Модалуу бут кийим угги: пайдалуубу же зыяндуубу?

Сыртта кыш. Кыз- келиндердин, жадагалса акыркы жылдары жигиттердин да сүйүктүү бут кийимине айланган угги кайрадан актуалдуу. Албетте, ызгаардуу суукта жылуу, жумшак жана ыңгайлуу бут кийимден өткөн жагымдуу эмне болушу мүмкүн? Бирок анысы менен кошо уггинин зыяндуу жактары да көп экен.

 

Угги деген эмне?

Угги- бул сырты замшадан, ичи меринос коюнун жүнүнөн жасалган жылуу жана жумшак бут кийим. Уггинин мекени болуп Австралия саналат. Азыркы күндөгү бизге тааныш уггилер өткөн кылымдын 30-жылдары эле австралиялык малчылардын сууктан коргонуу үчүн алмашкыс бут кийими болчу. 60- жылдары болсо австралиялык сёрферлер муздак суудан чыгары менен буттарын жылытуу үчүн угги кийишкен. Мындан тышкары Австралиянын нымдуу чөйрөдө иштеген жашоочулары дагы бут кийимдин бул түрүн баалашкан. 1970-жылдары бул бут кийим "UGG" деген товардык белги менен Америка Кошмо Штаттарында кеңири жайылып баштайт. Өтүктүн “угги” аталышы мына ушундан улам келип чыккан. Ал эми 1980- жылдардын башында "UGG" брендге айланып, белгилүү дүйнөлүк жылдыздар уггини такай кийүү менен популярдуулукка жеткиришкен. Кыскасы, угги пайда болгон күндөн тартып биздин күндөрдө да карапайым калк арасында да, атактуу жылдыздар арасында популярдуулугу күндөн-күнгө артууда. Себеби угги - кышында кийилүүчү бут кийимдердин эң ыңгайлуусу жана жылуусу.

 

 

Уггинин кандай зыяндары бар?

Ортопеддердин айтуусу боюнча, угги канчалык ыңгайлуу болгонуна карабай аны өтө көп кийүү ден соолукка зыянын тийгизбей койбойт.

Уггинин таманы жалпак болгондуктан ар бир кадам сайын тамандын сөөгү майда жаракат алып турат.

Таманы өтө жумшак болгондуктан бут анын ичинде “ойноп жүргөндөй” сезилет. Андан улам буту өтүктүн ичинде тайгаланып кетүүсүнөн сактанган адам ар кадамы сайын бутуна күч келтирип басат. Мындай күч келтирүү такай улана берсе бара-бара буттун чоюлуп, ооруп калуусуна жеткирет. Ошондой эле бул тамандын, кызыл ашыктын, жамбаштын муундарынын бузулушуна алып келет.

Уггини көп кийгенде буттун чоң манжасынын формасы өзгөрүлүп кетет. Анткени кенен өтүктүн ичинде бутту ыңгайлуу кармоодо дал ушул чоң манжага көп күч келет.

Ортопеддер такай угги менен жүрүү шиш така менен жүрүүгө караганда көп зыян алып келерин эскертишет. Алардын айтымында, жарым жыл такай угги кийип жүрүү менен бир гана май тамандуулукту эмес, бут менен белдин өнөкөт оорусун арттырып алууга болот. Эгер сиз уггинин сүйүүчүсү болсоңуз, сөзсүз түрдө аны башка такалуу бут кийим менен алмаштырып кийиңиз.

Өтүктүн бул түрү айрыкча сөөгү али ката элек өспүрүмдөр, балдар үчүн зыяндуу. Он сегиз жашка чейин адамдын таманына кошумча жардам керек, а мындай өтүк кызыл ашыкка жана тарамыштарга ашыкча жүк болот. Ошондой эле жамбаш сөөгүнүн өзгөрүшүнө алып келип, өз кезегинде омурткаларда маселе жаратат. Ал эле эмес туура эмес басыкты калыптандырат, а муну оңдоо кийин өтө кыйын болуп калат. Андыктан өспүрүм куракта мындай өтүк кийүү сунушталбайт.

 

Уггинин оң жактары

Угги абдан жумшак жана ыңгайлуу. Аны кийүүдө бут үшүбөйт, чарчабайт жана кан жакшы айланат. Нукура койдун жүнүнөн жасалган чыныгы уггилер кандай гана аба ырайы болбосун бутту тердетпейт.

Чыныгы уггилер микро-термос сыяктуу. Анын ичиндеги температура дененин температурасына жакын болот. Андыктан уггини кышында эле эмес, жайында да кийүүгө болот. Анын негизги өзгөчөлүгү – кышында жылуу, жайында салкын. Кышында байпагы жок жылаңач бутка кийсе да болот.

Такалуу бут кийимдерден жакшы жагы – угги кийгенде эч кандай бут кабарбайт.

Өндүрүүчүлөр нукура койдун жүнүнөн жасалган уггилер өнөкөт ооруларга, сасык тумоонун алдын алганга жакшы экенин айтышат.

 

Уггиге кам көрүү

Айрымдардын айтуусу боюнча, уггини тазалоодо көбүртүлгөн шампунду колдонсо болот. Андан тышкары атайын замша үчүн щётка керектелет. Щётка менен уггининин үстүңкү катмарын тазалап алган соң губканы же чүпүрөктү муздак сууга салып, катуу сыгасыз да уггини этияттык менен сүртүп чыгасыз. Нымдалышкан уггини таза жана жылуу жерге коюп кургактайсыз. Кургатууда мештин жанына же жылыткычтын жанына жакын коюуга болбойт жана кургагандан кийин угги бырышып калбоосу үчүн ичине кагаз же картон салып коюу керек.

Уггидеги жагымсыз жыттан арылыш үчүн сөзсүз түрдө кымбат жыт кетиргичтерди колдонуу керек эмес. Болгону кечкисин уггинин ичине эки чай кашык сода салып туруп эртең мененкиге чейин коюп коюңуз. Түнү бою сода уггинин жагымсыз жытын сиңирип алат. Ал эми эртең менен уггини силкип туруп ичиндеги соданы күбүп саласыз.

 

Уггини эмне менен кийүүгө болот?

Стилисттердин кеңеши боюнча, аялдар уггини лосина же жинсы шым менен кийсе жаңылышпайт. Мындай стиль аялдардын келбетине көрк кошуп, жарашык берет. Ошондой эле кыска юбкалар менен да угги кийүүгө болот. Мырзалар да уггини кыз-келиндер сыяктуу эле жинсы менен кийиши керек.

 

Алина АСАНБЕКОВА