Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес.
Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64. 

Эркин

Туулган жылы: 1963-жыл 4-декабрь

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Баткен облусу Кадамжай району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Намаз окуган, ыймандуу, акылдуу, таза, жоопкерчиликтүү

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0553 69 64 03

– Аялым менен 12 жыл бирге жашагам. 2 балабыз бар. Бир жыл мурун аялым менен түшүнбөстүк болуп ажырашып кеттик. Себеби экөөбүздүн динге болгон мамилебиз келишпей калды. Мен беш маал намаз окуйм. А ал бул нерсеге каршы. Мени укпай арак ичип, намаз окуганыма жолтоо болот. Ушундай мамиледен улам келишпестиктер боло берип акыры ажырашып кетүүнү туура таптык. Балдарым анын колунда, бирок мени менен катышып турушат. Эми мага намаз окуган, биздин облустун келиндери керек. Жашы 40тын тегерегинде болсо жакшы болот. Кыз-эркек дебей мурунку никесинен тапкан балдарын багып алам. Мындан ары да балалуу болуп, бактылуу жашагым келет. Ыйман жолунда жүргөн, аялдык ордун билген айымдар чалыңыздар.

Ыйман

Туулган жылы: 1990-жыл 10-сентябрь

Кесиби: тракторист

Иштеген жери: базарда сатуучу болуп иштейт

Жердиги: Нарын облусу Ак-Талаа району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, акылдуу, түшүнүктүү, жөнөкөй, намаз окуган

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0702 93 15 58

– Мен ата-энемдин жалгыз уулумун. Бир гана эжем бар. Буга чейин турмуш курган эмесмин. Атам, апамдар “үйлөн, убактыңды өткөрбө. Небере көрөлү” деп жатышат. Алардын тилегин ишке ашыруучу убак келди деп ойлойм. Мага 22-23 жаштардагы нарындык, көлдүк ыймандуу кыздар керек. Жалгыз бала болгондон кийин ата-энем менен бирге жашайм. Ушуга макул болгон, аларды сыйлап ала турган кыздар чалыңыздар. Мурда турмуш кургандар убара болбогула.

Жазгүл

Туулган жылы: 1977-жыл 11-февраль

Кесиби: жок

Иштеген жери: бизнеси менен алек

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Түшүнүктүү, туруктуу, эмгекчил

Материалдык байлыгы: үйү, машинеси бар

Байланыш телефону: 0779 77 38 11

– Мен биринчи никем менен Казакстанда иштеп жүрүп табышкам. Ал мага болгон жакшы сезимдерин айтып жүрүп үйлөнгөнбүз. Бирок биздин жашообуз эч ынтымагы жок болду. Себеби ал ичкиликке жакын болуп кетти. Ичип келген сайын ар кимден кызганып чыр чыгарып, мага кол көтөрчү. Аял деп аяп, жумшак мамиле кылууну унутуп калгандай токмоктогондо эч нерсеге карабай калчу. Акыры анын таягына чыдабай кызымды алып кетип калгам. Андан бери 3 жыл өттү. Учурда кызым 6-класска келди. Өзүм чакан дүкөнүм менен бизнес кылып жашап келе жатам. Аял үчүн жалгыз жашоо кыйын эле экен. Кызым кичине кезде жаңы жашоо баштап, турмушумду жолго салып алайын деп жатам. Мага 40-45 жаштардагы кыргызстандык мырзалар чалыңыздар. Кайда жашасак да түшүнүшүп, ынтымакта жашасак болду. Мурунку никесинен бир гана баласы болуусу шарт. Чалыңыздар.

Айзада

Туулган жылы: 1989-жыл 13-ноябрь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: дүкөндө сатуучу болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Аксы району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, таза, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0773 27 36 17

– Мени студент кезимде практика өтөөгө барган жеримден ала качып кеткен. Баш аттаганга даабай отуруп калгам. Жолдошум экөөбүз эки кызга эне-ата болуп алты жылдан ашык бирге жашадык. Бирок анын аракка жакындыгынын айынан бул жылдар ый-чыр менен эле өтүп кетти. Баарынан жаманы кыздарым чоңоюп калса дагы мага кол көтөргөнүн калтырбай койду. Акыры андан ажырашып эле кутуларымды билип, кыздарымды медер кылып кетип калдым. Бирок, баары бир бала үчүн ата мээрими, ата тарбиясы керек экен. Ушул нерсени эске алып жаңы жашоо баштоого белсенип турам. Мага жакшы жар, кыздарыма камкор ата болуп бере алчу 27-29 жаштардагы мырзаны издейм. Жердиги кызыктырбайт. Мурунку никесинен баласы болсо энелик мээримимди берип багып ала алам.

Билалы

Туулган жылы: 1974-жыл 12-апрель

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: дыйканчылык менен алек

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ыймандуу, өзүн сыйлаган, акылдуу

Материалдык байлыгы: эки үйү бар

Байланыш телефону: 0777 84 66 49

 

– Жакшы тилек менен жактырып алган келинчегим менен 16 жыл бирге жашагам. Биздин жашообузда баары болгону менен балалуу боло албай койдук. Болгон аракетибиз текке кетип бала жытын жыттай албаган соң бири-бирибизди түшүнүү менен ажырашып кеттик. Ошону менен бир жарым жылдан бери жалгыз жашап жатам. Жакшылыктан үмүт үзбөй кайрадан жашоо баштайм. Албетте, мен үчүн балалуу болуу башкы максат. Андыктан бала төрөп бере ала турган айымдар чалыңыздар. Жердиги, жашы кызыктырбайт. Мурунку никесинен баласы болсо уул, кыз дебей багып алам. Баланы маселе кылып ойлонбой эле коюшса болот. Мага үй-бүлөлүк чыныгы бакытты тартуулай алчу айымдар чалыңыздар.