Тосулбай калган Жаңы жыл

Кылымдардан бери келе жаткан Жаңы жыл майрамын кубанып күтүп, үйүбүздө дасторкон жайып, жакшы каалоо-тилек айтып тосуп келебиз. Бирок ошол күнү да кайсы бир жагдайлардан улам Жаңы жылды тосо албай калган учурлар болот. Белгилүү инсандар тосулбай калган Жаңы жылдары тууралуу айтып беришти.

 

Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: «Саат он экиде араң Кыргызстандын чек арасына кирдик»

– 1993-жылдары бизнес менен алек болуп жүргөн учурумда өнөктөштөрүм менен Жаңы жылдын алдында Казакстанга барып калдык. Ал жактан иштерди бүтүрүп: “Саат 12ге Кыргызстанга жетип, үйлөрүбүзгө кирип барып калабыз”, - деп жолго чыктык. Тилекке каршы, саат он экиде зорго Кыргызстандын чек арасына кирдик. Анан жолго алып алган азык-түлүктөрүбүздөн ортого коюп, жакшы тилектерди айтымыш этип талаада эле ырымын кылып койгонбуз. Үйгө келсем үй-бүлөм күтүп олтурушкан экен, алар менен Жаңы жылды тосо албай калганыма, албетте, ичим ачышкан.

 

 

 

Тамара Жаманбаева, КРнын Эл артисти: «Жыйырма жыл Жаңы жылды үйдөн тоскон жокмун»

– Мен он алты жашымдан Коомдук телеканалда иштей баштадым, ошондон баштап жыйырма жыл Жаңы жылды үйдөн тоскон жокмун. Анткени ал учурда программаларды алдын ала жаздырып коюу деген жок эле, Жаңы жыл түнү саат 12де түз эфир болуп, биз эфирге чыкчубуз. Шампан кармап кыргыз жана орус тилдеринде элди куттуктап, артынан концерт берчүбүз. Жумуш бүткөндө атайын унаа жеткирет деген да жок, эфирден чыгып эптеп үйгө жеткенче түнкү саат эки болот. Келсем күйөөм, балдарым Жаңы жылды тосушуп, уктап калышат. Алар менин жумушума туура түшүнүшчү. 1977-жылдан баштап үй-бүлөм, бала-бакырам менен болуп калдым, Жаңы жылды үй-бүлө менен тоскон бакыт экен.

 

 

 

 

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты: «Жаңы жылды тоспой калгангабы, 2017-жыл мен үчүн абдан кыйын болду»

– 2017-жыл кирип келе жаткан Жаңы жылым тосулбай калган. Дал ошол күнү достордукуна конокко бардык. “Саат 12ге 40 мүнөт калганда чыгып, үйлөрүбүзгө жетишип калалы”, - деп сүйлөшүп жатканбыз. Убакыттын өткөнү билинбей, кетели деп эшикке чыксак салюттар атыла баштаптыр. Көрсө, сааттын жебеси 12ге жакындап калган экен. Машинеге олтуруп эле үйгө жөнөдүк, бирок саат дал 12 болгондо көчөдө калдык. Жаңы жылды үйдө дасторкондун четинде жайбаракат отуруп жакшы маанай менен тосуш керек деген сөздөр чынбы деп калдым. Дасторкон деген насип, ырыскы, кут да, а биз дасторкон жок көчөдө калдык. Ошондон уламбы деп калам, 2017-жыл мен үчүн абдан кыйын болду. 17-февралда мага кылмыш иши козголгон, 19-декабрда өкүм чыкты. Бир жыл бою душманыма да каалабай турган тозокту көрсөтүштү.

 

 

 

Сыймык Бейшекеев, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «Саат 12ни күтпөй эле уктап калып канчалаган Жаңы жылдар тосулбай калды»

– Бала кезде мектептен Жаңы жылдык балаты өткөндөн кийин эле бүттү деп ойлочу экенбиз. 31-декабрь күндөрү саат 12ни күтпөй эле уктап калып канчалаган Жаңы жылдар тосулбай калды. Студент болуп шаарга келгенден кийин гана 12ге чейин уктабай Жаңы жылды тосуш керек деген түшүнүк пайда болду. Ошол студент кездердин бир жылында ортодон тыйын чыгарып, азык-түлүктү жыйып алып бир баланын үйүнө бир топ балдар-кыздар Жаңы жылды тоскону бардык. Барсак үйүнүн ачкычы коюп кеткен жеринде жок, тууганы келип алып кетип калыптыр. Баарыбыз ачкычты алып келишин күтүп эшикте олтурабыз. Түн бир маалда, саат ондорго жакын ачкычты алып кеткен тууганы келип калды. Бирок өзү да кетпей үйгө олтуруп алгандыктан, биз ойлогондой шаан-шөкөт кыла албай, чала-бучук чай ичип эле чыгып кеттик. Бир курсташыбыз сабактан сырткары өрт өчүрүүчү кызматта иштечү, андан чыгып ошонун жумушуна бардык. Ал бизди картошка кууруп берип коноктоду. Кетели десек автобус токтоп калган, жата турган деле орун жок экен, олтуруп эптеп таң атырганбыз. Ошол жылы Жаңы жылыбыз тосулбай калганы азыркыга чейин эсимден кетпейт.

 

 

 

 

 

Аида Исмаилова, ЖКнын депутаты: «Атам каза болуп атса мен кантип күлүп- жайнап Жаңы жыл тосмок элем»

– 2014-жылдын жаз айларында атам күтүүсүздөн каза болуп калды. Атама абдан жакын элем, менин идеалым болчу. Мен атам менен гана кеңешчүмүн. Андыктан күйүт тартып жыл бою маанайым жок жүрдүм. Ошол жылы Жаңы жылды да тоскум келген жок. Атам каза болуп атса мен кантип күлүп-жайнап Жаңы жыл тосмок элем. Үйдөгүлөр да менин оюма кошулушту. Элдер Жаңы жыл тоскондо жыргашат го, биз дасторкон жайып атамды эскерүү кылдык. Андыктан 2015-жылга кире турган Жаңы жыл тосулбай калган десем болот.

 

 

 

 

 

Динара Акулова, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Биз үйгө келгенче түнкү саат 2 болуп кетти»

– Биз, ырчылар 31-декабрь күнү жыл сайын түшкү саат 12де, анан кечки саат 22де борбордук аянтта элди куттуктап өтө турган концертте болобуз. Мындан төрт жыл мурун ошол концерттен аябай кеч бошодук. Балдарымды, неберелеримди автоунаама салып алгам, баарыбыз шашкан боюнча үйгө кетип атабыз. Жолдун баары тыгын экен, же жетпейбиз... Ошол жылы Жаңы жылды тосо албай жолдо калып калганбыз. Дагы жакшы, машинемде таттуулар, шампан бар экен, аларды алып чыгып жеп, ичип атып үйгө жеткенбиз. Үйгө келсек саат 2 болуп кетиптир. Негизи мен Жаңы жыл тосууга деле көп кызыкпайм, балдарым, неберелерим үчүн балаты коюп, дасторкон даярдап коём.

 

 

 

 

Кубаныч Ажыбаев, ырчы: «Эшикке чыгып автоунаама олтурсам от албайт»

– Мындан 3 жыл мурун Жаңы жылды ата-энемдер менен тосуп келмекчи болуп айылга бардык. 31-декабрь күнү дасторкон даярдап олтурсак, дос балам чакырып калды. Анын көңүлүн калтыра албай үйдөгүлөргө: “Саат 12ге чейин келип калам”, - деп кеттим. Жакшы олтуруп, 12ге аз калганда кетейин деп эшикке чыгып машинеме олтурсам от албайт. Аны оңдойм деп атып бир буроосун сындырып алдым. Сааттын жебеси жылып атат, маанайым жок. Анан үйдү көздөй жөө чуркадым. Жолдо чуркап келе жатканда элдин баары Жаңы жыл тосуп жардыргычтарды аттырып жатышты. Мен үйгө 12ден өтүп келдим. Келсем баары мени күтүп атышкан экен, баарыбыз жардыргычтарды алып эшикке чыктык. Жардыргычты туура эмес коюп аттырган экем, ал келип бутума тийип, дагы бири барып бир кошунанын атына тийип, айтор, ошол жылкы майрамды ызы-чуу менен маанайым жок тосуп калгам.

 

Динара ЧОКОЕВА