Кыялдан тапкан бакыт

(Башталышы) 
- Апа, курткам жыртылып калыптыр.
- Сага чүпүрөк эмес, мен да түтпөйм го чамасы, жаңы эле албадык беле.
- Этиет эле кийгем…
- Этиет кийсең жыртылмак беле, келе тигип берейин.
Канайым уулунун курткасын тигип жатып, "ананайын ай, этиет кылсаң да бул кытайдын буюму түтмөк беле, ойноо бала сен эмес мен араң этиеттеп кийип жүрөм, сага да эл кийгенди алып берсем кана" деп ичинен тына кейип алды. Ырас, жалгыз уулун колунан келишинче элден кем кылбаганга аракет кылат, бирок жалгыздын иши жалгыз экен, бирине тапса бирине жетпейт бу акчаң түшкүр. Апасын күнөөкөр көз менен карап коюп, монтоюп турган уулуна курткасын кийгизип, экөө шашып чыгып кетишти. Күндө ушул, таң алда ненин жетишпөөсүнөн башталат да, анан жумуштан чарчап келсе да шашып тамак жасап, уулу экөө божурашып сүйлөшүп, күнүмдүк окуяларды айтуу менен түндү тосушат. Анан катар жатып алып түн бир оокумга чейин каалаганды алып, каалаганды жеген, кайда барса тоскоолдук жок жашоону, анан ошол жашоону алып келген, бүт өмүр жандай жүрчү жакшы адам тууралуу кыялданышат. Айрыкча уулу, тим эле анын кыялдары жомок. Баары заматта орундалат да калат.
- А-ай, уулум, кайдагы жомокту кыялданасың да, - дейт ууртунан жылмайып. Уулу караңгыда апасынын кыялдуу жылмайганын көрүп тургансып: 
- Сиз күлбөңүз, көрөсүз го баары болот, - дейт ишенимдүү.
- Болсун, болсун, уулум, - дейт да анан өзү да уулунун кыялдарына ишенип кетет. 
- Кой уктайлы, уулум, - дейт Канайым. Эне-бала бир топко өз кыялдары менен алышып уктабай жатат да, кантсе да бала эмеспи, биринчи уулу уйкуга кетет. Канайым көпкө түйшөлөт. Өмүр өтүп баратат, уулу жалгыз, таянары да, ишенери да өзү. Канчалык жакшы адамга жолугуудан үмүт үзүлсө да, жүрөк деген ишене берет тура жакшылыкка. Канча жолу көңүл сууду, ишеним сынды, дил кирдеп, жан-дүйнөсү жараланды, бирок ушу жүрөк деген ары жок байкуш үмүт үзбөй алда кандай аялуу сезимди, улуу сүйүүнү, баш айланткан бакытты күткөнү күткөн. Канайым бала кезден аялдык бакытты жандан башкача кыялданчу. Көп балалуу болсом дечү, бирок уулу жалгыз, өзү жалгыз... 
Түнү кеч жаткан Канайымды жан-алы калбай чырылдаган телефондун үнү ойготту. Шашып туруп саатты караса таңкы жети. "Капырай, таң атпай ким болуп кетти?"-деп чочуласа да, ойготкон адамга ыраазы болуп кетти.
- Алло, - деди уйкулуу үнү менен.
- Уйкуңузду буздумбу, кечирип коюңуз, Кыргыз радиосунан чалып жатабыз. - Тааныш диктор, ары акын жигит Мирзаттын үнүн уккан Канайым чын дилинен кубанып кетти. 
- Жок, баары жакшы, жайчылыкпы?
- Бүгүн саат он бирге эфирге келип кетсеңиз, бир саттык берүүгө конок болсоңуз дегем.
- Макул, барайын.
Бул диктор жигит бая күнкү жолугушууда буга чейин эки жолу чакырып, бирок Канайымды таппай калганын айткан эле. Канайым кечигип калбайын деп шашып барды. Негедир жүрөгү алда неге түпөйүл тарта, "жакшылыкка болсун" деп өзүн-өзү жоошутуп барды. Кире бериштен кара тору, көздөрү от чача балбылдаган, ушул берүүнүн редактору болгон Мирзат тосуп алды.
Алар студияга киришип, жайгашып отургандан кийин эле эфир башталып кетти. Ыр окулуп, окурмандар суроо берип жатты. 
-Кызым, бу сандалган сүйүүнү эле жаза бербей, маанилүүрөөк бирдеме жазсаңарчы, - деди тээ Нарындан бир аял. Үнүнө караганда же турмуштан көңүлү калган, же жолу болбогон жан го.
- Эже, сүйүүнүн да сандалганы болчу беле, андан маанилүү эмне бар дейсиз. Сүйүүсүз жашоо болбой калбайбы. Бала, тууган жер, ата-эне, жарыкчылык, айтор сүйчү нерсе көп го. Сиз сыягы айбандык кумарды сүйүү деп билген жандар тууралуу айтып жатасыз го. Эже, мен сүйүүсүз жашоону элестете албайм, - деди ызалана. Ар түрдүү адам, ар түрдүү суроо. Өздөрү мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да, ыр десе баарын унуткан, ыр менен жашаган жандар бар экен, ошолордун суроосу, каалоосу, айтылган тилек, пикирлери кубантты Канайымды. Негедир эфир сүйүү тууралуу суроо менен башталып, сүйүү тууралуу суроо менен аяктап баратты. Ар дайым Канайымды жеке турмуш тууралуу суроолор жүрөксүтөт. Бул жолу да "Жолдошуңуз ырларыңызга кандай карайт, бул кимге арналган дебейби?" деген көнүмүш, тажатма суроо берилди. 
- Жакшы эле, түшүнөт... - деп койду да, бул суроодон качканча шашты. Эфир бүтө жаздап калган кезде:
- Саламатсыңарбы? - деди коңур ун.
- Саламатчылык, сизди угуп жатабыз.
- Менин акын кызга суроом бар эле.
- Угуп жатам, агай, - деди Канайым. Негедир тээ дил түпкүрүнөн апкаарып алды.
- Ырыңыз абдан жакты, карындашым, ушул китептерди кайдан алсам болот? - деди токтоо. Канайым негедир:
- Телефон номеримди жазып алыңыз, анан мага чалыңыз, кол тамга менен берейин, - дей салды ойлонбой туруп.
- Макул, рахмат карындашым. 
Канайым ал эфир, андагы адамдар тууралуу унутуп баратканда баягы китеп сураган бейтааныш дагы чалды.
- Мен баягы радиодон китебиңди сураган Бакыт акеңмин, китепти алайын дегем, карындашым, - деди ал-жай сурашкандан кийин.
- Бүгүн жанымда жок эле, байке, эртең чалсаңыз ээ, китепти ала келем. Жумуштан эле алып алыңыз, - деп жумушунун дарегин айтты.
Эртеси түшкө жакын чалды да, сыртта күтүп турганын айтты. Улам редакцияга келип-кеткендерге алаксып, бир аз кечигип, шашып чыкты Канайым. Кең далылуу, узун бойлуу, орто жаштагы салабаттуу киши күтүп туруптур. Негедир көрүп эле экөө бири-бирин ушул го деп күмөнсүнбөй беттей басышты.
- Канайымсыңбы?
- Бакыт акесизби? - деди экөө тең жарыша. Анан тең жарышканына экөө тең күлүп жиберишти. 
- Жүр, карындашым, түштөнүү убактысы да болуп калды, бул жерден тамак ичели, - деди Бакыт каршысында турган кафеге кол жаңсай.
Экөө кафеде үч сааттай отурушту, бирок ушул үч саат эч билинген жок. Алар жаштык сезимдер, турмуштагы ойку-кайкы жолдор, өкүнүч, кубаныч, жетпеген сүйүү, айтылып-айтылбаган өкүт, таарынычтар, айтор, бардык темада сүйлөшүштү. Куду кайра жолукпай калчудай, тагыраак айтканда, алда кандай күчтүн алдында ыймандай сырын айтып күнөөсүн жууп, оордон жеңилдеп, жакшы- жамандан арылып жаткандай шашып баарын төгүп салышты. 
Алар кафеден чыкканда күн төбөдөн ооп калган экен.
- Мен жумушка кирейин эми, агай, жакшы сүйлөштүк, рахмат, - деди Канайым.
- Сага рахмат, карындашым, минтип китептүү эле эмес карындаштуу да болдум, кабарыңды билдирип тур, ээ? - деди кыйыла карап.
- Мейли, кабарлашып турам, агай, сиз да кабарлашып туруңуз.
- Мен го кабарлашам… - деди да кеп артын жутту. Негедир сөз үзүлүп, бирок коштошуп кетип да кала алышпай туруп калышты. 
- Уулумду сагынып жүрөм... - деди Канайым өзү менен өзү сүйлөшүп жаткансып. Уулун айылга алып барып бергенине эки айдай болуп калган эле. Батирден кыйналышып, келин Россияга барып үй алганга ылайык акчага иштеп келмек болуп, уулун айылга калтырган эле. 
- Уулуңа баргың келеби?
- Ооба… - деди ыйлап жибербейин деп кармана калп жылмайып.
- Жүрү, алып барып келем.
- Чын элеби?
Келин кубанып кетти да кайра, "акчам да жок эмеспи, айлыкка али көп бар" деген ойдон умсуна түшүп:
- Жок, бара албайм го, айлыкты жаңы алып короттук, - деди акырын.
- Мен алып кетем да, кайра самолётко салып коём, уулуңа бирдеме ал да кеттик, - деди чын дилинен. Канайым астейдил чакырууга азгырыла аптыгып кетти.
- Макул, Бакыт аке, эртең мен бир аз аванс алып камданып турам, - деди шашкалактай. Экөө дагы чогуу кубанышты негедир, бири уулун көрөм десе, бири жалгыз кетпей ырас болду деп өзүн алдады, а чынында бирге болуу, чогуу жол жүрүү экөөнү кубантып жатты. Коштошордо экөө эки тарапка басып , бирок алакандар саамга кыйыла ажырады. Муну экөө тең туйду, бирок туймаксан болушту.
Ошол түнү экөө тең уктабай чыкты. Эч кандай ойго, же бир мындай болот, эртең минтип сүйлөшөбүз деген жыйынтыкка такалбай эле тек гана бир таттуу кыял жетелеп, ошол кыялдан уйкусураган кишидей баш көтөрө албай талымсырашты. Канайым бир "тааныбаган жан менен барбай эле койсомбу" деген ойдо чалды да, кайра анын албай коюшун тиледи. Чын эле алган жок Бакыт. 
Эрте менен Канайым жумушка адаттагыдан эрте келди. Ал келери менен Бакыт;
- Жолго чыктыкпы, Канайым? - деп шаша чалды. Канайым бир аз акча алганы шефин күттү да, ал келери менен жолго чыгып кетишти. Жол узагы билинбей, Бакыт болсо алда кайда шашкандай учуп-күйүп айдап келатты. Канайым болсо Айым балык, ага шашып барган Орган кары тууралуу болумушту айтып баратты. Алар касиеттүү Ошко түн кирип-кирбей жетишти. Сулайман Тоо, касиеттүү Ош жаз жыттанып тосуп алды. Алар шаарга жамгырды, жазды алып келишти. 
- Канайым, үйгө эле жүр ээ, үйдү көрүп, таанышып анан жеткирип коём, - деди көзүн карап. Келин негедир ойлонбой макул болду. Заңгыраган эки кабат үйгө келип киришкенде Канайым негедир басына түштү. "Мага атайын ушундай үйүм бар дегени алып келген го" деди ичинен эмнеге экени өзүнө да белгисиз, мааниси жок ызага жеңдирип. Келиндин чөгө түшкөн маанайын Бакыт дароо байкады. "Эмне жакпай калды" деген кооптонуудан кабагы кирдей, экөө тең унчугушпай үйгө киришти. Биринчи кабаттын ваннасын суу чайып кетиптир, Бакыт дароо жүдөп-какап сууну сүрүп кирди.
- Мага бериңиз, Бакыт аке, - деди келин жигиттин колунан чүпүрөктү алып. Келин сууну тазалап киргенче Бакыт шам жагып, дасторконду жайнатып коюптур. Үстөлдөгү даамдар башаламан коюлуп, дасторкон копол жасалса да, чын дилден жайылган дасторкон келиндин жүрөгүнө түйүлө түшкөн ызаны жууп кетти. 
Чыгыштан таң сүрүлүп келатты. Алар дагы эле сөздөрү түгөнбөй сүйлөшүп, вино ичип отурушту.
- Биздин биринчи таң болсун, Канайым, майрамын менен, бүгүн 8-март! - деди бир аз кызый түшкөн Бакыт. Анан ал чөнтөгүнөн күмүш чынжырча сууруп чыкты.
- Канайым, сен мага радиодон үнүңдү укканда эле жактың. Жолдошуң тууралуу коомай, качып айтканда эле башың бош экенин сездим, анан меники болот дедим негедир сенден уруксаты жок. Мен гүл көтөрүп чуркачу, терезеңдин түбүндө ырдачу курактан өткөм. Ары чыныгы сезим менен алдамчы сезимдин айырмасын билип калган кезим. Сени чын дилимден, узак жылдар ичинде биринчи жолу жаш баладай сүйүп калдым. Сенден сурарым, кожойкеси жок үйгө кожойке бол. Колуңду сураганым ушул болсун. Бул чынжырга ушундай тилек менен бир тарабына сенин, бир тарабына менин атымдын баш тамгасын жазып алып келгем. Караңгы, ээн үйүмдүн жарыгы, кубанычы бол, мен сени бактылуу кылам. Көрсө, отуз үч жыл сени издептирмин, эми эч кайда кетирбеймин. Мен сени ала качып алдым, - деп мойнуна чынжырчаны такты. Канайым бул жомокко ишенип-ишенбесин билбей турду. Бакыт унчукпай келинди бооруна кыса, негедир экөө тең суукка кайыккан дарактай калтырап турушту.
Алар бүгүн биринчи таңын тосушту. 
(Аягы) 


Айжаркын Эргешова