Баланы сүттөн чыгаруунун жолдору

Эне баласын эмчек сүтү менен азыктандыруу менен ага өзүнүн чексиз сүйүүсүн тартуулайт, иммунитетин бекемдейт, эне-бала ортосундагы тыгыз байланышты жана баланын акыл-эсинин туура калыптанышын камсыздайт. Бирок эртеби, кечпи баланы сүттөн чыгаруучу учур келет. Ошондо ар бир энеде «баламды кантип эмчектен чыгарам?» деген суроо туулат.

Баланы сүттөн чыгарууну төмөнкү жолдор менен ишке ашырууга болот:

– эски ыкма

– дары-дармек менен ишке ашуучу ыкма

– жумшак же табигый ыкма

Эски ыкма менен сүттөн чыгаруу

Азыр көпчүлүк энелер бул эски ыкманы колдонушат. Башкача айтканда, кадимкидей эмизип жүргөн күндөрүнүн биринде эле баласын бир нече күнгө чоң энесине, таенесине же дагы башка туугандарынын бирине берип коёт. Тез ишке ашуучу бул ыкма жөнөкөй болгону менен бала үчүн да, эне үчүн да психикага доо кетирүүчү оор ыкма. Айрыкча бала үчүн эки эсе оор болуп эсептелинет – жанында сүйүктүү «мамагы» да жок, мээримдүү апасы да жок. А энени болсо бул учурда баласына сарсанаа болуу сезими менен кошо эмчегинин сүткө толуп оорушу, атүгүл дене табынын көтөрүлүшү түйшөлтөт. Бул ыкма эмчектин сүт бездерин сезгентип, мастит оорусуна чейин жеткириши мүмкүн.

Эски ыкмалардын дагы бири – эмчекке зелёнка, горчица же калемпир сүйкөө. Бул ыкмаларды да бала өтө оор кабыл алат. Төрөлгөн күндөн баштап эң ишенимдүү жана ажырагыс буюму – апасынын көкүрөгүнүн мындай «мамилеси» баланын психологиясына терс таасир этет.

Дары-дармектин жардамы менен сүттөн чыгаруу

Бул ыкманы адатта доктурлар сунушташат. Бул үчүн алар сүт иштеп чыгуучу гормондордун жөндөмдүүлүгүн басаңдатуучу дары жазып беришет. Мындай дарылардын бири - достинекс. Бирок мындай дармектердин организмди гормоналдык бузулууга дуушар кылып, көңүл айлантып, баш оорутуп, баш айлантып, уйкуну бузуучу терс касиеттерин да эске алып коюу керек.

Жумшак жана табигый ыкма менен сүттөн чыгаруу

Бул ыкма жарым жыл, балким андан да көп убакытты талап кылуучу процесс. Баланы табигый ыкма менен сүттөн чыгаруу үчүн төмөнкүдөй жолдорду басып өтүү керек:

1. Аз-аздан баланы күндүзгү эмүүсүнөн алыстатуу. Күндүзү баланы кайра-кайра эмизе берүүнүн ордуна ойнотуп, сейилдетип, көбүрөөк сүйлөшүп алаксытуу керек.

2. Күндүзү уктар алдында эмүүсүнөн аз-аздан алыстатуу. Бул учурдагы эмизүүнү жомок айтып берүү, колго термелтип ырдап берүү менен алмаштырууга болот.

3. Эртең менен ойгонгондогу эмүүсүнөн аз-аздан алыстатуу. Ал үчүн баладан эрте туруп, эртең мененки тамагына ботко жасап коюуга болот.

4. Кечинде уктар алдындагы эмүүсүнөн аз-аздан алыстатуу. Кечки тамакта баланы жакшылап тойгузуп, жомок айтып берүү, колго термелтүүгө көндүрүү зарыл.

5. Аягында түнкү эмүүсүнөн алыстатуу. Муну баланы таптоо, түндөсү кучактап жатуу менен алмаштырууга болот.

Жогорудагы тепкичтердин ар бириндеги «аз-аздан» деген сөзгө маани бериңиз. Башкача айтканда, бала мурунку этапты толук бойдон өздөштүрмөйүнчө кийинки этапка өтүүнүн кажети жок. Тартипти бузбай эрежени сактоо менен баланы оңой эле эмчектен чыгарып коюуга болот. Жогорудагы ыкмаларга салыштырмалуу бул эң оптималдуу ыкма болуп эсептелет. Анткени апасы да жанында, «мамагы» да жанында…

Бирок бул учурда башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн да жардамы талап кылынат. Алар баланы ойнотуп, сейилдетүүгө жардам бергенде натыйжа тез байкалат. А эне болсо баланын табитин ойготпоо үчүн көкүрөгү туюк кийимдерди кийгени оң.

 

Айназик Раимкулова