Жаңы жылдык дасторкон үчүн тамак-аштар

“Балаты” десерти

Кандай азыктар керек?

Тегерек печенье

Каймакмай

Шекер упасы

Кондитердик боёк

Кантип жасалат?

Балатынын формасындагы десерт жасоо үчүн сизге ар кандай өлчөмдөгү тегерек печеньелер керек болот.

Крем жасоо үчүн жумшак каймакмайга ошончо шекер упасын жана жашыл түстөгү бир аз кондитердик боёкту кошуп миксерде чаласыз.

Эми чоң өлчөмдөгү печеньени коюп, анын үстүнө кремди сыгасыз, анан орточо өлчөмдөгү печенье, анан крем. Акырында кичине печенье, анын үстүнө крем.

Ошентип балаты даяр болот.

 

 

“Аяз ата” жеңил тамагы

Кандай азыктар керек?

Помидор: 5 даана

Сыр: 100 г

Сарымсак: 1 тишче

Жумуртка: 2 даана

Майонез: 2 чоң кашык

Кантип жасалат?

Жумуртканы сууга бышырып, муздаган соң майдалап туурап аласыз.

Сырды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз.

Сарымсакты майдалайсыз.

Жумуртканы, сырды, сарымсакты кошуп майонез менен аралаштырасыз.

Помидордун баш жагын кесип алып, этин алып саласыз да, ичине начинканы толтуруп саласыз. Капкагын кайра жаап коёсуз.

Аяз атанын сакал-мурутун майонез, көздөрүн кара тоголок калемпир, мурдун анардын даны менен жасап коёсуз.

 

Колбаса жана сырдан жасалган “ит”

Кандай азыктар керек?

Колбаса

Сыр

Зайтун

Көк чөптөр

Кантип жасалат?

Иттин кулактарын, бетин - колбасалардын кесимдеринен, тумшугун - сырдан, көзүн – жумуртканын агы менен зайтундан, ал эми тилин кызыл болгар калемпиринен жасап коёсуз. Тегерегине да колбаса, сырдын кесимдерин тизип, көк чөптөр менен кооздоп коёсуз.

 

 

“Ит” салаты

Кандай азыктар керек?

Ышталган тоок эти: 200 г

Картошка: 2-3 даана

Сабиз: 1-2 даана

Жумуртка: 2 даана

Жумшак сыр: 100 г

Маринаддалган козу карын: 100 г

Майонез: 100 г

Гвоздика: 6 даана

Укроп

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Жашылчаларды жана жумурткаларды сууга кайнатып бышырып аласыз.

Муздаган соң кабыктарын аарчып, майда чарчы кылып туурайсыз.

Тооктун эти менен козу карынды да ушундай эле өлчөмдө туурайсыз. Бир нече даана козу карынды кооздоо үчүн калтырып коюңуз.

Картошканы кыргычтан өткөрүп, иттин бетин, кулагын формага келтирип тарелкага саласыз.

Туздан себелеп, майонезден сүйкөп үстүнө тоок этин саласыз.

Эттин үстүнө жумуртканын агын туурап бир аз саласыз, калганы кооздоого кетет.

Андан кийин козу карынды, анан кыргычтан өткөрүлгөн сырды саласыз. Бир аз майонез сүйкөйсүз.

Кийинки катар сабиз болот.

Салаттын бетине, капталдарына майонезден тегиз кылып сүртөсүз.

Эми жумуртканын майдаланган сарысынан иттин бетин, агынан кулактары менен мурдун жасайсыз. Бүтүн козу карынды көздөрү, тумшугу үчүн, гвоздиканы муруту үчүн пайдаланасыз. Ал эми тилин колбасанын кесиминен жасап коёсуз.

Даяр болгон салатты укроптор менен кооздоп, муздаткычка жарым саат салып коёсуз.

 

Айназик РАИМКУЛОВА