Жаңы жылды ден соолукка зыян келтирбей тособуз

Жаңы жыл – эң көңүлдүү майрам. Бирок андан кийинки эс алуу күндөрү көп учурда ден соолуктун азабын тартабыз. Статистика боюнча, 31-декабрдан 10-январга чейин “Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны үч эсеге көбөйөт экен. Бул күндөрдөгү эң кеңири таралган кокустук – фейерверктерди туура эмес пайдалануудан келип чыккан күйүк, тамак-ашка уулануулар болуп эсептелинет. Мына ушундай жана башка жагымсыздыктардан алыс болуу үчүн Жаңы жыл түнү бул эрежелерди сактаңыз.

 

Жаңы жылдык дасторкондогу эң зыяндуу тамактар

Кекстер, пирожное, торттор жана башка таттуулар өтө зыяндуу: алардын курамында жогорку проценттеги май менен шекер бар.

 

Тарталеткалар. Көпчүлүктүн сүйүктүү тамагы болгон бул жеңил тамак майлуу камырдан жана майлуу начинкадан турат. Оңой желген кичинекей, даамдуу бул тамак бөйрөк менен өткө олуттуу зыян келтирет. Андан көрө тарталетканын ичине салынган ошол эле азыкты нандын бетине сүртүп бутерброд кылып коюңуз.

 

Колбаса. Колбасанын өзгөчө зыяндуусу – ышталганы. Майрамдык дасторконго колбасанын ордуна кайнатылган тил же майсыз эт коюңуз.

 

Салаттар. Салаттарга өзгөчө мамиле жасоо зарыл. “Шуба астындагы селёдкадан” кийин капуста жеп алсаңыз, ал диареянын себеби болуп калышы мүмкүн. Мындан башка да картошка, маринаддалган бадыраң, майонез кошулган бардык салаттар тез бузулат. Айрыкча жылуу бөлмөдөгү майрамдык столго коюлган мындай салаттар 6 сааттан ашык туруп калгандан кийин пайдалануу сунушталбайт. Ал эми жылуу бөлмөдө 10 саат турган бул салаттар “бомбага” айланат: ашказанды оорутуп, олуттуу ууланууга алып келет. Маринаддалган бадыраң менен майонездин айкалышуусу өзгөчө коркунучтуу болгондуктан бузулбаса деле ашказан оорулары барларда дискомфортту пайда кылат. Андыктан майонездин ордуна зайтун майын, майсыз каймакты, йогуртту пайдалануу сунуш кылынат.


 

Мандарин. Ашказанында кычкылдуулугу жогору болгондор, холецистит, энтерит, ашказан жарасы, колит, курч нефрит, гепатит сыяктуу оорулардан жабыр тарткан адамдар Жаңы жылдык дасторкондогу мандаринден баш тарткандары оң. Мандарин бөйрөктү, ичегинин былжырлуу челин жана ашказанды дүүлүктүрөт.

 

Майлуу эт. Майрамдык дасторконду майлуу эттерсиз элестете албайбыз. Бирок алар боорго, өткө жана ашказанга болуп көрбөгөндөй күч келтирерин элесибизге ала бербейбиз. Эгер ансыз болбойт десеңиз, гарнир катары жашылчалар менен кошо бериңиз.

 

Спирт ичимдиктери. Дээрлик бардык спирт ичимдиктери жогорку калориялуу болуп эсептелинет да, бири-бири менен айкалышпайт. Ансыз деле зыяндуу спирт ичимдиктерин газдалган суусундуктар менен аралаштыруу ден соолукка эки эсе зыян алып келет. Ошондой эле алардын градусун улам жогорулатып, кайра төмөндөтүп алмак-салмак пайдалануу да эртеси баш ооруга гана эмес, ооруканага да жеткирерин тажрыйбалар көрсөткөн.

 

Өзүңүзгө жардам берүүнүн рецепттери

Баш жазуу. Дасторконго отуруунун алдында активдешкен көмүр (10 кг салмакка – 1 таблетка) ичип алыңыз. Дасторкондон турган соң дагы 3 таблетка ичиңиз. Бул каражат алкоголдун уулуулугун азайтат. Майрамдын эртеси ооруган башты басуунун эң кеңири тараган жана натыйжалуу ыкмасы – туздалган бадыраңдын суусу. Мындан башка лимон же бал кошулган чай да жакшы.

Боорго жардам. Ашыкча тамак-аш – биздин боорубуз үчүн олуттуу сыноо. Ооруну басуу, чогулган ашыкча өт суюктугун чыгарууга жардам берүүчү каражат – жүгөрүнүн чачынын же ит мурундун кайнатмасы.

Уулануу. Ашказанды туздуу суу менен жууп, кусуңуз. Уунун сиңишин жайлатуу үчүн крахмал, сүт, кисель ичүү зарыл. Дене табыңыз тынымсыз жогорулап, көздүн көрүшү начарлап, кусуу, баш оору болсо тезинен “Тез жардамды” чакырыңыз.

 

Майрамдык эрежелер

1. Дасторконго ач карын отурууга болбойт. Көпчүлүк ашказандан кечки даамдуу тамак-аштарга орун бошотуш керек деп жаңылыш ойлоп атайын ачка жүрүшөт. Кожойкелер болсо 31-декабрь күнү эртеден кечке үйүн жыйнап, конок тосконго дарданып ашканада жүрүп шам-шум эткенге убактылары болбойт. Анан ошол бойдон дасторконго отуруп, шашып тамактанганыңыз аз келгенсип спирт ичимдигин пайдалансаңыз, организмиңиз алсызданып, алгачкы жарым саатта эле нормадан көп тамак жеп алган болосуз. Андыктан күн ичинде бир аз тамактанып алганга убакыт табыңыз. Протеинге бай азыктардан: сыр, тоок эти, жаңгактардан жесеңиз, алар сизди ток кармайт.

2. Шампан атаандаштарын жактырбайт. Андыктан аны башка спирт ичимдиктери менен аралаштырууга болбойт. Андан көрө же мунусунан, же тигинисинен баш тартыңыз.

3. Көп суу ичиңиз. Бул организмге суу жетишсиз болуп калышынын алдын алат, кандагы алкоголдун деңгээлин азайтат, токсиндердин чыгуусуна жардам берет. Суу газдалган эмес, жөнөкөй болууга тийиш.

4. Спирт ичимдиктери менен газдалган суусундуктарды аралаштырбаңыз. Болбосо газдалган суусундуктар алкоголдун канга батыраак сиңишине шарт түзүп берет, бул болсо тез мас болуп калышыңызга жеткирет.

5. Кургак ак шарап ашказан астындагы без үчүн өтө зыяндуу.

6. Организмиңизди акырындап даярдаңыз. Эгерде сиз көптөн бери спирт ичимдиктерин иче элек болсоңуз, бирок Жаңы жыл түнү ичериңизди билсеңиз, анда организмиңизди ошого чейин даярдаңыз. Майрамга бир нече күн калганда тамактан кийин 50 граммдан алып туруңуз. Мындай ыкма боорду олуттуу сынакка даярдайт.


7. Тамак сиңирүүгө жардам берүү. Майрамдык дасторконго сөзсүз түрдө тамак сиңирүүнү жакшыртуучу азыктар коюлушу зарыл. Алар: кычкыл компоттор, кычкыл жемиштер, лимон, маринаддалган помидор жана бадыраң, туздалган капуста.

8. Таттуу жемиштердин кереги жок! Атүгүл десерт үчүн да дасторконго койбой эле койгонуңуз оң. Анткени алар майлуу жана эттүү тамактар менен кошулганда ичти көптүрүп, газды пайда кылат.

9. Ашыкча тоюп албаңыз. Тамакты чеги менен колдонуу майрамдык эрежелердин негизгиси. Түн узун, дасторкондогу тамактын баарын бир жеп алганга ашыкпаңыз. Андан көрө аз-аздан, бирок тез-тез жеп турганыңыз жакшы.


 

Айназик РАИМКУЛОВА