ЭМНЕ ҮЧҮН БАЛДАРГА МАССАЖ ЖАСОО КЕРЕК?

Бир жашка чейинки ар бир балага массаж керек. Анткени, балаңыздын келечектеги ден соолугу дал ушул нерседен көз каранды. Массаждын кандай пайдалары бар? Аны ким жасашы керек? Кандай балдарга массаж жасоого болбойт? Бул суроолорго жооптор төмөндө.

Укалоонун пайдалары

– Балдардын май тамандуулугуна байланыштуу маселе массаждын жардамы менен чечилет;

– Массаж – дем алуу органдарынын ишин жакшыртат;

– Борбордук нерв системасынын ишин жөнгө салат;

– Иммунитетти көтөрөт;

– Баланын назик терисине оң таасирин тийгизет;

– Кан айланууну жакшыртат;

– Массаж алган бала жакшы уктайт.

 

Укалоодогу негизги эрежелер:

– Массажды бала эмгенден жарым сааттан кийин, ойгоо учурунда жасоо зарыл;

– Баланын маанайы жакшы болууга тийиш, чыргоолонуп, ыйлабашы керек;

– Массаж жасала турган бөлмө жакшы желдетилсин;

– Алгач жеңил сылап-сыйпоодон башталып, анан денени сүрүү, колу-бутун чойгулоого өтөт;

– Массаждын узактыгы алгач 10 мүнөттөн ашпасын. Анан аз-аздан көбөйтүп отуруу керек.

 

Массаж кимдерге өзгөчө зарыл?

 

1. Маалына жетпей же аз салмак менен төрөлгөн балдарга

2. Физикалык жактан өнүгүүсү артта калган балдарга

3. Оорудан кийин

4. Рахит менен ооруган балдарга

5. Семиздиктен жапа чеккен балдарга

  6. Нерв системасына байланышкан ар кандай оорулар менен ооруган балдарга

 

Энелердин эсине!

Ар бир балага энесинин назик эркелетүүсү, кучактоосу абдан жагат. Массаж жасоонун техникасын билбесеңиз, балаңызды жөн эле сылап-сыйпап туруудан тажабаңыз. Бул деле балага болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулап, атүгүл дарылык касиетке ээ болуп калышы мүмкүн. Ал эми массаж жасоодо боор, бөйрөк тушуна, жыныстык органдарына, тизе сөөктөрүнө тийишүүнүн кажети жок. Бул жайлар менен иштөөнү бул жааттагы адистер гана билишет. Негизи массажды балага тажрыйбалуу массажисттердин жасаганы жакшы.

 

Кимдерге массаж жасоого болбойт?

1. Ар кандай оорулар менен ооруп жатса же температурасы жогору болсо

2. Салмагы өтө эле аз балдарга

3. Тери оорусу бар болсо (диатез, ириң)

4. Рахит оорусу өтүшүп кеткен учурларда (баланын колун же бутун сындырып алуу кокунучу бар)

5. Тубаса жүрөк кемтиги бар балдарга

 
Токторова Анара, укалоочу: "Бала канчалык кичине болсо, аны укалоо ошончолук оор"

 

- Анара айым, балдар массажисти болуп иштеп келе жатканыңызга канча убакыттын жүзү болду?

- Мен адамдын жашына карабай баарын укалаган дарыгермин. Борборубуздагы №4-шаардык ооруканада он алты жыл укалоочу болуп иштеген болсом, анын акыркы сегиз жылында балдар ортопедия бөлүмүндө иштедим. Ал жактан сколиоз(омуртка тутумунун кыйшаюусу), шал оорусу, моюндун кыйшаюусу, май тамандык, ара төрөлгөн, анан нерв жактан ооруган балдарды укалап иштечүмүн. 

- Чоң кишилерге салыштырмалуу жаш баланы укалоонун кандай айырмасы бар?

- Айрым энелер "сылап эле койдуңуз, жеңил жасадыңыз..." деп нааразы болгондой түр көрсөтүшөт. Наристе баланын сөөгү ката элек болот. Эгерде аларды туура эмес же катуу укаласа баланын колу-бутун чыгарып же сындырып алуу коркунучу бар. Операциядан чыккан балдар дагы келет, аларды укалоо андан дагы кооптуу иш. 

- Демек, энелер үй шартында баланы укалоосу коркунучтуу экен да?

- Албетте, укалоонун техникасын толук үйрөнмөйүнчө баланы өз алдынча укалоого болбойт. Мисалы, аркасын укалайм деп жатып эне баланын омурткасын катуу басып алышы мүмкүн. Мен балдар массажы боюнча атайын китеп жазып жаткам, азыр китебим чыгууга толук даяр болуп калды, болгону демөөрчү чыгып калышын гана күтүп жаткан убагым. Ошол китебимдин ар бир энеге жардамы тиймек деп ойлойм. Анткени, китепте баланын денесин туура укалоонун жолдорун медициналык билими жок адамдарга жеткиликтүү кылып жазып чыккам. Ошондой эле укалоону каалаган энелерди бир айлык курска окутуп жүрөм. Эне баласын укалатууга акча коротуп жүрбөй, курска окуп үйрөнүп алып өзү каалагандай укалай берет. 

- Азыр баласын укалатуу боюнча энелердин активдүүлүгү канчалык?

- Учурда бизде сколиоз(омуртка тутумунун кыйшаюусу) болуп ооруган балдар көп. Анын себеби балдардын туура эмес олтурушунан, туура эмес жатканынан келип чыгат. Мисалы, азыр балдар партада түз олтурганды билишпейт. Үйдөн дагы уктаганда туура эмес жатышат. Өсүп келе жаткан баланын омуртка тутуму түз болуусу үчүн катуу жерге жатышы керек. Башына жапызыраак жаздык коюшу шарт. Биз балдарыбыз жумшак жерге жатса дейбиз, анткен менен жумшак жер баланын өсүшүнө терс таасирин тийгизип коёт. Ошондой эле баланын рационунда балык, сүт азыктары сөзсүз болуусу керек. Анткени, баланын организминде кальций аз болуп кеткенде дагы омуртка тутумдары кыйшая баштайт. Биздин энелерде оорунун алдын алуу деген жок. Баласы ооруп калып дарыгер укалатууга жибермейинче, же баланын оорусу өтүшүп кетмейинче өз алдынча укалатышпайт. Өздөрү билип деле келгендер бар, алар мурун оору башынан өтүп калгандар. Өткөндө бир эжени укалоо үчүн үйүнө барып, үч айлык кызынын моюндун кыйшаюсу менен ооруганын байкап калдым. Анан апасына айтып укаладым. Эртеси дагы барсам, чоң атасы "кызым укалоосу жок эле чоңоёт, ыйлатып жатасыңар" деп каршы болуп жатканын айтышты. Мен "кыз болуп туруп моюну кыйшык болуп калса болбойт да, мен силерди зордобойм. Кийин өзүңөр өкүнүп калышыңар ыктымал" деп айтып келе бердим. 

- Балдар укалап жаткан учурда ыйлай беришет го, бул нерсе ишиңизге тоскоолдук жаратабы?

- Балдар ак халатчандарды көргөндө эле ыйлап башташат эмеспи. Укалоо үчүн жаткырганда ийне саят деген ой менен андан бетер ыйлашат. Алардын ыйлаганы албетте, ишибизге тоскоол болот. Ошондуктан, балдарды укалоочулар аз, бала дегенде баары качышат. Ал ыйлап жатса, эмне болгонун билбей ойлонуп, сарсанаа болосуң. Чоң киши кайсы жери ооруп жатканын айтат, бала болсо айта албайт. Кыскасы, бала канчалык кичине болсо, аны укалоо ошончолук оор. Бирок, жумушум канчалык кыйын болсо дагы чыдап иштеп, сегиз жылдык тажрыйбамда балдарга кандай мамиле кылышты өздөштүрүп алгам. Алгач оюнчук же момпосуй берип, эркелетип, керек болсо аны менен ойноп, баланы өзүмө тартам. Андан кийин мага көнүп калып ыйлабай калат. 

- Бешикте көп жаткан балдардын денеси талып калат дешет, аларга укалоо көбүрөөк керекпи?

- Жок, тескерисинче бешикте көп жаткан балдардын омуртка тутумдары түз болуп өсөт. Азыр балдарга төрөт үйүнөн эле памперс, шым кийгизип чыгарып коюп жатышпайбы. Учурда балдардын жамбаш сөөгү чыгып кетиши көп болуп жатканынын бирден-бир себебин ушул нерседен көрөм. Мен бала жаңы төрөлгөндө мурдагы убактагыдай кылып эле катуу таңып койгон туура деп эсептейм.

 

Динара Чокоева