Саламатта болоюн десеңиз, сарымсак жеңиз

Бала кезиңизде ата-энеңиз көп оорубаш үчүн сизди да сарымсак жегенге мажбурласа керек эле. Бирок аны биз сүйө берчү эмеспиз. Анткени сарымсактын жыты жагымсыз. Сарымсактын ден соолук үчүн он дарыга тете пайдалуу экенин кайдан түшүндүк анда? Мына ошол бала кезде биз сүйбөгөн сарымсактын организмге кандай пайдасы бар экенин тизмектеп көрөлү.

 

Иммунитетти бекемдейт

Сарымсактагы көп өлчөмдөгү антиоксидант организмдеги токсиндердин таасирин жоготот. Мындан башка да сарымсакта 400дөн ашуун ар кандай кошулмалар бар, алардын көпчүлүгү иммундук системаны бекемдөөчү заттар болуп эсептелинет. Сарымсак – сасык тумоо менен күрөшүүдөгү эң натыйжалуу табигый каражат. Сасык тумоого кабылган адам бул каражат менен дарыланганда 1,5 күндө оорунун бир дагы белгиси калбайт. Иммунитетти сарымсак менен көтөрүүнүн эң жөнөкөй ыкмасы – күн сайын 1-2 тишчеден жеп туруу.

 

Рак оорусунун алдын алат

Сарымсакка таандык ачуу даамды ага курамындагы күкүрт берет. Бул заттын рак клеткаларын өлтүрүүчү касиети бар. Ал үчүн күнүнө 5 граммдан кем эмес сарымсак пайдаланып туруу талапка ылайык. Онкологдор ашказан рагы, жоон ичеги рагы, эмчек рагы сыяктуу рактын айрым түрлөрүнүн пайда болуу коркунучун канчалык азайтам десеңиз, ошончолук көп сарымсак кабыл алууну сунушташат.

 

Кандагы жаман холестериндин деңгээлин түшүрөт

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы далилдегендей, сарымсак кандагы холестериндин деңгээлин кадимкидей түшүрөт. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккен адамдар күнүнө жок дегенде 1 граммдан сарымсак жеп турууга тийиш. Мындай сарымсак терапиясынан кийин тромбдор, шишиктер жоголуп кетет.

 

Канттын деңгээлин сактайт

Сарымсак инсулинди азайтып, канттын метаболизмин жакшыртат. Изилдөөчүлөр инсулининин деңгээли, кан басымы жогору болгон жаныбарларга аллицин берип көрүшкөн. Жыйынтыгында инсулин менен кан басымдын калыбына келгенинен сырткары салмактын азайышы да байкалган.

 

Микробдорго каршы натыйжа берет

1858-жылы эле белгилүү микробиолог Луи Пастер сарымсактын бактерияларга каршы туруучу касиетин белгилеп кеткен. Анын курамындагы аллицин деген зат бактериялардын көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Эттеги ичеги таякчаларын өлтүрүүдө сарымсакты пайдаланышкан: сарымсакты этке сүртүп бир нече мүнөт коюп койгон соң бир дагы бактерия калбай баары өлүп жок болгон.Ооз көңдөйүндөгү бактериялардан арылуу максатында да бир тишче сарымсакты чайнап коюу жетиштүү болот.

 

Авитаминоздун жана цинга оорусунун алдын алат

Сарымсак авитаминоз жана цинга менен күрөшүүдө мыкты каражат болуп саналат. Анын мындай касиети биринчи деңиз сүзүүчүлөрүнө белгилүү болуп, алардын кораблинен сарымсак үзүлчү эмес.

 

Машыгуунун жыйынтыгын жогорулатат

Байыркы гректер жана алгачкы олимпиаданын катышуучулары мелдештердин алдында бир нече кашыктан майдаланган сарымсак жешчү экен. Орто кылымда да оор жумуш кылган адамдарга чарчоону жеңүү үчүн сарымсак беришкен. Анткени сарымсак жүрөктүн ыргагын жайлатып, булчуңдарга кандын көп өлчөмдө барышын шарттайт. Жүрөк боюнча адистер да бул маалыматты тастыкташып, 6 жума сарымсак майын ичкен бейтап кадимкидей жакшы болуп каларын белгилешкен. Кийинки жолку чуркоонун же машыгуунун алдында тамагыңызга сарымсак кошуп жеп, анан айырмасына маани берип көрүңүз.

 

Жыныс безинин ишин жакшыртат

Аял менен эркектин жыныс безинин ишин жакшырткан да дал ушул жашылча. Заара менен кошо чыгып баратып анын пайдалуу заттары заара чыгаруу системасын дезинфекциялап кетет.

 

Боорго пайдалуу

Сарымсак өттөн өт суюктугунун өз убагында чыгып турушуна жардам берет. Демек, таштын пайда болушунун алдын алат.

Сарымсак элдик медицинада

Лимон менен аралашкан сарымсак атеросклерозду жана остеохондрозду дарылоодо пайдаланылат.

Сүткө кошулган сарымсак менен ичтеги курттардан арылуу максатында клизма жасаса болот. Сарымсактын ширесин сүткө кошуп ичкенде кан тамырлар кеңейип, кан басым ылдыйлайт.

Ал эми балга аралашкан сарымсак гемоглобинди көтөрөт.

Духовкага бышкан сарымсакты каймакмайга аралаштырып, шишиген жерлерге басышат.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА