Бактылуу түгөйлөргө таандык 10 адат

Доктор Марк Гоулстон – дүйнө жүзүнө белгилүү психиатр жана бир нече бестселлердин автору. Мындан тышкары ал активдүү блогер. Анын “Бактылуу түгөйлөрдүн 10 адаты” деген макаласын аз убакыттын ичинде жарым миллиондон ашык адам окуган. Гоулстондун ою боюнча бактылуу түгөйлөр...

 

1. Уктоого бир маалда жатышат


Бактылуу түгөйлөр уктарга келгенде керебетке ар кандай маалда жатууну туура көрүшпөйт. Алар бир убакта чогуу жатышат. Анан түгөйлөрдүн бири экинчиси уктаган соң акырын туруп башка жумушу менен алектене берсе болот.

 

2. Көчөдө жүргөндө кол кармашып басышат


Бактылуу түгөйлөр көчөдө бир жакка баратышканда эч качан бири алдыда, бири артта басышпайт. Алар колдорун кармашып, жок эле дегенде катар басышат. Алар үчүн бир жакка биринчи болуп жетүүгө караганда бири-биринин жанында болуу маанилүү.

 

3. Тез-тез кучакташып турушат


Эртең менен жана кечинде өмүрлүк жарыңыз менен кучакташканга беш мүнөт убакыт табыңыз. Бул күндү жакшы баштап, жакшы аяктоо үчүн эң мыкты ыкма. Сүйүшкөндөр бири-бирине жакындашканда окситоцин гормону бөлүнүп чыгат. Аны “сүйүүнүн гормону” деп да атап коюшат. Анткени окситоцин эмоционалдык жана физикалык ооруну басаңдатат, иммундук системаны бекемдейт, түгөйлөрдү бири-бирине жакындатат. Алар сөз менен жеткире албаган сүйүүсүн кучактоо ыкмасы менен эле бири-бирине жеткире алышат.

 

4. “Мен сени сүйөм” деп айткандан аянышпайт


Бул сыйкырдуу сөз адамга таң эрте кубат берүүчү сөз. Мындай сөздөн кубат алып чыккан адам күн бою маанайы жакшы болуп жүрөт, ал сөз адамга автотыгында, банктагы узун кезек күтүүдө, жумушта майда-барат маселелер пайда болгондо сабырдуулук берет.

 

 

5. Бири-биринен иштери тууралуу сурап турушат


Алар маал-маалы менен түгөйүнө жумушка же үйгө телефон чалып күндүн кандай өтүп жатканын, иштери кандай болуп жатканын сурап турушат.

 

 

6. Маселелерди чогуу талкуулашат


Эки жол бар: пайда болгон маселени чечүүдөн качып анын өзүнөн-өзү чечилип калышын күтүү же аны чечүү. Биринчи учурда ал токтомок тургай өскөндөн өсүп кете берет. Ушуну жакшы түшүнгөн бактылуу түгөйлөр жаралган маселелерди чогуу талкуулашып, андан чыгуунун конкреттүү жолун издешет.

 

7. Туура урушушат


Ар бир үй-бүлөдө көйгөйлөр пайда болот, уруш-талаш жана ойлордун карама-каршылыгы болуп турат. Эгерде сиздерде да мындай көрүнүштөр тез-тез кайталанып турса, мындан мамилеңиздер жаман экен деп жыйынтык чыгарып коюуга болбойт. Маанилүүсү, урушту да туура жүргүзө билүү керек. Туура уруш – бул бири-бирин сындоодон, кемсинтүүдөн, тоготпой коюудан алыс болуу. Мындай мамиле мамилеге жарака кетирет.

 

 

8. Бири-бирин көргөнгө кубанышат


Чогуу жашаганыңыздарга канча жыл болгонуна карабай түгөйүңүз эшиктен кирип келгенде жаркылдаган кабагыңыз менен тосуп алыңыз. Айрымдар жолдошу жумуштан келип эшикти ачары менен заарын чачып киришет. Сиздин күйөөңүз терс энергиянын баарын сала берүүгө мүмкүн болгон кандайдыр бир ящик эмес. Түгөйүңүздү көргөндө жылмайып коюунун эч кыйынчылыгы жок. Бул болгону сиздердин мамиледеги атмосфераны өзгөртөт.

 

9. Кечиргенди билишет


Бардык адамдар ката кетиришет. Бактылуу түгөйлөр бул нерсеге акылдуулук менен карашат жана бири-бирин кечире билишет. Алар түгөйүнүн кетирген кемчилигин көбүртүп-жабыртып салышпайт.

 

10. Бири-бирине ишенишет


Бири-бирине ишенген адамдар аз урушушат. Ишеним бар жерде гана бекем мамиле курууга болот. Ал эми ишеним жок болсо такай тынчсыздануу сезими болот, адам өзүнө болгон ишенимдүүлүгүн жоготот, кыйын мүнөттөрдө мени колдойт деген ишеним болбой калат.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА