Шампанды кантип туура ачуу керек?

Шампанды алгач 30 мүнөт муз салынган сууга же 3 саат муздаткычка салып муздатып алыңыз

Бөтөлкөнү  чайкабаңыз

Сыртындагы жылтырак кагазын тыкандык менен алып саласыз. Ал эми металл торчосун бурап чечип жатканыңызда экинчи колуңуз менен капкагын басып туруңуз

Капкагын баскан калыбыңызда бөтөлкөнү 45 градуска жантайтыңыз

Капкак күтүлбөгөн жерден атып кетпеш үчүн аны бир колуңуз менен катуу кармап туруп, экинчи колуңуз менен бөтөлкөнү ары-бери акырын айлантыңыз (капкакты эмес!)

Капкак жогоруну көздөй жыла баштаганда газын чыгарып, бөтөлкөнү коопсуз жакка карата багыттаңыз

 

Шампан чөйчөктүн үчтөн эки бөлүгүнө куюлат.

Бир чөйчөктөгү шампан үч тостко жетет. Аны бир ичкенде түбүнө чейин ичүү туура эмес. Анча чоң эмес ууртамдан бөлүп-бөлүп ичүү талапка ылайык.

Шампандын артынан “закүскө” жеген туура эмес, тескерисинче, аны күчтүү спирт ичимдиктеринин артынан ичишет.

Шампан ичкенде уксус кошулган салат жебөө керек. Анткени уксус даамын бузат, башкача айтканда, шампандын даамы кычкылдай сезилет. Шампан канчалык таттуу болсо, аны коштогон жашылча-жемиштердин даамы да ошончолук таттуу болууга тийиш.

Шампан менен шоколадды аралаштыруу туура эмес. Булар таптакыр бири-бирине айкалышпаган азыктар.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА