Күйүк: эмне кылуу керек?

Күйүк химиялык заттардан, ысык суудан, өрттөн жана электр шаймандарын колдонуудагы ар кандай кокустуктардан пайда болот. Ал төрт даражада болушу мүмкүн. Ар кандай күтүлбөстүктөн улам пайда болгон мындай оор абалга алгачкы жардам берүү эң маанилүү. Эмесе алгачкы жардамда эске алынуучу эрежелер менен тааныштырабыз.

1-даражада

Тери кызарат, шишимик тартып ооруйт. 1-даражадагы күйүк жеңил болгондуктан үй шартында дарылоого болот. 4-5 күндө айыгат.

Биринчи жардам

Эгер адам казандагы сууга же чоктун үстүнө кулап кеткен болсо, алгач этиеттик менен топчуларды чечип, кийимди чечип алуу керек. Теринин үстүңкү катмары да кошо сыйрылып кетпеши үчүн күйүк алган адамдын кийимин эч качан шыпырып чечип албаш керек. Топчу чечилбесе, кийимди этке жабышпаган жерлерден кайчы менен кесип акырын ажыратып алган оң. Кийим чечилгиче үстүнөн суулап ийсе да жакшы жардам берет. Кийим чечилгенден кийин күйүк тереңдеп, жакынкы таза клеткаларга доо кетирбеси үчүн күйгөн жерди муздак сууга салып же крандагы сууга 15-20 мүнөт тосуу зарыл.

Эмне кылганга болбойт?

Күйүк алган жерге каймакмай, заара, спирт, арак же одеколон сыяктууларды сүйкөбөш керек. Себеби бул аракеттер ооруну тескерисинче күчөтүп жиберет.

 

2-даражада

Күйүктө суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот. Мындай учурда дарылоо мекемелерине кайрылуу зарыл. 10-15 күндө тырыксыз айыгат.

Биринчи жардам

Дарыгер көргөнчө кургак, таза даки менен таңып же жаап коюу керек, бул үчүн атайын антисептикалык даяр эплан салфеткасын колдонуу зарыл.

Эмне кылганга болбойт?

Ыйлаакчаны жарууга жана кандайдыр бир май менен майлап, өз алдынча дарыланууга эч качан болбойт. Инфекция түшүп, андан ары дарылоону кыйындатат. Мындан тышкары күйүк алган жерге каздын майын сүйкөгөн болбойт. Каздын майын күйүктөн калган тырыкты жумшартууга гана пайдалануу керек.

 

3-даражада

Тери, булчуң жана тарамыштар күйүп жансыз болуп калат. Жыйынтыгында карттанат.

Биринчи жардам

Күйгөн жерди бинт же таза кездемени нымдап туруп жеңил таңып, ооруканага жеткирүү зарыл. Оорулууга ооруну басуучу дары (анальгин, пенталгин, кетонал ж.б.) ичирүү туура. Эгер адамдын көп жери күйсө, анда таза шейшепке чулгап, 1 литр сууга 1 аш кашык туз кошуп ичирүү керек.

Эмне кылганга болбойт?

Күйүктүн ордунда пайда болгон барсылдактарды жарбоо зарыл. Анткени ал жер ачык калып, түрдүү микробдор кирип ооруну күчөтөт.

Эскертүү:

Бул даражадагы күйүктө кийим күйгөн жерге жабышып калса, анда кийимди чечпөө керек. Анткени күйгөн жердеги терилер кийим менен кошо сыйрылып, тери алдындагы нервдерге, тарамыштарга ого бетер доо кетет.

 

4-даражада

Тери гана эмес, терең жаткан ткандар (булчуң, тарамыш, сөөктөр) жансызданат, ал тургай көмүргө айланат. Күйүктүн оордугу анын даражасына гана эмес, аянтына да жараша болот. Ошентип, чоң жана терең күйүк көпкө дарылоону талап кылат. Кээде канга инфекция кирип, сепсис болушу мүмкүн. Дарылануунун натыйжасында 5-6 айда барып айыгышы мүмкүн. Бирок так калып калат.

Биринчи жардам

Жабырлануучу ооруканага жеткиче ооруну сездирбей турган дары берип гана жардам кылбасаңыз, башка жардам көрсөтө албайсыз.

Эмне кылганга болбойт?

Эгер күйүк төртүнчү даражада жана терең күйгөн болсо, анда адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Катуу күйүк алган адамдын денесине кол тийгизип өз алдынча дарылоо майыптыкка, ал тургай өлүмгө алып келет.

 

                                      Күйүктү үй шартында дарылоо

Үй шартында 1-2-даражадагы күйүктөрдү гана дарылоого болот. Төмөндөгү ыкмаларды дарыгерлер менен кеңешкен соң аткаруу керек.

Картошка

Чийки картошканы аарчып, сүргүчтөн өткөргөн соң бинтке ороп күйгөн жерге компресс кылуу керек. Компресс ысып баштаганда жаңысына алмаштыруу зарыл. Картошканын ордуна сабиз же алманы колдонсоңуз да болот. Бул компресс ооруну басаңдатат.

 

Быштак

Күйүк алган учурда быштактан күйгөн жерге бир күндө 2-3 жолу компресс жасап туруңуз. Бул ыкма тез арада сакаюуга жардам берет.

 

Мумиё

3 грамм мумиени 200 миллиграмм сууга аралаштырып күйүк алган жериңизге сүйкөңүз. Бул ыкманы бир күндө бир эле жолу кылыңыз.

 

 

Даткайым Досматова