андыктан сергек жашоо образында жашап өзүңүзгө жакшы кам көрүңүз. Спортту жана туура тамактанууну унутпаңыз.

 

 

Бийкеч

Жумуш, карьера, бизнес. Бул жылы сизге көп иштегенге туура келет. Ишкерлерге башка өлкөдөгү же шаардагы кесиптештери менен бирге иш алып баруу жакшы жыйынтыгын берет. Мындан улам ошол шаарга же өлкөгө бизнес ачуу планы түзүлөт.

Катардагы кызматкерлерди да башка жакка барып ишин улантуу күтөт. Бирок ар кандай интригаларга туш болосуз. Бул сиздин репутацияңызга зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Андыктан айланаңызда ушакчы адардар пайда болсо, эмитен алардан алыс болуңуз.

Акча. Бул жылы акча жагынан кыйналбайсыз, кенен жетип, атүгүл ашышы мүмкүн.

Сүйүү, үй-бүлө. Жеке жашоодо да баары жайында болот. Башка шаарда же өлкөдө жашаган мурунку жакын адамыңыз менен мамилеңиз кайрадан уланат. Үй-бүлөлүү адамдарда болсо балдарына байланышкан түйшүк орун алат. Аларга моралдык да, каржылык да колдоо кылганга туура келет.Жайында туугандарыңыздын бири менен карама-каршылык жаралат. Анын себеби эски карыз же аткарылбаган милдет болушу мүмкүн. Карама-каршылык уланып отуруп мамиленин таптакыр үзүлүп калышына жеткирет.

Ден соолук. 2018-жылы сиз ден соолукта болуп, энергияңыз ашып-ташып турат. Ошондой болсо да июль, август айларында бир жакка чыгууда жана рулга отурууда этиет болуңуз.

 

 

Тараза

Жумуш, карьера, бизнес. 2017-жылдын күз айларында башталган бурулуштардын жыйынтыгын көрүп ишиңизде өсүү, өнүгүү болот. Мындан тышкары келечекте чоң пайда алып келе турган ири долбоорду күтө бериңиз.

Жөнөкөй кызматкерлер болсо айлыктын көбөйүшүн, премияларды күтө берсе болот. Жай айлары бир аз тынчы жок мезгил. Бул учурда досторуңуздун бири менен акчанын айынан урушуп кетишиңиз мүмкүн.

Акча. Каржы жаатында буга чейин болуп көрбөгөндөй жолуңуз болот. Чыгашалар да, албетте, болот, бирок анын көпчүлүгү романтикалык жашоого же үй-бүлө үчүн жумшалат.

Сүйүү, үй-бүлө. Болгон күчүңүздү, убактыңызды жумушка жумшап эле үй-бүлөңүзгө аз көңүл буруп калгандыгыңыздан жай айларында балдарыңыздын бири жагымсыз кырдаалга кабылып калышы күтүлүүдө. Мындан улам ири чыгашага учурайсыз. Сүйүшкөндөрдүн мамилесинде да жай мезгили кооптуу, уруш-талаш көп болот.

Ден соолук. Бул жылы сиздин ден соолугуңузду гүлгө салыштырып койсо болот. Өзүңүзгө кам көрсөңүз – ачыласыз, кам көрбөсөңүз – соолуп каласыз.

 

 

Чаян

Жумуш, карьера, бизнес. Эгер өткөн жылы профессионалдык жашооңузду өзгөртүүнү чечип жаңы бир нерсе менен алек болгон болсоңуз, 2018-жыл сиздин жеңилбегениңизди көрсөтөт. Сиз нервиңизди, акчаңызды, күчүңүздү короткон нерсе жакшы киреше алып келе баштайт. Бирок жылдын экинчи жарымынан баштап өнөктөштөрүңүздүн бири менен кандайдыр бир маселе жаралат. Натыйжада ортого ортомчу катары улуу туугандарыңызды, эски досторуңузду салганга туура келет. Акырында сиз жеңесиз, ал болсо кеч күзгө же кышка туура келет.

Кызматкерлерге өзүнүн талантын башка жумушта көрсөткөнгө ылайыктуу учур. Эгерде 2017-жылдыз күз-кыш мезгилдеринде башка жумушка которулган болсоңуз, анда кызматтык көтөрүлүү же айлыгыңыздын көбөйүшү тууралуу сөз кылууга болот.

Акча. 2018-жылы сиздин каржылык абалыңыз өсүүнүн үстүндө болот. Айрыкча жылдын аягында катуу байкалат. Мындан улам ак эмгек, маңдай тер менен ийгиликке жетип, бардар жашоого болорун түшүнөсүз.

Сүйүү, үй-бүлө. Жылдын көп бөлүгү акыл-эстен тандырып, баарын унуттурган катуу сүйүү менен өтүп кетет. Бул, албетте, бойдоктор үчүн жакшы, бирок үй-бүлөлүү адамдар үчүн чоң маселе жаратат. Мунун айынан жылдын ортосунда өтө катуу жаңжал чыгып, аягы ажырашууга келип жетиши мүмкүн. Ал эми туруктуу түгөйлөр турак жай маселеси боюнча туугандары менен карама-каршылыктарга барышат.

Ден соолук. Бул жылы ден соолугуңуз жайында болот. Энергияга бай, ажарлуу болуп жүргөнүңүздү элдин баары байкайт.

 

 

Жаачы

Жумуш, карьера, бизнес. Жылдын көп бөлүгү тынч өтөт. Бул маалда ишкерлер жана жетекчилер өз бизнестерине керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип алса болот. Эмне кылса да бул аракетинин жыйынтыгын 2019-жылы көрүшөт. Жылдын биринчи жарымы, сентябрь, декабрь айлары тынч өткөнү менен жайында текшерүү келип көптөгөн маселелерди жаратат. Же болбосо бизнес өнөгүңүз менен карама-каршылыктар жаралып, кызматташтыкты токтотуу тууралуу сөз болот.

Катардагы кызматкерлерде өсүү сентябрь-декабрь айларында болот. Бул убакытта жумуштагы көп нерселерди өзгөртүп, ошондон пайдаланып калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А жайында болсо жумушта ушак-айыңга кабыласыз. Мунун баары жумушка жаңы келген кызматкердин айынан болот. Андыктан кесиптештериңиз менен болгон мамиледе өтө кылдат болуңуз. Көбүрөөк угуңуз, анткени айткан сөзүңүз кийин кайра өзүңүзгө каршы чыгып калышы мүмкүн.

Акча. Акча тынымсыз түшүп турат, ошол эле учурда тынымсыз кетип да турат.

Сүйүү, үй-бүлө. Бул жылдыз белгинин көпчүлүк өкүлдөрү тиричиликти жакшыртуу үчүн алек болушат. Мисалы, жаңы турак жайга ээ болуу, ири курулуш иштери, эмерек же дагы башка тиричиликке керектүү буюмдарды сатып алуу. 2018-жыл сиз үчүн чиеленишкен сүйүү романдарынын жылы болмокчу. Түгөйү барларга мындай романдар эч кандай жакшы нерсе алып келбейт, ал эми жалгыз адамдар жылдын аягында олуттуу, чыныгы сезимге кабылышат.

Ден соолук. Ден соолугуңузду сактоо үчүн сергек жашоо образын алып жүрүңүз. Жайында жол жүрүүдө жана рулга отурууда абайлаңыз, анткени июль, август айлары сиз үчүн өтө кооптуу.

 

 

Текечер

Жумуш, карьера, бизнес. Мындан эки жыл мурун башталган иштериңиз ийгиликтүү улана берет. Негизгиси коомдо бийик орду бар адамдар менен байланышты жакшы сактаңыз, алардын сиздин профессионалдык ишмердүүлүгүңүзгө пайдасы тиет. Ошондой эле эски досторуңуз, көптөн бери көрө элек адамдар менен мамилеңиз жаңыланат. Мисалы, буга чейин кандайдыр бир себептер менен кызматташтыгыңыздар токтоп калган башка өлкөдө жашаган эски өнөктөшүңүз менен кайрадан кызматташа баштайсыз. Жылдын аягында бизнесиңизди башка өлкөдө же шаарда ачуу идеясы жаралат да, ал идеяңыз 2019-жылы ишке ашат. Бирок жылдыздар документ иштерине өтө кылдат болушуңузду эскертет.

Кызматкерлер үчүн 2018-жыл жакшы жылдардын бири болмокчу. Алар жетекчиликтин колдоосуна, кесиптештеринин жылуу мамилесине туш болушат. Эски карызды кайтарып берүү же кредит төлөөдө жайында маселе жаралышы мүмкүн.

Акча. Бул жаатта бир аз кыйынчылыктар жараларын астрологдор эскертишет. Кыйынчылык акчанын жоктугунда эмес, чыгашалардын көбөйүшүндө болот.

Сүйүү, үй-бүлө. 2018-жылы бойдок Текечерлерди сүйүү жаатында ар кандай сюрприздер күтөт. Жылдын биринчи жарымында эски сүйүүңүз козголуп, бирок көпкө созулбайт. А мындан күчтүүрөөк сүйүү августтун аягы же сентябрь айларында күтүүсүздөн келет. Бул сүйүүңүздүн ээси да эски досторуңуздан болот, бирок бул жолу сизге берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайсыз.

Ынтымакта жашаган үй-бүлөлөр чыгаша алып келген балдарынын ар кандай “сюрприздерине” туш болушат. Алардын эң ириси июль, август айларында күтүлөт. Мындан тышкары көпчүлүк үй-бүлөлүү адамдар сыртка чыгуу тууралуу пландарды түзүшөт, бирок ал 2019-жылы ишке ашат.

Ден соолук. Туура тамактансаңыз бул жылы ар кандай оорулар сизди айланып өтөт.

 

 

Суукуйду

Жумуш, карьера, бизнес. Бул жылдагы негизги максатыңыз – жаңы бийиктиктерди багынтуу, бизнесиңизди кеңейтүү болмокчу. Жылдыздар дал ушул жыл максатыңыздын ийгиликтүү ишке ашышы үчүн ылайыктуу жыл экенин эскертишет. Айрыкча жылдын биринчи жарымында, ноябрь, декабрь айларында башталган иштериңиз ийгиликтүү уланып, жакшы киреше алып келет. Ал эми июль, август – тынчы жок айлар, бул учурларда ар кандай маселелерге кабыласыз. Андай маселелердин ириси – бизнестеги өнөктөшүңүз менен кыймылсыз мүлктүн айынан карама-каршылыктарга барышыңыз мүмкүн.

Акча. Акча түшүп эле турат, бирок анын өлчөмүнүн азайганын байкайсыз. Февраль, март, май, июнь, июль, ноябрь айларында жакшы акча түшөт.

Сүйүү, үй-бүлө. Көпчүлүк Суукуйдулар жумушун биринчи орунга коюп үй-бүлөгө убактысы ашпайт. Ал эми сүйүүсүз жашоону элестете албагандарда кызматтык роман болот, бирок кыска гана аралыкка. Бул жылдыз белгисинин астында төрөлгөндөрдүн көпчүлүгүндө кыймылсыз мүлккө байланышкан маселелер жаралат.

Ден соолук. Бул жылы сизге эч кандай оорулар коркунучтуу эмес.

 

 

Балыктар

Жумуш, карьера, бизнес. Келаткан жылы өзүңүз көптөн бери кыялданып жүргөн жаңы нерсенин үстүндө иштегенге туура келет. Ал эми жыйынтыгы ноябрь, декабрь айларында билине баштайт. Өнөктөшүңүздүн башка жакка ачкан бизнесинин сизге да пайдасы тийип калат. Ушундай баш айланткан ийгиликтерге карабай июль, август айында сак болуңуз. Сиз үчүн бул татаал учур, олуттуу текшерүүгө туш болушуңуз мүмкүн. Мындай учурда кайра эле буга чейин сизди колдоп келген адамдын жардамына таянасыз.

Кызматкерлер башка жумушка орношот. Кимдир бирөөгө бул март айына, башкаларга ноябрь, декабрь айларына туш келет. Жылдын акыркы айы көпчүлүк Балыктарга жогорку даражадагы жумуш ордун убада кылат, сизден бир гана нерсе – ошол орунга татыктуу болуу талап кылынат. Жай мезгилинде чоң ызы-чуунун чордонунда болуп калышыңыз мүмкүн. Андыктан ушактардан, имиштерден алыс болуңуз.

Акча. Каржылык абалыңыз туруктуу болот. Ошентсе да чыгаша кыларда жакшылап ойлонуп кылбасаңыз кийин кыйналып каласыз.

Сүйүү, үй-бүлө. Сүйүү үчүн бул жыл кызыктуу болмокчу. Романтикага, жаңы жолугушууларга, жаңы романдарга жык толот. Ал эми жайында айрым сырлар калкып чыга баштайт. Андыктан өзүңүз да, түгөйүңүз да баарын ачык айтып, бири-бириңерден эч нерсени жашырбаганыңар оң. Ушул эле кеңеш туруксуз үй-бүлөлөргө да берилет. Ал эми туруктуу, ынтымактуу жубайлар ушул эле жай айларында жакын туугандары менен болгон татаал кырдаалга кабылышат.

Ден соолук. Ден соолугуңуз жайында эле болот, ошентсе да рулга отурганда, жолго чыкканда абайлаңыз.

 

Айназик РАИМКУЛОВА