Ишен НАЗАРОВ: "Апакем" ырынан кийин жөнөкөй ырларды ырдоодон корком”

Кайгымды тарттың теңселип,

Карыздар ким бар менчелик?

Жүк болгон күнүм эстесем,

Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп,- деп энелерге арналган жагымдуу чыгарманы аткарып жүргөн ырчынын чыгармачылык чөйрөгө аралашканына беш жыл болду. Ал эми угармандын жүрөгүнөн түнөк таап, таанылып келе жатканына аз гана убакыт болгон ырчы Ишен Назаров биз менен маек курду.

– Чыгармачылыкка кадам таштаганыңызга беш жыл болуптур. Бирок сизди эми гана эл таанып жатат. Эмне үчүн?

– Өзүмдүн жан дүйнөмө сөзү жагынан да, обону жагынан дагы туура келген ырды, обонду, багытты таба албай жүрдүм окшойт. Болбосо 2011-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетине тапшырып, окуп жүргөн кезде эле обон жаздырып ырларымды радиолордон кетирип жүрчүмүн. Ошол учурда “Балдызжан”, “Сени күтөм”, “Айрылуу”, “Музыка”, “Кош бол, мектеп” деген чыгармаларды аткаргам. Бирок өзүңүздөр билгендей, алардын бири да “Апакем” аталышындагы ырымдай ийгилик алып келген жок.

– Көрсө, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ыр кандай болушу керек экен?

– Чынын айтсам,биринчи ырдап баштаганда оюм такыр башка болчу. Элдин жүрөгүнөн канткенде түнөк табат, кандай ырлар жеткиликтүү болот, аларды эч ойлобосом керек. Болгону кандай ыр болсо дагы ырдасам, аны жаздырып кетирип койсомболду деген гана ой болчу (күлүп). Бирок ошол ырларымдын деле угармандары жок деп айта албаймын, убагында угуп жүрүштү. А жүрөктөн түнөк табуучу ырдын сөзү курч болуп, ага обону төп келүүсү керек экен. “Көч бара-бара түзөлөт” деп бекеринен айтылбаса керек. Учурда дагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин 6-курсунун студентимин. Буюрса, учурда чыгармачылыкка болгон аракет, умтулуу күчтүү.

– “Апакем» ырынын авторлору башкалар экен, аны ырдоо сизге кандайча буюруп калды?

– Ооба, ырдын сөзү элибизге төбөсү көрүнүп калган жаш төкмө акын Баян Акматов агабызга, обону келечектен көптү үмүттөндүргөн обончу Кубаныч Алиев агабызга таандык. Учурдан пайдаланып экөөсүнө терең ыраазычылык билдиргим келет. Негизи көп тойлордо Кубаныч агам экөөбүз чогуу жүрүп калдык. Ал кез-кезде эле ушул "Апакем" ырын ырдап калчу, бирок ошол учурларда көп деле маани берген эмес экенмин. Бир жолу апалардын майрамына жакшы ыр даярдоом керек болуп калды. Ошондо ушул ырды сурап жаттап, ырдап көрдүм. Өзүмө өтө жакты. Кийин жаздыруу үчүн суроого батынбай жүрдүм. Себеби бир жыл мурун башка ырчы байкеге берип койгон экен эле. Аны изилдеп сурап көрсөм, ырдап чыга элек экен. Ошондо гана автордон сурадым.

– Ыр хит болуп кеткенде автордун көз карашы кандай болду? Сизге бербей өзү ырдабаганына ичи ачышпадыбы?

– Жок, байкебиздин андай пикирин уккан жокмун. Кайра мени колдоп жакшылыктарга өзү чакырып ырдатып турат.

– Учурда ырыңыз тойлордун кульминациялык бөлүгү болуп жатат десек болчудай, тойлорго чакыруулар көп болуп жатабы?

– Кудайга шүгүр, тойлорго чакыруу болуп жатат. Кээде бир күндө эки-үч жерге барсам, кээде эки-үч күндө бир барам. Үйлөнүү тойлордон сырткары апаларыбыздын алтымыш, жетимиш жылдык мааракелерине чакырып жатышат.

– Ырды аткарган сайын өзүңүздүн апаңыз көз алдыңызда турса керек? Негизи ал кандай адам?

– Чынын айтсам, бул ырды башында бир-эки жолу жаздырып чыгарганбыз. Эч купулума толбой койгон. Себеби энеге болгон сезим жок ырдап жаттым окшойт. Ал эми акыркы жаздырган ырым купулума толду десем болор. Мында ырдын маанисине сүңгүп кирип кеткендей болдум. Сүңгүп кирип ырдоо – демек, өз энеңди эстөө. Апам 8 баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн баатыр эне. Ырда айтылгандай бул ааламда менин апамдан өткөн ажарлуу аял жоктой сезилет мен үчүн.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?

– Учурда ата-энем Аксыда турушат. Атам ошол жерде "Жеңижок" музейинде жетекчилик кызматты аткарат. Апам үй кожойкеси. 8 бир тууганбыз, мен жетинчисимин. Бир туугандарымдын баары чыгармачылыкка өтө жакын адамдар, алар да айылда ар кандай иш - чараларда ырдап жүрүшөт. Өзүм да үй-бүлөлүүмүн. Келинчегим Нарындын кызы, экөөбүздүн Адеми аттуу кызыбыз бар.

– Мындан ары да чыгармачылык менен кетесизби?

– “Апакем” ыры мага стимул берип учурда чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштеп жаткан убагым. Чындыгында "Апакем" ырымдан кийин жөнөкөй ырларды ырдоодон корком. Эми мүмкүн болушунча андан да жакшы ырларды ырдоого аракет кылам.

 

Жылдыз АКБАР кызы