Организмди тазалоо

Башаламан тамактануу адамдын организмине шлактарды толтуруп, организмди таштандылардын жыйындысына айландырат. А бул болсо адамды эрте картаюуга түртүп, оорулардын жаралышына себеп болот. Мындай жагымсыздыкка жол бербөө үчүн маал-маалы менен организмибизди тазалап турушубуз керек.

Организмди ар дайым таза алып жүрүү үчүн:

1. Таттуу, майлуу жана ундан жасалган азыктарды жебеш керек. Эч болбосо аз жегенге аракет кылуу керек;
2. Майлуу эмес эт жана балыкты жумасына бир жолу гана жегенге болот;
3. Өтө тоё тамактанып албоо керек;
4. Бир күндө 2-2,5 литрге чейин газдалбаган суу ичүү зарыл;
5. Жашылча-жемиштерди дайыма жей жүрүү талапка ылайык;
6. Ар дайым кыймылда болуу кажет.


Ичегилерди тазалоо

Организмди тазалоодо биринчи аракетти ичегини шлактардан тазалоо менен баштайбыз. Бул тазалоодон кийин көпчүлүгү бир нече килограмм салмактан арылат. Ошондой эле иммунитетиңиз көтөрүлүп, териңиздин абалы жакшырып, бат чарчоодон кутуласыз. Бирок, ичегини тазалоо жүрөк оорусу барларга, кан басымы жогору же төмөндөргө жана онкологиялык оорулууларга сунушталбайт. Ал эми айымдар айыз убагында жана кош бойлуу кезде ичегини тазалоого болбойт. 

 
Алма. 1-2 баштан алманы 5-6 маал жеп олтуруп бир күндө 2 килограммга чукул алма жешиңиз керек. Мындай тазалануу маалында кофе ичүүнү токтотуп, ордуна минералдык суу же чөп чай ичишиңиз керек. Айына бир жолу ичегилерди алма менен тазалап туруу натыйжалуу болот.
 

 

Шире. Бир күндө 2 литрге чейин жаңы жер-жемиштерден сыгылып алынган шире ичиңиз. Ширени өзүңүз каалаган жемиштен даярдасаңыз болот. Шире менен ичегини тазалоо күнү башка эч кандай азык жебешиңиз керек. Бул ыкманы бир айда бир гана жолу жасаңыз.

 

Бөйрөктөрдү тазалоо

Биздин бөйрөгүбүз фильтрлөөчү кызматты аткаруу менен организмдеги туздарды айдап чыгып, суюктукту тартипке салат. Мына ушул жөнгө салуучу аппаратыбызга шлак толуп калганда суюктук сыртка чыкпай, көздүн алды жана колу-бутуңуз шишип калат. Башыңыз ооруп, өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Сизде ушул белгилер байкалса анда тезинен бөйрөгүңүздү тазалооңуз керек.

Дарбыз жана кара нан. Тазалоонун бул түрүндө кара нан менен дарбыздан башка эч тамак желбеши керек. Күндүз кечке дарбыз жана кара нан менен гана тамактаныңыз. Мындай тазалануудан эки-үч күн өткөндөн кийин бөйрөктөгү майда кумдар жана таштар заара аркылуу бөлүнүп чыгып баштайт. Эгер бир жумада бул процессти байкабасаңыз, тазалоону дагы 2-3 жума кайталаңыз. Организмдеги кумдардын бөлүнүп жатканын өз көзүңүз менен көрүп ынангыңыз келсе, анда заараны атайын идишке ушатыңыз. 

Кан тамырларды тазалоо

Кан тамырды тазалоо менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот. Бул ыкма аркылуу организмди жашарта алабыз. Тамырлар тазаланган соң кан айлануу жакшы иштеп, ар бир клетка таза кан менен азыктанып, натыйжада терини, тырмактарды, чачты бекемдейт. 

Чай. Бир күн ичинде бир маал ысык чай ичпей коюуга мүмкүн эмес. А сиз ал чайды пайдалуу кылып ичиңиз. Ал үчүн чай демдеп жатканда ага малинанын, карагаттын жана ит мурундун кургатылган жалбырактарын кошуп демдеңиз. Ит мурундун мөмөсү жүрөктү жакшы иштетет, токсиндер менен шлакты айдап чыгып, организмдеги холестериндин деңгээлин азайтат. Ит мурундун жалбырагынын ордуна мөмөсүн колдонсоңуз да болот. 
 
 
Бал аралашмасы. Алгач сарымсактын 3 даана тишчеси менен 2 лимондун кабыгын эт тарткычтан өткөрүп майдалап алабыз. Буга 1 килограмм бал, 200 грамм зыгыр майын кошуп аралашма даярдайбыз. Даяр болгон массаны айнек идишке салып муздаткычка коюп коёбуз. Эми андан бир күндө үч жолу бир аш кашыктан тамактанарга жарым саат калганда жеш керек. Мындай аракет аркылуу сиз кан-тамырларыңызды тазалоо менен бирге жаштыгыңызды сактай аласыз. 
 

Боорду тазалоо 

Боорго шлак толуп калганда бетке безеткилер чыга баштайт. Боорду тазалоону ичегилерди тазалап бүткөндөн кийин баштасаңыз жакшы натыйжа берет. Мындай аракетте кан тамырлар жана өт да кошо тазаланат. Бул органды тазалоонун алдында эт, жумуртка жана сүт азыктарын рационуңуздан азайтып же алып салыңыз. Алардын ордуна жашылчалардан жасалган салат колдонсоңуз болот.

 

Жашылчалар. Бир күндө 2 килограммга чейин табитиңизге жакын жашылчаларды жеңиз. Бул күнү жашылчалардан башка тамактарды токтотуп коюңуз. Бир гана газдалбаган суу ичсеңиз болот. 

Салат. Салаттын курамын сабиз, түстүү капуста, болгар калемпири, редиска, жашыл алма, кызыл кызылча, бадыраң жана аш-көктөр түзөт. Бул жашылчалардын баарын туурап, оливка майы менен аралаштырып, татымына жараша туз кошосуз. Даяр болгон салатты ар эки саат сайын жеп, кадимки тамак катары кабыл алыңыз. Бул ыкманы ар эки күндө бир кайталасаңыз натыйжалуу болот. 

Оливка майы. Күнүңүздү бир аш кашык оливка майын ичүү менен баштаңыз. Майды эртең мененки тамактануудан жарым саат мурун ичиңиз. Мындай тазалануунун натыйжасын бир жумада эле байкасаңыз болот. Жүзүңүз жылмакай тартып, жумшарып калат. Оливка майы жок болсо ордуна зыгыр майын колдонсоңуз болот. Бул майды шаарыбыздын бардык дарыканаларынан таба аласыз. Бир ай май ичип, экинчи айда эс алып турсаңыз болот. Бул ыкма сиздин бооруңуздун жакшы иштешине жардам берет. 

Муундарды тазалоо 

Бутуңуздун бүгүлүшүн оорлоткон муундарыңыздын оорусунан арылгыңыз келсе, демек, муундарды тазалоо керек. Муундар тазаланганда организмдеги ашыкча туздар ээрийт. Туздардан арылуу менен өзүңүз каалаган саламаттыкка жетсеңиз болот. 

Лавржалбырагы. 5-6 грамм лавр жалбырагынын үстүнө 300 грамм кайнак суу куюп, жай отко 3-5 мүнөт кайнатасыз. Даяр болгон кайнатманы жалбырагы менен банкага куюп коёсуз. Тамактануу ортологон маалда ал кайнатмадан 50 граммдан ичип туруңуз. Бул ыкманы 3 күн катары менен жасаңыз. Ортодон бир жума эс алган соң дагы бир ирет кайталаңыз. Экинчи ирет кайталагандан кийин бул жолу бир ай эс алыңыз да, кайрадан кайталаңыз. Организмиңиздин тазалана баштаганын бир жумадан кийин байкасаңыз болот. Муундарыңыздын ооруганы басылат. 

Суу. Ар бир тамактын алдына 15 мүнөт калганда бир стакан газдалбаган суу ичүү керек. Бул ыкманы үй шартында дайыма аткарып турууга болот. Организмди шлактарга толтурбай ар дайым таза жүрсүн десеңиз анда суу ичүү ыкмасын үзгүлтүккө учуратпаңыз.

 


Даткайым Досматова