Залина КАСЫМОВА: “Кыл кыяк мени элге таанытып, жолдошум менен табыштырды”

Улуттук аспабыбыз болгон кыл кыякты күүгө келтирип элдин талабындай ойногон таланттар саналуу гана. Алардын бири - элине жүзү таанылып калган, чыгармачылыктагы чыйыр жолун татыктуу түзүп келе жаткан Залина Касымова аттуу таланттуу айым. Залинанын чыгармачылыгына, жеке жашоосуна, бараткан багытына кызыгып кепке тарттык.

– Залина, чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар, жаңылануулар болуп жатат?

– Жакында үч кыздан турган “Тумар” кыл кыякчылар тобун түздүк. Азыр ошону менен алектенип, келечекке чоң план коюп иштеп баштадык. “Тумар” тобундагы үч кыз тең кичинебизде бир мугалимден билим алганбыз. Бири-бирибиздин сырыбызды бала чагыбыздан бери жакшы билебиз. Бир жолу концертте жолугушуп сүйлөшүп отуруп келечекке болгон өз ойлорубузду айтып калдык. Үчөөбүздүн оюбуз бир жерден чыгып, эми ошол оюбуз ишке ашып жаткан чагы.

– Сейрек ойнолуучу аспапка болгон кызыгууң качан башталды эле?

– Кичинемде атам үйдө отуруп алып комуз чертип, аккордеон ойноп калчу. Ошондон улам таасирленсем керек. Негизи башында көпчүлүк адамдардай эле комузчу болом деген кыялым бар болчу. Качан ата-энем менин музыкага болгон шыгымды байкашып, М. Абдраев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыртканда, ошол жерден кыл кыякта окууну тандап алгам. Ал кезде 3-классты жаңы аяктаган болчумун. Ушул курагымдан баштап баш-отум менен кирип кыл кыякты окуй баштадым. Негизинен ойноо жеңил көрүнөт. Бирок бул комуз сыяктуу кылы басылып ойнолбогондуктан абдан татаал аспап. Ошондой эле бул аспаптан дагы көз каранды болот. Жакшы кыл кыяктын кылы күлүк аттыкынан же жоргонукунан болушу керек. Жөнөкөй аттын кылынан жасалган аспап менен күлүк аттын кылынан жасалган аспап асман менен жердей айырмаланып турат. Негизи бул аспап абдан татаал болгондуктан көп таланттар тандай беришпесе керек.

– Демек, чыгармачылык жолго багыт алышыңа ата-энең түрткү болушкан турбайбы?

– Ошондой десем болот. Биз окуган жерде кайсы аспап болбосун, мектептеги китеп сыяктуу окуу башталганда алып, кайра окуу жылы аяктаганда өткөрүп беребиз. А ата-энем мен окууга өткөндө мага кыл кыякты дароо сатып беришкен. Эсимде, ошондо мени ээрчитип алышып 700 сомго кыл кыяк сатып берип: “Ушул сенин келечегиң. Жакшы окуп, жакшы үйрөн”, - дешкен. Анда 700 сом чоң эле сумма болчу. Жашоомдо эсте калган эң чоң белек болуп калды. Кечээ жакында мүйүздөн жасалган, эч кимде жок аспапты 500 долларга сатып алып жатып, бир кездеги 700 сомдук эч нерсеге алмашкыс белегимди эстеп жылмайып алдым. Ата-энеме абдан ыраазы болом. Себеби төрт баласынын экөөсүнө медицина тармагынан билим алуусуна шарт түзүп беришсе, иним экөөбүздүн чыгармачылыгыбызды кош колдоп колдоп келишет. Жакында эле он үч жаштагы иним Түркия мамлекетиндеги 37 мамлекет беттешкен сынактан алтын медаль алып баарыбызды кубантты. Эми Азербайжан мамлекетине сынакка жөнөп жатат. Атам менен апамдын биздин эл адамы болушубузга болгон терең ишеничтерин актаганга болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

– Бул аспаптын тилин көпчүлүк түшүнө бербейт го. Тандап алганыңа өкүнгөн учурлар болду беле?

– Өкүнүү болгон эмес. Себеби кичинемден эле ичимде өзгөчө бир чоң идеяны бышырып, ошону ишке ашырууну максат кылып жүрдүм. Мектептеги агай-эжелерибиз бизге “жеңил музыкага көнбөгүлө” деп үйрөтчү. Бирок азыркы заманга ылайыкташтырып жеңил, заманбап ойноп жеткирбесең көпчүлүк татаал музыканы түшүнүшпөй укпай коюшу мүмкүн. Ар кандай кыйын ойлорду ойлоп жүрүп акыры ал ойду бышырып, биринчилерден болуп кыл кыякты шөкөттүү музыкалаштырдым. Менин бул идеям көпчүлүккө жакты окшойт. Азыр кээ бир жерлерде менин идеямдан жаралган шөкөттүү музыкага бийлеп калышканын көрүп кубанып калам. Ушул аспап мени элге таанытып, жолдошум менен табыштырды. Өкүнмөк турсун, тескерисинче кыл кыякчы болгонума сүйүнөм.

– Элге таанытканы туурасында айттың, эми жолдошуңа жолуктурган күндү айтып берсең?

– 11-классты аяктап жатканда тапшырган сынакта мени Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру бул аспапты ойногонумду жактырып дароо жумушка чакырган. Ошентип, окууну жаңы аяктаарым менен филармонияда иштеп калдым. Ал жылы Аскат филармониянын алдындагы студияга тапшырып окуп калыптыр. Бир жерде бирибиз окуп, бирибиз иштеп жүрүп таанышып, сүйлөшүп жүрүп, кийин Кудайдын буйругу менен баш кошуп калдык. Азыр Акзыйнат аттуу беш жаштагы кызыбыз жана тогуз айлык Аскар деген уулубуз бар. Биз менен жүрүп балдарыбыз музыкага абдан жакын. Анын үстүнө кичинесинен тартып комуздун, кыяктын күүлөрүн угузуп уктатам. Ошол себептенби, кызымдын музыканы берилип, талдап угуусу азыртан абдан күчтүү. Өзү кичинекей болсо да комуз, кыяк, темир комуз, жыгач ооз комуз, пианино сыяктуу аспаптардын ар биринин үнүн ажыратып таанып, айтып жана ар бири кантип чертилерин көрсөтүп бере алат.

– Чыгармачылыкта сын айтышып тил табыша албаган учурларыңар болобу?

 

– Чыгармачыл үй-бүлөлөр бири-бирине эң алгачкы сынчы да, эң алгачкы күйөрман да болуп калышат. Аскат кайсы чыгарманы ырдабасын, же мен кандай чыгарма ойнобоюн сөзсүз бири-бирибизге кеңешип, туура эмес кемчиликтерин айтып турабыз. Ал учурда туура түшүнүп кабыл алып, ал кемчиликти оңдогонго аракет кылабыз. Ал эле эмес, кызым да бизге сынчы жана чоң күйөрман. Кичинесинде атасынын ырын ырдап тили чыккан. Кийин концерттерге ээрчитип жаныбызга алып жүрдүк. Бир жолу Аскат сахнада ырдап жатса, сахнанын артында турган кызым секирип ойноп барып жанына туруп алыптыр. Ошондо залдагы элдин баары күлгөн. Ушундай кызыктуу күндөр менен иштеп келе жатабыз.

– Жакындан бери Аскат экөөңөрдү араздашып жүрөт деген кептер айтылып жатат. Мунун канчалык чындыгы бар?

– Аскат экөөбүз тең эл алдындагы адамдар болгонубуз үчүн ар кандай кептер айтылып келет. Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү жеке жашоосу болот. Ошол үчүн бул туурасында азыр эч нерсе деп айтпайм жана жеке жашоомдун жеке сыр бойдон калышын туура көрөм. Мени эл жеке жашоом менен эмес, чыгармаларым менен таанып билсе дейм.

 

 

Жаз-Айым Айдекова