Убакытты башкарбай, өзүбүздү башкарууга үйрөнөлү

Айрым миллионерлердин “мен убакытты туура пайдаландым, ошол үчүн аз убакыттын ичинде чоң-чоң ийгиликтерди багынттым”, “мен убакытка эмес, убакыт мага кул болду” дегендерин билебиз. Убакытты үнөмдөө менен бир канча ишти бүтүрүп, ошол эле учурда ийгилик жаратуу баарыбыздын кыялыбыз болсо керек. Бирок ишке ашыруу баарыбызга кыйын. Кыялыбызга жетүү үчүн бизге бир канча жөнөкөй эрежелерди аткарууга туура келет.

Мындай учурда убакытты жоготкон болосуз:

– Берилген тапшырманы акыркы мүнөткө калтыруу. Кээ бир адамдар берилген тапшырманы убагында аткарбай акыркы мүнөткө калтыра беришет. Мындай адамдар ишти акыркы мүнөттөргө калтырганда гана илхом келип жакшы иштерин айтышат. Бирок бул жакшы эмес. Аткарган иши туура эмес болуп калса анда ал кетирген катасын оңдоого мүмкүнчүлүк таба албай калат. Кошумчалай кетсек кийинкиге калган жумуштар эч убакта тез бүтпөйт, тескерисинче көп убакытты талап кылат. Андыктан көп энергияны талап кылган оор жумуштарды биринчи аткарыш керек.

– Учурда ар бир экинчи адамдын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Убакыттын көбүн мына ушул аалам төрдөгү досторуңуз жана алардын пайдасыз сөздөрү алат. Социалдык түйүндөрдө өз сүрөтүн койбой башка адамдын сүрөттөрү менен кирген адамдарга көңүл буруп, аны угуунун кереги жок. Андыктан мындайларга көңүл буруп убакыт бөлбөгөнүңүз жакшы.

– Убакытты жоготуунун дагы бир ­­түрү­ - ­бир ишти аягына чыкпай экинчи ишти баштоо. Экинчи ишти бүтүп, кайра биринчи таштап кеткен ишти аткаруу үчүн кайра башынан ага көнүп, ык алуу зарыл. Андык­тан бир ишти баштагандан кийин ал ишти аягына чыгып, андан соң экинчи ишти улантуу керек.

– Кол жетпеген максаттарга убакыт кетирүүнүн кереги жок. Алдыга койгон максаттарыңыз кыйынчылык менен жете турган болсо да чындыкка дал келсин. Асмандагы айды алат элем деп максат коюп, ал максатка жетүү үчүн убактыңыздын баарын текке кетирүүнүн кереги жок.

– Телефон чалууларды, алдыдагы аткарыла турган иштерди, керектүү маалыматтарды унутпайм, баары эсимде болот деп эс тутумга ишенбеш керек. Адам ашып кетсе 20 мүнөт эсинде сактайт да, андан кийин унутуп калат. Андыктан керектүү делген бардык маалыматтарды учурунда кагазга жазып көрүнүктүү жерге илип коюу керек. Мына ушул жөнөкөй иштерди адатка айлантканда гана ишти өз убагында аткарган болосуз.

Айымдар үчүн

Иштешкендериңиз менен тамактанууга чыкканда пайдасы тийбеген ушак сөздөрдөн же кинонун аягы эмне менен бүткөнүн сүйлөшүп олтуруудан качыңыз. Анын баарын сизге билүүнүн кереги барбы? Андан көрө алдыга койгон план боюнча кайсы ишти бүткөрүү керек болсо ошол ишке киришкениңиз оң.

Убактыңызды үнөмдүү пайдалануу үчүн иш графигиңизди төмөндөгүдөй кылып, бирок саат-сааты менен түзүңүз.

– Эрте мененки саат 6-8

– Түшкү тамактанууга чейин

– Түшкү тамактануудан кийин

– Түштөн кийин

– Кечке маал

– Жатаарга жакын

Бизнес-ледилер үчүн

Жогорудагы берилген иш графикти аткаруу кыйынга турса анда таблицаны төмөндөгүдөй кылып түзүңүз. Берилген иштин аты жана ага кеткен убакыт деп экиге бөлүңүз. Кайсы ишти канча убакыттын ичинде бүтүргөнүңүздү сааты жана мүнөтүнө чейин калтырбай жазыңыз. Бул ишти дайыма аткаруу менен жуманын аягында жыйынтык чыгарып, анализдеп туруңуз. Ойлонуңуз: кайсы ишти өз алдынча аткара аларыңызды, жумушта кайсы иштерди кол алдыңызда иштеп жаткандарга тапшыруу керек, ал эми үйдө жолдошуңуз кайсы ишти аткаруусу керек. Эми иштерди ошого жараша пландаңыз.

Үй кожейкелери үчүн

– Балаңызды таза абага алып чыкканча барып төлөмдөрдү төлөп койсоңуз болот.

– Дарыгерге барарда алдын ала жазылып, ал кел деген убакытка барсаңыз убактыңызды үнөмдөйсүз. Анын чакыруусу жок барып алып кечке кезек күткөнчө үйдү тазалап, балаңыздын кирлерин жууп алганга эмнеге болбосун.

– Күнүмдүк жашооңузга керек болчу самын, шампунь, кир кетирүүчү каражаттарды, даараткана кагазы сыяктуу керектүүлөрдү бир алганда эки айга жете тургандай кылып алып коюу зарыл.

– Үйдө болобу, жумушта болобу бир буюмду алганда аны кайра ордуна койгонду адатка айлантып алыңыз. Себеби жуманын аягында үй жыйнаарга келгенде баарын орду-ордуна коюштурууга бир топ убакыт кетип калат.

– Бир жакка бараар алдында ага чалып анан барыңыз же болбосо аны күтүп каласыз. Бул учурда убактыңыз текке кетет.

– Күнүгө жатар алдында же эрте менен эрте жок дегенде бир ирет чаң сүртүү же пол жуу сыяктуу үй жумуштарын аткара берсеңиз, үйдү тазалап жыйнаарга келгенде көп убакытты талап кылбайт.

-Телевизор көрүүгө келгенде “жок” деп айтыңыз. Ушунчалык эле көргүңүз келип жатса теледе көрсөткөн бардык программаларды катарынан көрө бербей жашоого керектүү, пайдалуу көрсөтүүлөрдү гана көрүүгө аракет кылыңыз.

-“Үйдөгү жумуштардын баарын аялзаты кылыш керек, бул менин милдетим” деп баарын өз мойнуңузга алып албаңыз. Жолдошуңузга жана балдарыңызга да бөлүштүрүңүз. Аларды башынан жумуш кылууга жана алган буюмдарын ордуна коюуга, бөлүнгөн жумуштарын аткарууга үйрөтсөңүз алар ошого көнөт. Натыйжада сиздин эс алууңузга убакыт табылат.

Убактыңызды уурдатпаңыз!

Ал үчүн убакыт уурдоочулардан сактануу керек. Алар ким деп кызыгып жатсаңыз:

– Жарым сааттан телефон аркылуу ушак айткан курбуларыңыз;

– Маанилүү, бирок пландалбай келген коноктор;

– Кесиптештериңиздин бир ишти аткарып койчу деп суранган суранычтары;

– Планга кирбеген жыйналыштар жана жолго кеткен убакыт.

Буларга “жок” деп айтканга үйрөнүңүз.

Коюлган пландарды убагында аткара билиңиз

Миллионерлердин, белгилүү ишмерлердин ийгиликке жетүүсүнүн бир сыры: алар биринчи жылдарды андан кийин айларды, аягында гана күндү пландайт. Андыктан сиз дагы ийгиликти багындырып, аз убакытта көп иш бүтүргүңүз келсе анда планды 5 жыл, жок дегенде 2 жыл алдыга коюңуз. Планды жөн эле коюп койбостон аны аткарууга аракет кылыңыз.

Даткайым Досматова