Жаңы жылда салтка айланган кандай адатыңыз бар?

Бактыгүл Бадыева: “Дасторконумдагы үч тамактын бири сөзсүз үндүк болуш керек”

– Айымдар биринчи кезекте дасторконду толтурууну ойлойт эмеспизби. Мен дагы Жаңы жыл келе жатканда кандай тамактарды, салаттарды жасайм деп ойлоно баштайм. Жаңы жылдык дасторконумда үч түр тамак болсо, анын бири сөзсүз түрдө үндүк болуусу керек. Кичинекей кезимде апам ар дайым үндүк бышырчу, мен дагы бул салтты карманып келем.

 

Арнис: Жакындарыбызга Аяз ата, Аяз кыз болуп барабыз”

– Жыл сайын келинчегим Альбина экөөбүз Аяз ата жана Аяз кыздын кийимдерин кийип, баштыгыбызга белектерди толтуруп алып тууган-туушкан, жоро-жолдош, коңшуларыбыздын кичинекей чүрпөлөрүн түнкү 12ге дейре куттуктап келебиз. Үйүнө айттырбай кирип барсак ата-энелер сүйүнүп, балдары болсо “кайдан көрдүм эле” дегенсип же жакын келе албай, же тааный албай, айтор, кызык эле көрүнүш болот.

 

Айпери Кубик кызы: “Саат 12де кандай болсо да үйдө болуп калышыбыз керек»

– Биз кичинекей кезибизден эле атам: “Жаңы жыл - үй-бүлөлүк майрам, аны жакындарың менен тосушуң керек”, - деп айтып жүрүп бизде ошондой түшүнүктү калыптандырып койгон. Ошондуктан 12ге чейин башка жумуштарыбызды бүтүрүп, 12 болгондо кандай болсо да үйдө, дасторкон четинде отуруп калышыбыз керек. Биздин үйдүн башкы талабы ушул.

 

Роза Шакирова: «Карыздардан кутулам»

– Жаңы жыл келе жатканда эле алган карыздарым эске келип, алардан кутулуунун жолун издеп калам. Майда-чүйдө болсо да карызым калып калса кийинки жылы карыздан башым чыкпачудай сезилип, тез кутулууга аракет кылам. Андан сырткары келген жыл аруулукту, тазалыкты алып келсин деген ниетте үйүмдө кир калтырбай жууп-тазалап, иретке келтирем.

 

Кенже Дүйшеева: “Жыл жаңырарда идиштердин топтомун сатып алам”

– Менин Жаңы жылдык биринчи жылдагы дасторконум экинчи жылкыга окшошпойт. Жадагалса идиш-аяктарга чейин жаңылап коюп, дасторкондун көркүн ачканды салт кылып алгам. Былтыр сары түстөгү идиштердин топтомун алсам, быйыл ак түстөгүсүн карап койдум.

 

Тотомидин Жолдошев: “Алты саат мончого түшөм”

– Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, 31-декабрды келинчегим жана балдарыма арнайм. Келинчегим эки кызымды, мен эки уулумду алып түшкү 12ден баштап кечки алтыга чейин мончого түшүп келүү салтыбыз бар. Мончодон чыгып алып үйгө барып чогуу-чаран дасторкон даярдап, жыл жаңырар саатты күтөбүз

 

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы