Төлөпбергенова Назгүл: "Кызым оорубаса, бакыт деген эмне экенин билбей жүрө берсем керек эле..."

Бул дүйнөдө эне үчүн баласынын "апа" деген сөзүн угуудан өткөн бакыт жок болсо керек. Кичинекей Айдина кулагы укпагынан улам сүйлөй да албай, апакесине андай бакыт тартуулай албай келет. Оор үшкүрүнгөн Назгүл "Кайсы күнөөм үчүн кызымдын кулагы укпай калды деген суроого жооп таба албай кыйналам" деп сөзүн баштады.

"Кызымдын кулагы укпай турганына такыр ишене алган жокмун"

- Айдина биздин тун кызыбыз, 2009-жылдын 10-октябрь күнү жарыкка келген. Кызым ден соолугу жайында төрөлгөн. Анан алты айга толгондо кулагынын жакшы укпаганын байкап калдым. Ооруканага алып барсам дарыгер "кызыңардын бир кулагы эле угуп, бири укпайт экен. Бири укканы деле жакшы, эми силер кызыңар бир жарым жашка чыкканга чейин байкагыла" деп бизди кетирип жиберген. Кызым бир жарым жашка чыкканга чейин сүйлөгөн жок, анан кайра алып барсам текшерип көрүшүп "кызыңдын эки кулагы тең укпайт экен" дешти. Аларга ишенбей башка поликлиникага барсам ал жердеги сурдолог да "эки кулагы тең укпайт" деген диагноз койду. Эки ооруканадан бирдей диагноз коюлса дагы кызымдын кулагы укпаганына такыр ишене алган жокмун. Анан бул жактагылар жаңылышып жүрүшпөсүн деген ой менен Казакстандагы "доктор Михайловдун клиникасы" деген клиникага алып бардык. Ал жердегилер "кулагында тыгын бар экен" деп алып чыгышып, бирок кайра эле "эки кулагы укпайт" деген диагнозго токтолушту. Бул кыйынчылыкты кабыл алуу мен үчүн өтө кыйын болду. Ал күндөрдүн азабын сөз менен айтып жеткире албайм. Мен үчүн жашоо токтоп, жер астын-үстүн болуп калгандай сезилди. Кызымдын тагдырын ойлоп көз жашым далай төгүлдү. Мага кызымдын бул тагдыры аз келгенсип, ар кимден "оорукчан кыз төрөп койду" деген сөздөрдү угуп жүрдүм. Бир гана жолдошум мени колдоп, ыйласам сооротуп, бардык кыйынчылыкты чогуу көтөрүп келе жатат. 

"Кызымдын кулагынын укпай калганы эмдөөдөн деп ойлойм"

- Айдина боюмда бар учурда такыр ооруган эмесмин. Кызым дагы ден соолугу чың эле төрөлүп, кадимкидей эле ыйлап, эки айында "агу-агу" деп үн салчу. Кийин эле үчүнчү эмдөөбүздү алганда кызымдын тамагы шишип кетти. Ошол боюнча тамагы ооруп, эки жылдай айыкпай кыйналып жүрдүк. Аны дарыгерлерге айтсам "андай болушу мүмкүн эмес" деп актанышат. Негизи эмдөөнү баланын ден соолугун жакшылап текшерип, невропатолог, кулак-мурун, көз дарыгери сайганга макулдук бергенде гана саюу керек го, а алар кызымды текшерүүдөн өткөртпөй эле сайып салышкан. Ошондуктан, мен азыр кызымдын кулагынын укпай калганы эмдөөдөн деп ойлойм. Анткени, ошондон кийин эле ага чейин оорубаган кызым тамагы шишип, дене табы көтөрүлүп абдан кыйналган эле. Мен ошол учурда дарыгерге кайрылсам "реакция болуп жатса керек" деп антибиотик дарыларды жазып берип койгон. Кызымдын тамагы ошол бойдон эки жылда зорго айыкса, кийин кулагы укпай калды. Дарыгерлер кызымдын кулагына "сумадем" деген аппарат коюу керек. Бирок, ал аппарат силерге баары бир жардам бербейт. Нервдерди коргоого гана жардам берет" деп айтышкан. Биз ал 35 миң сомдук аппаратты эки кулагына тең алып бергенбиз, тилекке каршы такыр пайдасы тийген жок. Айла кеткенде элден угуп табыптарга дагы алып бардык. Эч натыйжа болгон жок. 

 

"Эт жебей, кызыбыздын операциясына акча чогултуп жатабыз"

- 2012-жылы дарыгерлер "операция жолу менен кыздын кулагына имплантат коюу керек, азыр көптөгөн угуу мүмкүнчүлүгү жок балдар ошол аркылуу угуп жатышат. Силер канчалык эрте жасатсаңар ошончолук жакшы" деп айтышкан. Биз ал аппаратты коюу шарттарын тактаганыбызда баасы 25 миң евро турарын айтышкан. Ал аппаратты Польшада, Орусияда жана жакынкы өлкөлөрдөн Казакстанда коюшат экен. Биз Польшага же Санк-Петербургга баралы деп пландап жатабыз. Угушубузга караганда буга окшогон операцияга муктаж адамдар башка өлкөлөрдө мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, аппарат, операциясына кеткен чыгымды мамлекет төлөп берет экен. Бизде болсо мамлекет тарабынан көңүл бөлүү деген жок экен. Мен жардам сурап президенттен баштап, депутаттарга, такыр айла кеткенде борборубуздагы ири супер маркеттерге чейин кайрылдым. Тилекке каршы жооп болгон жок. Жолдошум чек ара кызматкери, анын жумушу тарабынан 190 миң сом жардам болду. Андан сырткары бизге көбүнчө карапайым калк, жакындарыбыз эле жардам берип келе жатат. Өзүбүз үч жылдан бери эт жебей жашасак дагы, болгон тапкан каражатыбызды тыйынына чейин сактап, кызыбыздын операциясына чогултуп жатабыз. Учурда 22 миң доллар чогулуп калды, дагы 15 миң доллар керек болууда. Биз кулагы укпай операция жасаткан балдарды көрдүк. Колунда бар ата-энелер үч жаштагы кызга убагында жасатышкан экен. Ал кыз операциядан кийин кадимкидей сүйлөп калыптыр. Ал эми кечигип, он жашында операция жасаткан бала жакшы сүйлөй албай калыптыр. Анткени, кулагы укканча тили катып калган экен. Ошондуктан, биз эртерээк жасатып алуу үчүн жан үрөп аракет кылып жатабыз. 

"Кызымдын кулагынын укпай калышы менин көзүмдү ачты"

- Айдина кулагы укпай, сүйлөй албаганы менен үн чыгарат. Жакында бала бакчага баргандан бери "апа" деген сөздү үйрөнүп келип, бизди кубандырып жатат. Кызымдын ушул гана кемчилиги болбосо, акылы жетик, баарын түшүнгөн зирек кыз. Алдыдагы бир жолку жасалчу операция кызымдын тагдырын өзгөрткөнү турат. Быйыл Кудай буюруп акча чогулуп, операция ийгиликтүү жасалып калса, кызым жети жашка чыкканча мектепке даярдайт элек. Угуп, кадимкидей сүйлөп калса, анын ар бир сөзү бизге элдин жакшылыгын унуттурбайт эле. Ушул учурга чейин бизге 100 сом болобу, 1000 сом болобу, акча берип жардам берген адамдардын бары көз алдымда. Буюрса, кызым айыгып кетсе, ошол адамдардын баарына жакшылыктарын кайтарганга аракет кылабыз. Адам баласы башына кыйынчылык түшмөйүнчө эч нерсени түшүнбөйт экен. Көпчүлүгүбүз байлык, бийлик, акча болсо бактылуу болобуз деп ойлойт экенбиз. Чынында бул дүйнөдө Жараткан алты саныңды аман кылып жараткандан ашкан бакыт жок экен. Айрым адамдар ошол бактысын сезбей, балдары көп сүйлөгөнү үчүн аны жемелешет. Алар биз сыяктуу баласынын үнүн угууга зар болгон жандар бар экенин билишпейт да. Мен кызымдын оозунан чыккан бир сөзүн угууга зармын. Бир жагынан кызымдын кулагы укпай калышы мага Жараткандын берген сыноосу деп ойлойм. Анткени, кызымдын кулагынын укпай калышы менин көзүмдү ачты, болбосо бул дүйнөдө жакшылык-жамандык, бакыт, кыйынчылык эмне экенин билбей жүрө берет белем деп ойлойм.

Урматтуу окурман, кичинекей Айдинанын кулагы угуп, сүйлөп калышына көмөкчү болуңуз.

ЗАО "Демир Кыргыз Интернешнл" Банк 
BIС 118005 SWIFT: DEMIKG22 
KGS 1180000039711202 - сом 
USD 1180000039711303 - доллар 
EUR 1180000039711404 - евро 
RUB 1180000039711202 - рубль 
Алуучу Айдинанын апасы Толопбергенова Назгул Толопбергеновна 
Байланыш телефону: 
0555 70 77 33

Динара Чокоева