Күмөндөр Абылов, КРнын эл артисти, куудул: “Үнүм башкага эмес, өзүмө дагы жакпайт”

Куудулдар тууралуу кеп болгондо эл эсине биринчилерден болуп Күмөндөр Абыловдун элеси тартылып, коңур үнү угулат. Учурда буурул чачтуу чоң атага айланган супер куудулдун дагы да болсо чыгармачылык менен алпурушуп жүргөн маалы. Обончулук, куудулдук, актёрлук таланттарына жакында режиссёрлук жөндөмдү айкалыштырып, чыгармачылыгынын жаңы барагын ачып жаткан куудул бүгүн биздин коногубуз.

– Күмөндөр агай, чыгармачыл адамдын иш процессинде токтоо деген болбошу керек эмеспи. Бирок, сиздин жаңы сатираларыңызды эл күтүп калды окшойт?..

– Ооба, азыр ырасында эле куудулдугумда кичине тыным болуп калды. Бирок, чыгармачылыкта чын эле токтоо деген жок. Убакыттын тардыгынан бир жагын тартсам бир жагы тынып калып жатат. Кичинемден бери менде кыял болуп жашап келип, кийин союз тараган маалда кошо тарап кеткен кино тартсам деген тилегим ушул жашымда ишке ашты. Акыркы кездердеги көп убактым “Сүйүү жазы” деген аталыштагы киномо кетип калды. 13-март күнү киномдун бет ачарын ийгиликтүү өткөзүп алдым. Эми бул тармактан бир аз эс алганча куудулдуктун арабасын тартайын деп жатам. А обончулук деген болсо, сенин убактыңдын бар-жогуна карабайт экен. Бассам-турсам көңүлүмдө болуп, акырында бышып даяр болгон обондорумду жазып коюп жатам.

– А эмне үчүн керемет обондоруңузду өзүңүз аткарбайсыз?

– Чынымды айтсам менин үнүм башкага эмес, өзүмө дагы жакпайт. А ырдаш үчүн таза, кооз үн керек. Ошондуктан, обондорумду өзүм аткарбайм. Баары тең меники деп жанталаша берген деле жакшы эмес. Андан көрө жакшынакай обонду жакшынакай үнү барлар алып чыга беришсин.

– Обондуу чыгармаларыңыздын арасында “Сапарлашыма” деген ырыңыз элге абдан жакын. Сыр болбосо ырыңыздын каарманы тууралуу айтып берсеңиз?

– Нарын драма театрында иштеп жүргөн жылы Жамал Сейдакматованын иниси Бекин Сейдакматовдун “Ак чардактар ыйлашат” деген чыгармасын сахнага жаңылап алып чыгуунун алдында аталышын “Сапарлашым” деп алмаштырганбыз. Ал чыгарманын музыкасын мен жазган элем. Ага ылайык ыр керек болгондо ушул “Сапарлашыма” ырымдын сөзүн, обонун удаа жараткам. Башында ошентип спектаклдин жүрүшүндө ырдалып жүрүп, кийин элге алынып кетти. Ырда баяндалгандай менин самолёттогу сапарлашым болгон эмес.

– Чыгармачылык жолду тандооңузга ар тараптуу талантыңыз түрткү болсо керек?

– Чыгармачылык мен тандап алган жол эмес. Мен башынан эле чыгармачылыктын деми, таасири мене

н чоңойгом. Атам Мукул Абылов чоң комузчу болгон. Улуу комузчу, күүчүлөрдүн арасына таанымал, таасирдүү орду бар адам эле. Менин обончулук талантым дагы атамдан өткөн. Кичинекей кезимден ал адамдын таасиринде өскөндүктөн, бул жолду тандоо дегенди ойлонбой эле ушул жол менен кеткем.

– Күйөрмандарыңыз сизди куудулдардын “Ар бир айдын алтысы” долбоорунан азыркыга чейин күтүп келишет. А сиздин бул долбоорго катышпаганыңыздын кандай себеби бар?

– Долбоор башталарда куудулдар мага дагы кайрылышкан. Ар бир айдын алтысы сайын эл чогултуп, чоң концерт берүү оңой иш эмес. А менин эң негизги ишим актёрлук ,театрдагы ишим болгондуктан, ага убакыт таба алчудай эмесмин. 14 жылдан бери кыргыз драма театрында эмгектенип келе жатам. Эми деле эки жактын башын чарпыбай, алган билимимди пайдаланып, ушул жердеги эмгегимди жакшынакай уланта бергим келет. Анан бир айдын алтысында барып, бир айдын алтысында жок болуп кетип жүргөндөн көрө, биротоло эле катышпай коюуну туура таптым. Менин “Ар бир айдын алтысына” катышпаганымдын болгон себеби ушул.

– Тамадалык менен сиз дагы алексизби?

– Тамадалык менин кесибим деп айтуудан алысмын. Анткени, ар дайым ал нерсе менен алек болбойм. Айрым чыныгы күйөрмандарым жакшылыгын мен алып барып беришимди каалаганын билдирип кайрылышат. Алардын атайын мени издеп келген аракетин куру калтырбайм. Чын дилинен сурангандарга мен дагы чын дилимден кызмат кылып берем. Болбосо, “менин баам мынча, мен да тамадамын” деп ар жерге өзүмдү жарнамалабайм.

– Күмөндөр деген таланттуу адамдын Күмөндөр Абылов деген белгилүү инсанга айланышына жарынын жардамы чоң болгон болсо керек?

– Албетте, мен ал адам менен айламдын жоктугунан жашап келе жаткан жокмун. Баш кошкон күндөн бери менин чыгармачылыгымды колдоп, үйүмдүн жарыгын жандырып келе жатат. Бирге жашаганыбызга 30 жыл болду. Эки уул, эки кызды тарбияладык. Кичүү уулум менен эгиздерим турмуш куруп, үй-жайлуу болуп калышкан. Турмушка чыга элек улуу кызым эле калган. Кудайым буюрса, быйылкы жылы ал кызым дагы өз ордун тапканы турат. Жубайым Жамиля экөөбүз азыр беш неберелүү болуп, чоң ата, чоң энелик доордун ырахатын татып калдык.

– Эгиз балдарыңыз жарыкка келгендеги кубанычыңыз эки эсе болгон болсо керек?

– Оо, ал күндүн кубанычын эстегенде азыр дагы толкундануу пайда болот. Келинчегим бүгүн-эртең деп турган маалда мен бир айлык гастролго чыгып кеттим эле. Каракол шаарында концерт берип жаткан элек. Удаасы менен коюлуп жаткан концерттин үчүнчү күнүндө концерт аяктап, мен көшөгө артында олтурсам артисттер дүрбөп эле “баарыңар сахнага чыккыла” деп калды. Негизи буга чейинки концерттердин соңунда деле мындай номер жок болчу. Эч нерседен кабарым жок мен “чоңдордон бирөө-жарым сүйлөмөк болуп калган го” деп эл менен кошо чыгып туруп калдым. Эл да жарданып жаңылык күтүп калды. Анан алып баруучубуз элге сүйүнчү айтып “куудул жигитибиз эгиз перзенттүү болду” деди. Эл дүркүрөтө кол чаап, ышкырып, кыйкырып эле калышты. “Болгондо дагы бири уул, бири кыз” дегенди укканда толкунданганымды айтпа. Куттуктоолор айтылып, элдин гүлүнүн баары менин кучагыма жыйылды. Аягында мага сөз беришкенде кубанычтын ыйынан токтоно албай, эч сүйлөй албай койгом. Эгиздеримдин атын Набат жана Абаз деп атам койгон.

– Балдарыңызды тарбиялоодо эмнеге басым жасайсыз?

– Бала тарбиялоо эң чоң жоопкерчилик. Мен бул тууралуу бир баян айтып бергим келет. Бир адам дайыма 3 нан алчу экен. Анын ар күн сайын ашык да, кем да кылбай, 3 гана нан алганын байкаган наабайчы мунун себебин сурайт. Ошондо ал адам “бирин карызыма берем, бирин карызга берем, бирин өзүм жейм” деп жооп берген экен. Бул баяндын артында чоң философия бар. Азыр ар бирибиз балдарыбызды ушул тартип менен багып, ата-энебизге ушул баяндагыдай гана караганыбызда, азыркыдай ата-баланын ортосундагы башаламандыктар болмок эмес. Ашыкча мыйзам, карылар үчүн пенсияга көз карандылык дегендер да болмок эмес.

- Жашоодо сүрдүү адамдай туюласыз?

– Табиятымдан түнт, кепке сараң адаммын. А сахнада куудулдуктун талабына ылайык образ жаратып, бабырап сүйлөп калам. Анан эл мени сахнадагы образым менен кабыл алып, мындай тааныша келгенде мени керсейген, кырс адам деп ойлоп калышат. Аным үчүн таарынып да калгандар бар. Жакындардын, достордун арасында тамашакөймүн. А жеке жашоодо дайыма эле артист болуп жашагым келбейт.

 

 

Гүлайым Калыбекова