Өткөн жыл сиз үчүн кандай болду?

Убакыт зымырап учуп 2017-жыл да жыйынтыкталып, 2018-жыл ит жылы келе жатат. Ар бир адам жыл өткөн сайын артта калган бир жылына эмнеге жеттим, эмнени аткара албай калдым деп саресеп салат эмеспи. Белгилүү адамдар үчүн өткөн жыл кандай болгондугун сурап көрдүк.

 

Абдылда Иманкулов: “Быйыл банкрот тойлор көп болду”

– Өтүп кетип жаткан жыл мен үчүн абдан жакшы, жемиштүү жылдардын бири болду. Жыл жаңырары менен борбордо чоң программадагы концерт койдум. Аймактардын баарын кыдырдым, болгону Таласка гана бара албай калдым. Концерт берип, Кудайга шүгүр, жакшы каражат таптым. Азыр бир нерсе десең эле ар балээге жорушат. Андыктан тапкан кирешемди ачык айткандан да чочулайм. Ток этерин айтсам, уулума үй алып бердим, өзүмдүн автоунаамды жакшысына алмаштырдым. Ал эми эки кызым катарынан кыздуу болуп, неберелеримдин санын көбөйтүштү. Анан да быйылкы жыл той-аштын көп болгону менен эсимде калды. Жыл сайын жайында айылга барып 1-2 айлап жатчумун. Быйыл андай болгон жок, болгону бир эле жумага бардым. Ушул күнгө чейин аш-тойлордон башым чыкпай атат. Бирок алардын баары эле банкрот тойлор. Анткени тойго куудул катары чакырышса, кыйышпаган адамдарыма гана барам. Азыр да Токтогулдан тойдон келе жатам.

 

 

Гүлнур Сатылганова: “Кытайда окуп жүргөн уулум окуусун бүтүрүп келди”

– Европага барып келгеним менен бул жыл эсимде калды. Италия, Германия, Франциянын бардык шаарларын кыдырып келдим. Негизи Францияга баруу менин кыялым болчу. Ошол кыялым дал ушул жылы ишке ашты.
"А мен кааларым", Жашоо бакыт", Бакыт кушу" , Мендеги ыйык махабат " жана "Ашыкпа" деген жаңы ырларым чыкты. Казакстанда өткөн эл аралык "Улуу Жибек жолунун жылдызы” (“Silk Way Star”) чоң телепроект конкурсунда калыс болдум. Эң негизгиси Кытайда окуп жүргөн балам Арнас быйыл окуусун бүтүрүп келди. Андыктан мен үчүн ийгиликтүү жыл болду десем болот. Кыргыз эли дагы жаңы президенттүү болду, бул баарыбыз үчүн жакшы нерсе болду. Тоок жылы оор жыл деп айтышат экен, чынында быйыл көптөгөн чыгармачыл адамдарды жоготтук.

 

 

 

 

 

Нуриса Абазова: “Эки курбумдан ажырадым, бул жылдын каардуулугу мага жаккан жок”

– Узап бара жаткан жыл абдан жакшы башталган. Чыгармачылык менен иштейин деп ыр жаздырып, клип тарттырайын деп көңүлдүү эле жүргөм. Жашоодо жакшылыкты жамандык коштоп жүрөт экен да, ошол жакшы күндөрдүн бир күнүндө эле курбум ырчы Элмира Кайып кызы каза болуп калды. Ага ичим ачышып, көзүмдүн жашы тыйыла электе эле, артынан дагы бир жакын курбум Гүлбү Ороскул кызы каза тапты. Айтор, быйылкы жыл мен үчүн өтө оор жыл болду. Бул жылдын каардуулугу мага жаккан жок, жүрөктү абдан оорутту. Адам деген бир эле көз ирмемде кете берет турбайбызбы, өлүмдүн бизге жакын экенине көзүм жетти. Эртеңки күнү эмне болсо мен даяр элемин, жашоодо конок сыяктуу жашайт экенбиз. Жалпысынан айтканда, быйылкы жыл өлүмдүн көп болгону менен эсимде калды.

 

 

 

 

Асел Кадырбекова: “Кыялдарым ишке ашкан жыл болду”

– 2017-жыл менин көптөгөн кыялдарым орундалган жыл болду. Дегеним, бул убакка чейин кыялданып жүргөн өлкөлөрүмө бардым. Тактап айтканда, Түштүк Корея, Түркия, Дубайга концерттер менен барып, эс алып да келдик. Ошондой эле борбордо өзүмдүн жеке концертимди бердим. Баарына белгилүү болгондой эле мен чыгармачылыгымды алып баруучулуктан баштаган элем, быйыл да ушул жаатта көптөгөн сунуштар түштү. Мен алардын арасынан көңүлүмө жаккан телеканалдардын бирин тандап алып, учурда алып баруучу катары иштеп атам. Эки тасмага тартылдым. Акча жагынан да кирешелүү жыл болду.

 

 

 

 

 

Неля: “Кыз узатуу тойлоруна чакыргандар абдан көп болду”

– Жалпысынан айтканда, 2017-жыл биздин үй-бүлө үчүн жакшы жылдардын бири болду. Кудайга шүгүр, үй-бүлөм, жакындарым аман, баары жанымда. Уулубуз Нурэл 2-класска окуп калды, кызым Жазэл мектепке даярдоо курсуна барып атат. Чыгармачылыгыбыз менен жакшы иштедик. Мурунку жылдары эс алуу күндөрү эле той болсо, быйыл тыным жок күн сайын той болду. Мени “Жар-жар” айттырып кыз узатуу тойлоруна чакыргандар абдан көп болду. Демек, киреше жагынан да жакшы жыл болду.

 

 

 

 

 

Нурмат Садыров: “Быйыл тапкан кирешемдин баарын чыгармачылыкка жумшадым”

– Жандуу үн менен концерт берсем деген көптөн көп күткөн тилегим бар эле, дал ушул жылы орундалды. Ошондой эле кирешелүү жыл болду десем да болот. Мурда оюм жеткени менен акчам жетпей жүргөн кыялымда жүргөн клиптеримди тарттым. Тойлордон тапкан кирешемди чыгармачылыгымдан аяган жокмун десем болот. Бир жылда 7-8 ыр жаздырып, 5-6 клип тартыптырмын, бул ырчы үчүн рекорддук көрсөткүч десем болот. Буюрса, жемишин кийинки жылдары көрөм. Эмгек деген жерде калбайт экен, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисин беришти. Шайлоолордо да ырдап акча таптым, бирок ал акчанын бир тыйынын да коротпой ата-энеме бердим.

 

 

Динара ЧОКОЕВА