БЕТТИ УКАЛОО: ПАЙДАСЫ ЖАНА ТҮРЛӨРҮ

Бетти укалоо – теринин картаюусу менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы. Бул адистердин иши. Албетте, массажды үй шартында деле жасоого болот, бирок, өз ишин мыкты билген бул жааттагы адис гана массаждын жасалуу жолдорун, беттин өзгөчөлүгүнө жараша ага кандай массаж керектигин билет.

 

Бетти укалоо эмне үчүн пайдалуу?

Массаждын жардамы менен беттин булчуңдарынын чарчоосу жазылат, бет өлгөн клеткаларынан арылат, теринин түпкүрүндөгү жана үстүңкү катмарындагы токсиндер сыртка чыгат. Туура жасалган массаж беттеги бырыштарды азайтат, шишикти кетирет, бет терисинин чарчоосун жазат жана ээктин астындагы «экинчи ээкти» жоготот. Анткени, массаж учурунда кан айлануу жакшырат, тери кычкылтекке каныгат, зат алмашуу калыбына келет. Бет жашарат жана тазарат. Ошондой эле бетке жасалган массаж стресске кабылган учурда адамдын психологиялык абалын да жеңилдетет.

 

Бетти укалоонун түрлөрү

Классикалык массаж беттин тонусун сактоо жана бетке сергектик берүү үчүн жасалат. Мындай массаждан кийин теринин «соолуганы» жоголуп, беттин булчуңдары бекемделет. Бырыштын пайда болуу ылдамдыгы жайлайт. Массаждын мындай түрүн бетти сылоо жана бет терисин тартуу менен ишке ашырышат.

Ырахаттандыруучу массаж жасаган косметологдун аракети бет терисинин чарчоосун жазууга, теринин үстүңкү катмарын тазалоого жана кан айланууну жакшыртууга багытталат.

Лимфа массажы лимфа кан тамырлары менен капиллярлардын ишин жакшыртат, теридеги ашыкча суюктукту алып чыгат, шишикти азайтат жана көздүн астындагы такты кетирет. Мындай массаж курамында пайдалуу заттары бар атайын майлардын жана башка каражаттардын жардамы менен ишке ашат.

Пластикалык массаж бет терисинин түсүн жакшыртууну жана майда бырыштарын жоготууну каалагандарга сунушталат. Мындай укалоо учурунда да кан айлануу күчөйт, зат алмашуу жакшырат.

Хиропластикалык массаж – массаждын жаңы түрү. Бул бир гана бетк эмес, колго (чыканакка кейин), моюнга жана көкүрөккө жасалат. Хиропластикалык укалоонун жардамы менен колдогу, беттеги, моюндагы бырыштардын түшүшү жайлап, адам өз курагынан алда канча жаш көрүнө алат.

Дарылоо массажы айрым бир оорулар учурунда сунушталат. Айрыкча безеткиде натыйжалуу. Эки манжанын: бармак менен сөөмөйдүн жардамы менен ишке ашкан бул массаж беттеги кара чейиттерди жана ар кандай тактарды да кетирет.

 

Замира Молдошева, : "Өзүн сыйлаган адам сөзсүз укалоо менен ден соолугуна кам көрөт"

Ооба, өзүн сыйлаган, ден соолугу жана сулуулугу үчүн атайын кам көргөн адамдар үчүн жакшы саамалык болду. Кыргыздын белгилүү стилист айымы Замира Молдошева замандаштарына укалоонун кереметин сездирүү максатында атайын укалоо боюнча өзгөчө кызмат көрсөтүүчү орун ачты. Бул саамалык тууралуу керектүү маалыматтар төмөндө.

- Замира эже, мындай укалоочу бөлүм ачуу идеясы кайдан табылды?

- Япон улутундагы кызматкерлердин колунан ишке ашуучу укалоо кызматы буга чейин "Хаят" мейманканасында ачылыптыр. Тааныштарым мени ошол жакка барып укалоо алып келүүмдү сунушташкан. Биринчи жолку катышууда эле мага укалоонун зарылдыгы сезилди. Кадимкидей сергип, жеңилдеп калууну байкай алдым. Ойлонсом, бул кызматты менин имидж борборума кошсом абдан эле туура келчүдөн экен. Ушундан жаралган идея менен бул ишке киришип, азыр элге кызмат көргөзүүнү кызуу баштадым. 

- Укалоону кимдер кылышат жана кандай түрлөрдү кылышат?

- Бул укалоо "Тошибана" деп аталат. Япондордун укалоосу десек болот. Ошондуктан, азыр биздин салондо эки япон кыз бул укалоо боюнча кызмат көргөзүп жатышат. А укалоо бетке жана бүт денеге жасалат.

- Укалоо кызматын көргөзүүчү жайлар арбын эле эмеспи. А бул укалоонун алардан айырмасы барбы?

- Албетте, бул жөн гана эс алуу үчүн жасалуучу укалоо эмес. Бул - жашартуучу укалоо. Себеби, укалоо адамдын терисинин ичине көбүрөөк таасир этет экен дагы, клеткалардын жаңыруусун шарттайт экен. Бул укалоону бир жолу сезген адам экинчи жолу сөзсүз келет. 

- А негизинен бир жолку толук укалоо алуу канча убакытка созулат?

- Эч кандай чек жок. Негизинен мүмкүн болсо бир жума ичинде эки жолу сөзсүз укалоого келүү ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Ушундай жооптуу мамиле менен укалоо алуудан жогоруда айткан ден соолукка пайдалуулугун толук сезүүгө болот. Өзүн сыйлаган адам сөзсүз укалоо менен ден соолугуна кам көрөт.

- Укалоонун баасы канча турат?

- Бир жолку укалоо 750 сом. Биз дем алышсыз жана түшкү тыныгуусуз тынымсыз иштейбиз. Каалаган адамдар эрте мененки саат 9дан кечки кечки 19га чейин каалаган маалында келе беришсе болот. 

- Кардарларды тейлөөгө эки кызматкер жетишип жатышабы?

- Жаңы гана ачылган болсок дагы кардарларыбыз күн санап өсүп жатат. Бул бөлүм ачылаары менен биз менен иштешкен япон улутунун өкүлдөрү аяпон тилин билген биздин кыздардан үчөөнү Японияга дал ушул укалоону үйрөнүп келүү үчүн окууга жөнөтүштү. Ал кыздар ал жактан бул укалоону толук үйрөнүп, атайын укалоо боюнча адис экендигин тактаган статус менен 3 айдан соң келип калышат. Буюрса, сапаттуу кызмат үчүн ал кыздарды ишке алуу планда бар. Кардарларга колумдан келишинче жетишип кызмат кылуу менин милдетим.

 

Гүлайым Калыбекова